Android системинде иштеген смартфондордо акча, жеке маалыматтарды уурдаган Triada вирусу пайда болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, мындай вирусту хакерлер смартфон сатылганга чейин эле ага орнотуп коюшу же колдонуучу программаларды жаңылоо учурунда орнотулуп калышы мүмкүн. "Смартфон өндүргөн компаниялар программалык камсыздоо үчүн ар кайсы ишканаларга кайрылат. Алардын арасында программаны орнотуп жатканда эле вирусту чогуу кошуп койгондор болууда",- дешет Google компаниясынын адистери. Бирок сөз кайсы үлгүдөгү смартфондор тууралуу жүрүп жатканы ачык айтылган эмес.
Эл аралык банктардын, онлайн-дүкөндөрдүн жана PayPal, Western Union, eBay, Skype, WhatsApp тиркемелерин колдонгондор Triada вирустарынын курмандыгы болуп калышы мүмкүн.
Дамира Арстанова
koom@super.kg