Адамдын жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү, иш-аракети ал адамдын интеллекти, адамдык парасаты, маданияты кандай экенин чагылдырып турат. Ал эми чиновник, депутаттардын баскан-турганы ансыз да коомчулуктун көз алдында. Бул жолу өзүнүн орой мамилеси, жосунсуз жоругу менен талкууга түшкөн чиновниктерди тизмектейбиз.
Бул темага кайрылууга Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимовдун журналист кыздын Орок айылындагы жаңжал боюнча суроосуна жооп бербей, “ырайың жаккан жок” деп басынтканы түрткү болду. Депутаттар, чиновниктер эл жалдаган мамлекеттик кызматкерлер. Элге, кызматтык милдетин аткарып жүргөн журналисттер узаткан суроолорго жооп бербей, жөнү жок асылып, басынтууга аларга эч ким укук берген эмес.
ТУЙГУНААЛЫ АБДРАИМОВ – «ЫРАЙЫҢ ЖАККАН ЖОК»
5-июнь күнү Сокулук районунун Орок айылында жаштар арасында жаңжал чыгат. Ал жердеги абалды көрүүгө барган Чүй облусунун ал кездеги жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовго окуя боюнча суроо берилет. Ыңгайсыз суроо жарга такадыбы, айтор, “Мен бир телеканалдын суроолоруна жооп бердим” деп калганына жооп бербей басып кетүүгө аракет кылды. Андан журналист кыз чиновниктен эмне үчүн башкаларга жооп бербесин сураганда Абдраимов "сиздин ырайыңыз жаккан жок, аябай жагымсыз экен. Ошого" деп кагып, каткырып басып кетти. 2 адам ооруканага жаткырылып, бир нече үй талкаланып, элдин үрөйү учуп турган окуяда облус башчысынын журналистти кемсинтип басып кеткени, анысы аз келгенсип каткырганы көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Мындай жорукка кол шилтеп коюу мүмкүн эмес эле. Эртеси жоон топ журналисттер Чүй облустук администрациясынын алдына барып, Туйгунаалы Абдраимовдун отставкасын талап кылышты. Коомчулукта Абдраимов кечирим сурайт го деген үмүт бар эле. Бирок ал өзүнүн жоругу үчүн өкүнбөй турганын, журналисттен кечирим сурабасын айтты. “Ал кыз өзү мага прокурордой суроо берди, мен да ага жараша жооп бердим” деп күнөөнү журналистке оодарып салууга аракет кылды. Суроолор берилип бүтө электе столду бир коюп, туруп алып кабинетине кирип кетти. Бул арада интернетте социалдык тармактарда “Мен журналистмин, өңүм өзүмө жагат. Бирок мага бийликтин ырайы жакпайт” хэштеги менен Абдраимовдун кызматтан кетишин талап кылган акция жүрдү. Өкмөт коомдук пикир менен эсептешүүгө аргасыз болду. Окуядан 5 күндөн кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Туйгунаалы Абдраимов кызматтан бошотулду. Айтылган сөз атылган ок экенин ошентип Туйгунаалы Абдраимов дагы бир жолу тастыктап кетти. Өкүнүчтүүсү, мамлекеттик кызматкердин этикасынан кабарсыз чиновниктер Абдраимов менен эле бүтпөйт.
АЛМАЗ МАМБЕТОВ – СӨГҮНЧӨӨК ЧИНОВНИК
2017-жылы Балыкчы шаарынын ал кездеги мэри Алмаз Мамбетовдун аталган шаардын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудинов менен сүйлөшүүсү деген аудиожазуу тараган. Орой, уят сөздөр менен коштолгон, коркутуу, опузалоого толгон бул сүйлөшүү талкууга түшүп, мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбеген жоругу үчүн мэрди жазага тартуу талабы көтөрүлгөн. Мисалы, аталган аудиодо Мамбетов делинген адамдын "колу-бутуңду байлап, көлгө чөктүрөм" деген сөздөрүн угууга болот. Бул окуянын аягы сотко жетип, Балыкчы шаардык соту Мамбетовго 2 миң сом айып салган. Тилекке каршы, Мамбетовдун мындай жоругу, ага карата сындар анын кызматтык карьерасына таасирин тийгизе албады. Жакында Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болуп дайындалды.
ЖЫЛДЫЗ МУСАБЕКОВА – “БЕТИҢДИ ТЕГИЗДЕП КОЁМ!”
Журналист кызды парламент депутаты Жылдыз Мусабекова телефондон ашата сөктү делген аудиожазуу унутула элек. 2017-жылы журналист Үпөл Анаркулова Жогорку Кеңештин депутаты өзүн коркутуп жатканын айтып чыкты. Журналист кайсы депутат экенин ачык айтпаганы менен, интернетке – бул КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова деген сөздөр тараган. Мусабекова бул маалыматты “кара пиар” дей баштаганда журналист Анаркулова депутат Мусабекова менен телефондогу сүйлөшүүсү делген аудиону элге жарыялап жиберген. Андан депутаттын үнүнө окшош адамдын журналистке карата "эртең бетиңди түздөп кетем... Териңди тескери сыйрып, он эркекке салып берем" дегенин угууга болот. Бул – аудиожазуудагы журналистти коркуткан адамдын ыплас сөздөрүнүн эң түзүгүрөөгү гана. Депутат бул аудиожазууну монтаж деп атаганы менен, анын монтаж экенин сот аркылуу далилдеп берген жок. Журналист кыз депутат Мусабекова коркутууда деп өлкө президентине, Жогорку Кеңештин төрагасына, КСДП фракциясынын лидерине кайрылган. Фракция лидери Иса Өмүркулов “бул окуя фракцияга көлөкө түшүрдү, шок болдук” деп кутулуп, депутатка тийиштүү чара көрүлгөн жок. Журналисттин депутатка кылмыш ишин козгоо талабы да орундалган жок.
НУРБЕК МУРАШЕВ – СӨЗ ЖАРДАМ БЕРБЕСЕ МУШТУМ БАР
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев муштуму менен да белгилүү. 2014-жылы Улуттук госпиталдын дарыгери Жамалбек Тургунбаев депутат Мурашев мени сабады деп анын үстүнөн арыз жазган. Айтымында, депутат "эмнеге тууганымды жакшы карабайсың?" деп, иш учурунда дарыгерди ур-токмокко алган. Нурбек Мурашев дарыгердин “кол көтөрдү” дегенин четке кагып, бирок ортодо чыр-чатак болгонун ырастаган. Башкы прокуратура депутатка "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин ачып, бирок жыйынтыгы коомчулукка белгисиз калды. Бул Мурашевдин муштуму көрүнгөн жалгыз окуя эмес. 2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында “Бир бол” партиясынын талапкери Мурашев “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкери Кабылжан Кимсамбаевди сабаганы тууралуу маалымат тараган. Жабырлануучу милицияга кайрылып, БШК талапкер Мурашевге эскертүү берүү менен чектелген. Үйрөнгөн адат калабы дейт эмеспи. 2017-жылы айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин үстүнөн Ноокен райондук милициясына Кадыр Матисаков аттуу жергиликтүү жашоочудан арыз түшкөн. Ал дагы министр Мурашевден токмок жедим деп арызданган. Министр бул маалыматты жалган атаганы менен, арыздануучу айткан Сакалды айылындагы шайлоо тилкесине добуш берүү үчүн барганын ырастаган. Мурашев азыр кызматта эмес, быйыл картошканын баасы арзан болуп, “дыйкандардын мээнети акталбады” деген элдеги нааразычылыктар аны кызматтан кетирип тынды.
ЗУУРАКАН КАДЕНОВА – УЧАКТАГЫ ЖАҢЖАЛ
2018-жылы сентябрда эмгек жана социалдык өнүгүү министринин ал кездеги орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Инчон аэропортунда чуу салды. Тагыраагы, Сеул-Алматы каттамындагы учакта авиакомпания кызматкерлеринин талабына баш ийбей чуу чыгарып, рейстин учуусун кечиктирген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыгып, окуяны ал кездеги Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ырастаган. Маалыматка таянсак, Каденова мас абалында учакка чыгып, борт коштоочулардын кайрылууларына жооп бере албагандыктан авиакомпания кызматкерлери аны учактан түшүрүп салууга аракет кылышкан. Жаңжал ушундан чыккан. Бирок Каденова ал учурда мас эмес болгонун, ооруп жатканы үчүн карвалол деген дары ичип алганын, анын айынан кыйналганын айтып чыкканы белгилүү. Бул окуядан көп өтпөй Каденова министрдин орун басары кызматынан бошотулган.
КАМЧЫБЕК ЖОЛДОШБАЕВ – ДАГЫ БИР МУШТУМ
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев “жөө жүргөн кесиптештеринен уялган” жоругу менен элдин эсинде калды. Бул эл өкүлүнүн аты аталган башка окуялар да бар. 2016-жылы журналист Семетей Талас уулу парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаев ур-тепкиге алды деп социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкканы белгилүү. Кийин журналист "Ата-энеме асылып сөккөнү үчүн арыз жазайын деген элем. Элдин таразасына койдум. Мени сөккөнү, тепкенине териккен деле жокмун" деп арыз жазуудан баш тарткан. Жолдошбаев өзү маалыматты төгүндөп, бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып койгон. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт, болгону окуяны ырбатпай өз убагында басып калышты өңдөнөт.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg