БИР БҮРКҮМ. АИДА САЛЯНОВА КАМАКТА КАЛДЫ...

  • Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алтынбек Намазалиев дайындалды. Буга чейин ал Аламүдүн районунун акими болчу.
  • Кыргыз Республикасынын Беларустагы элчиси кызматына Эрмек Ибраимов дайындалды.
  • Талас облусундагы Кыргыз-Казак чек арасынан 80 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып кирүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
  • Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайга кирүүдөгү босоголук чек 110 балл болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
  • "Манас" аэропортунун директору болуп Мурат Примбердиев дайындалды. Буга чейин ал директордун орун басары кызматын ээлеп келген.
  • Чуулгандуу «КТ Мобайл» компаниясынын жаңы директору болуп Мураталы Жакыпов дайындалды.
  • 12-июнда Бишкек шаардык соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованы №1 тергөө абагында калтырды. Сот Биринчи Май райондук сотунун Салянованы 26-июнга чейин абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды.
  • 12-июнда Кыргыз өлкөсүнө Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга расмий иш сапары менен келди.
  • Орусия Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттарына пенсия төлөмөй болду. ЕАЭБге Кыргыз Республикасы, Армения, Орусия, Казакстан жана Беларусь мүчө.
  • Баткен облусунун Самаркандек айылында каналдагы сууга түшүп кетип 3 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
  • Кыргызстанда никелер эми атайын журналга катталат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев билдирди.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан