ТОМАТ ШИРЕСИ ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛАТ

Туздалбаган томат ширесин ичүү жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат. Мындай жыйынтыкты Токио стоматологиялык университетинин окумуштуулары чыгарышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялашты.

Маалыматка таянсак, окумуштуулар 500дөй адамга атайын изилдөө жүргүзүшкөн. Катышуучулар бир жыл бою каалашынча туздалбаган томат ширесин ичишкен. Текшерүүдөн соң 94 кишинин жүрөгүнүн иштеши менен кан басымы нормага келгени аныкталган. Ал эми канында холестерин көп болгон 125 кишинин абалы жакшырган. Мындай жылыш эркектерде да, аялдарда да байкалган.

Окумуштуулар бул томат ширесинин адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдеген алгачкы илимий эмгек экенин белгилешүүдө.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
SerDastanKanjarson
2019-06-21 14:23:11
Негизи томатный сок жакшы.
0
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан