12-июнда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда КСДПнын митингинде Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу айткан сөзүнө жооп кайтарды:
– 8-июнда экс-президент Атамбаев депутат, төрага баш болуп Матраимовдордун тоюна барды деп айтып чыкты. Мындай той быйыл эле өтүп, быйыл эле төрага, депутаттар барып калган жок. Сиздин убагыңызда деле премьер-министр, жакын депутаттарыңыз ошол тойдо жүргөн. Алар элди сыйлап, элге кызмат кылган үй-бүлөгө жакшы сөзүн айтышты. Мен ага эч кандай комментарий бере албайм. Кара-Суу элинин,
Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 40-50, 100 миңдеген добуш албадыңыз беле?! Эмнеге аны айткан жоксуз?
Биздин экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзамды кабыл алып бергенибиз Атамбаевге катуу тийди. Эгерде Сооронбай Жээнбеков корксо, "бул мыйзамдын кереги жок" деп мыйзам өтпөй калмак. Эл шайлаган президент бул мыйзамга кол койду.
2018-жылы март айында ушул саясий оюндар башталганда Атамбаевге жолугуп, сүйлөшүп, оюмду билдиргем. "Төрагалык кызмат мен үчүн маанилүү эмес, мен үчүн эл, чындык маанилүү" деп айткам. Ал "кааласам 10 миң кишини чогултуп, Ак үйдөн баарыңарды кууп чыгууга күчүм жетет" деди. Мен ошондо жакамды кармадым. Алмазбек Шаршенович, сиздин оюңузга кошула албайм деп билдиргем. Балким, ошонун негизинде бизди азыр "чимкирик парламент", "бөжөңдөгөн төрага" деп айтып жатса керек,- деди төрага.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-июнь күнү КСДП уюштурган митингде сөз сүйлөп, анда "Мен сүйлөбөсөм, чимкириктер сүйлөйбү?" деп, парламент депутаттарын сынга алган.
Атамбаевдин депутаттарды кайрадан "чимкирик" деп атаганы эл өкүлдөрүн эми чындап чычалатты көрүнөт. Жогорку Кеңештин улам бир депутаты трибунага чыгып, экс-президенттин дарегине сын айтышты. Андан соң Канатбек Исаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча документке 40 парламентарийдин колун чогултканын Дастанбек Жумабековго кайрылып жатып билдирди.
Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча маселени алгач парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карайт. Андан соң демилге Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына киргизилет.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg