ЖАҢЫ ШАЙЛАНГАН МИНИСТР СЫНГА КАБЫЛДЫ

Кызматка киришкенине 2 апта боло элек айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев депутаттардын сынына кабылды. 10-июнь күнү Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Алмазбек Акматов аталган министрдин жыйынга келбегенине нааразы болду. Бул күнү комитетте “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралган. Эл өкүлү жайыт комитети көрүнүктүү иш жасабай жатканын билдирди: "Жайыт комитети, силер деги эмне иш кыласыңар? Жаңы министр дайындалып жатканда "жыйындарга өзүм келип катышам" деп айтты эле, эми "жанагы суудан өткөндөн кийин" болдубу?"- деди. Буга айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев: "Министр башында бир жыйынга келип өзү катышкан. Бүгүн шартка байланыштуу катыша алган жок. Ал өкмөттүн жыйынына катышканы кеткен",- деп жооп берди. Депутаттар министр өзү катышсын деп талап кылышты.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан