Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы, учурда парламент депутаты Зарылбек Рысалиевдин ден соолугу начарлап, ооруканада жатат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотуп жиберүү кылмышы боюнча суракка чакырылып жаткан. Депутат 7-июнда Ички иштер министрлигине суракка барган. Суракта депутат өзүн начар сезип, “Тез жардам” кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди деп маалымдалды. Депутат Рысалиев буга чейин да суракка алынып, ал күнү да “депутаттын жүрөк оорусу кармаптыр” деген сөздөр тараган. Бирок Рысалиев парламентте муну төгүндөп: "Жүрөк оорусу кармап өлүп кала тургандай жөнөкөй киши эмесмин. Тирүүмүн, жакшынакай эле жүрөм",- деп билдирүү жасаган.
Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу Клиникалык оорукананын башчысынын орун басары Александра Олексюктун айтканына караганда, учурда депутаттын абалы туруктуу жана реанимациядан палатага которуу пландалууда.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg