КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ МИТИНГДЕРДИН КОШТООСУНДА КЫЗМАТКА КИРИШТИ

9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өттү. Шайлоого жалпы 7 талапкер катышып, аягында Касым-Жомарт Токаев жеңүүчү деп табылды. Ага шайлоого катышкандардын 70 пайызы добуш беришкенин Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Токаевди шайлоого Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин “Нур-Отан” партиясы алып чыккан. Дүйнө коомчулугун Нурсултан Назарбаев бийликтен кеткенден кийин Казакстанда шайлоолор кандай өтөрү кызыктырып келген. Шайлоо күнү Нур-Султан, Алматы, Чымкент шаарларында жүздөгөн адамдар митингге чыгышты. Алар “Бойкот!”, “Маскара!” деп кыйкырып, президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырык таштап жатышты. Президенттик шайлоонун таза өтөрүнө ишенбестик көрсөтүштү. Токаев жеңүүчү деп жарыяланган соң нааразы эл көчөгө чыгып, баш аламандык учурунда 500дөн ашуун адам кармалганын ЖМКлар жазып чыгышты. Кармалгандардын арасында казактын белгилүү төкмө акыны Ринат Заитов дагы болгон, кийин аны бошотушту. Казакстан жазуучулар союзунун мүчөлөрү Заитов шайлоодогу мыйзам бузууларды ачык айтып чыкканы үчүн кармалды деп айтышууда. Казакстандын Ички иштер министрлиги шайлоо күнү митингге чыккандарды кармоо улантылып жатканын, 12-июнга карата жалпы 700 адам кармалганын билдирди. Мындай мамиле Казакстандын чыгармачыл чөйрөсүн да тынчсыздандырууда. Белгилүү ырчы Кайрат Нуртас митингге чыкканы үчүн кармалгандарды бошотууну суранып кайрылуу жасады. “1986-жылкы окуянын кайталанышын, казактын каны төгүлгөнүн каалабайм. Бийликтегилер, калктын маселесин уга турган, чече турган убакыт келди”,- дейт ырчы.

Кырдаал чочулаттыбы, айтор, жаңы президенттин ант берүү аземи чукул убакытка дайындалды. 9-июнда шайланган Токаев 12-июнда ант берип кызматына киришти. Казакстандын жаңы шайланган президентинин инаугурациясына башка өлкөнүн бир да президенти чакырылган жок. 13-июнда Бишкекте өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев келери белгилүү болду.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан