ЖЕМИШ ДАРАКТАРЫН ЗЫЯНКЕЧТЕРДЕН КОРГОО

“Жемиш дарактардын зыянкечтери жана алардын илдеттери бир топ. Зыянкечтери көбүнчө эрте жазда алардын жылбырактарына, жаш сабактарына, гүлүнө зыян келтирет. Илдеттери болсо күн жаанчыл болгондо, анан күн абдан ысыган кезде күчөйт. Зыянкечтери менен илдеттерине каршы дарылар бар” дейт Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бактын мөмө-жемиш лабораториясынын илимий кызматкери, агроном Нурлан Албанов.

ЗЫЯНКЕЧТЕРГЕ КАРШЫ ДАРЫЛОО

Багбандар сатып пайда табуу үчүн көбүнчө алма, алмурут, кокон гилас, кара өрүк жана өрүк тигишет. Учурда кокон гилас менен өрүк бышып жатат. Негизи зыянкечтерге каршы дары-дармектер мөмөлөрдүн бышарына бир жарым ай калды дегенде чачылбайт, токтотулат. Анткени дарылар мөмөгө сиңип калса, аны жеген адамдын организмине зыян келүүсү мүмкүн. Кокон гилас жана өрүктөрдү зыянкечтерден дарылоо мезгили өтүп кетти. Алдыда мөмөлөрү эми бышчу алма, кара өрүк, алмурут бар.

Зыянкечтери

Алма, алмурут. Булардын эң көп тараган жана залал келтирген зыянкечи – алма курту (плодожорка) же түнкү алма көпөлөгү (башкы сүрөттө). Алма курту алмурут, шабдалы, өрүк жана грек жаңгагына да зыян келтирет.

Түнкү алма көпөлөктөрү жазында алма, алмурут гүлдөй баштагандан 7-10 күндөн соң жумурткалай башташат. Жумурткаларын алманын жалбырактарынын үстүнө, алмуруттун жалбырактарынын астына, кийинчерээк мөмөлөрдүн үстүнө тууйт. 15-20 күндөн кийин жумурткадан гусеницалар (курттар) пайда болуп, алар мөмөнү жана мөмөнүн ичиндеги уругун жеп, мөмөнү соолутат. Мунун негизинде мөмө жерге түшөт. Урукту жегенден кийин гусеницалар башка алмага өтүшөт. Курттар дарактардын кабыктарынын астында жана мөмө сактоочу жайда кыштайт да, жазында куурчакчага айланат. Бак гүлдөй баштаган кезде көпөлөк болуп учуп чыгып, жумурткалоого киришет.

Алма көпөлөгү 1 сезондо 3 ирет жумурткалайт, башкача айтканда, курттардын 3 мууну жаралат. Андыктан 3 ирет дарылоо кажет. Айтып кетчү нерсе, 3 жолкуда 3 башка дары чачуу керек. Себеби бир дарыны улам чача берсе курттарда ага каршы иммунитет пайда болуп, кийин өлбөй калышат. 1-жолу алма гүлдөп баштагандан 7-8 күн дегенде ди-40 (би-58) суюк дарысынын 2 чай кашыгын 10 литр сууга кошуп алма дарагына чачуу керек. Дары чачуу үчүн атайын сепкич, бүрккүч шаймандар болот, ошолордун бирин колдонуу кажет. 2-жолу алма көпөлөгү алманын мөмөсү койдун коргоолундай өлчөмдөй болгондо жумурткалайт. Ошол кезде каратэ зеон суюк дарысынын 2 чай кашыгын 10 литр сууга кошуп чачуу кажет. Көпөлөк алманын бышарына 40-45 күн калганда 3-ирет жумурткалайт. Ошол учурда фитоверм суюк дарысынын 3 чай кашыгын 10 литр сууга кошуп чачуу зарыл. Фитоверм уулуу зат эмес, мөмөгө сиңбейт, демек, адамдын организмине зыян келбейт.

Кара өрүк

Алма, алмурутка караганда кара өрүктүн зыянкечтери аз. Андыктан кара өрүктөрдү сезон ичинде 2 ирет дарылоо жетиштүү. Эң кеңири тараган зыянкечи – кара өрүктүн курту же кара өрүк көпөлөгү. Гүлдөп жаткан кезде ди-40 дарысынын 2 чай кашыгы 10 литр сууга кошулуп чачылат. 2-ирет мөмөсү коргоолдой болгон кезде ал учурда чачып жетишпесе мөмөсү бармак башындай болгондо деле кара өрүк дарагына чачылат. Азыр Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында чача берсе болот. Нурелл-д суюк дарысынын 2 чай кашыгы 10 литр сууга кошулуп чачылат. Учурда Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында кара өрүктөрдүн өлчөмү башка облустардыкына караганда чоңоюп кеткендиктен дары чачууга болбойт.

ИЛДЕТТЕРИ

Алма, алмурут. Эң көп таралган илдеттери – парша (котур сымал илдет, дат), ак кебер (мучнистая роса же желе баскан оору) жана бактериалдык күйүк илдети.

Парша жана ак кебер илдетинин козгогучтары – мите козу карын сымалдар. Күн ысыкта бат жайылат. Шамал, курт-кумурскалар аркылуу жугат. Парша илдетинин белгиси: алгач жалбырактарга, кийин мөмөлөргө кара-күрөң тактар түшөт, жалбырактар куурап, түшө баштайт. Мөмөлөр жарылып, жарылган жерге мөмө дарактардын зыянкечтери кирип, мөмө чирип калат.

Ак кебер илдетинин белгиси бутактарды желе каптап, жалбырактары агара баштайт. Акырындап жалбырактар түрүлүп куурайт. Мөмө дарактар жалбырактары аркылуу да керектүү заттарды алгандыктан, жалбырактар түшсө мөмөлөр чоңойбой калат.

Парша илдетине каршы фундазол (упа түрүндө), фозалон (упа түрүндө) дарыларынын бирин чачуу керек. Фундазол же фазалондон 2 чоң кашыгы 10 литр сууга кошуп чачылат.

Ак кебер илдетине каршы скор суюк дарысынын 7-8 тамчысын 10 литр сууга кошуп чачуу сунушталат. Же байлетон упа дарысынан 1 аш кашык алып, 10 литр сууга кошуп чачуу кажет. Аталган дарылардын бирин зыянкечтерге каршы дарылаган дарыга кошуп чачса да эки иштен бир иш болот. Дарыны илдет белгилери билинген кезде эле чача берсе болот. Дары жалбырактарга гана таасир этип, мөмөлөргө зыяны жок.

Алма, алмуруттун бактериалдык күйүк илдети

Бактериалдык күйүк илдети Кыргызстанда 2010-жылдан бери белгилүү. Сырттан алынып келинген бак-дарактар менен кошо келип, жайылуусу мүмкүн. Көбүнчө алмурутту жабыркатат. Илдет белгиси: алгач 1 жылдык бутакта кара тактар пайда болуп, жалбырактар соолуп баштайт. Анан илдет башка бутактарга тарайт. 2-3 жылда илдет сөңгөккө жетип, бак куурайт. Илдеттен биротоло айыктырып алчу ыкма жок. Бирок илдет башталганда дарылап, бакты сактап калууга болот. Илдет белгиси билинер замат ооруган бутактын жабыркаган жерине дагы 10-15 сантиметр кошуп туруп кыркуу сунушталат. Ар бутакты кескен сайын секаторду хлордуу сууга, же спиртке, же аракка малып, дезинфекциялап туруу кажет. Болбосо ооруну соо дарактарга жугузуу коркунучу бар. Кесилген бутактарды көмүп салуу оң. Бутактын кесилген жерине фармайод же фитолавин дарысын чачуу керек. Бул бактерия башка бутактарга тарабашы үчүн керек. Илдетке каршы фармайод, фитолавин суюк дарыларынын бирин 10 литр сууга 2 чоң кашык кошуп чачса болот. Сезон ичинде Чүйдө 5, Ысык-Көл менен Таласта 2-3 жолу чачылат. Фармайодду ар бир 15 күндө, фитолавинди ар бир 25 күндө кайталап чачса болот.

Кара өрүк

Кара өрүк да парша, ак кебер жана чирик (плодовая гниль) оорусунан көп жабыркайт. Чирик оорусу бактериалдык оору. Мурунку күздө даракта, жерде калган мөмөлөрдө жана жалбырактарда оору козгогучтар сакталып калат. Алар жазында жанданып кара өрүктө илдет жаратат. Андыктан күзүндө ооруган дарактын жалбырактары менен даракта калып калган жана жерге түшкөн мөмөлөрүн чогултуп өрттөө же көмүү керек.

Чирик илдетинде мөмөлөрдө кара-күрөң тактар пайда болуп, жалбырактары тешилип баштайт. Мөмөлөр бышканда сырты быдыр ала болуп, темгил болуп калгандыктан сатыкта анча өтпөй калат.

Чирик илдетине каршы би-40 (би-58) суюк дарысынын 2 чай кашыгы 10 литр сууга кошулуп чачылат. Сезон ичинде 3 жолу чачуу сунушталат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baha.A
2020-02-11 00:31:24
Сонун маалымат экен.
0
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан