Аязбала, клипмейкер: «БИЗ ҮЧҮН ЭҢ ЖАКШЫ КАДАМ – K-РОР БАГЫТЫНДА ДҮЙНӨГӨ ЧЫГУУ»

Сиздерге тааныштыра турган жигиттин аты – Аязбала. Абдан жөнөкөй, жоопкерчиликтүү, олуттуу сүйлөгөн бул жигит учурда Казакстандын белгилүү студиясы менен келишим түзүп иштешип жатат. Сүрөтчү, бийчи, режиссёр Аязбала тууралуу кызыктарды сиздерге сунуштайбыз.

КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТ

Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 17-июль

Туулган жери – Жалал-Абад шаары

Кесиби – КУУнун инженер- программист факультетин бүтүрүүдө

Бою – 172 сантиметр

Салмагы – 65 килограмм

Хоббиси – бийлөө, сүрөт тартуу

Кыялы – кыргыз шоу-бизнесинин, медиа чөйрөнүн деңгээлин көтөрүү

«МУЛЬТИПЛИКАТОР БОЛОМ ДЕЧҮМҮН»

– Мен үй-бүлөдө 5 уулдун ортончусумун. Ата-энем илим тармагында иштешет. Андыктан бизди бала кезден билимге сугарганга аракет кылышты.

12 жашымдан оюн-зооктон алыс болуп, классташ, досторум эшикте ойноп жүргөндө жаңы компьютердик программаны өздөштүрүү менен алектенчүмүн. Балдар чоңоюп, кыз жандап сүйлөшүп башташканда деле өз дүйнөмдө жүрдүм. Ал кезде мен мультфильмдерди көп көрчүмүн. Жөн гана көрүп отурбай, ар бир кыймыл-аракетке көңүл буруп, суктана берчүмүн. Бир кезде келечекте мультипликатор болом деп да чыккам.

Мектепте сүрөт тартууга кызыгуум күч болду. Сабак учурунда, айрыкча математика, физикадан көнүгүүлөрдү бат аткарып, 5-6 мүнөт болсо да сүрөт тарта калчумун. Сүрөттү тартып, ошол боюнча калтырып койбой, дагы эмне кылса болот деп издене берет элем. Бара-бара сүрөттөрүм жансыз сезилип, кыймылдатканды ойлонуштуруп баштадым. Ар кандай вариантта тартып көрдүм, интернеттен видеолорду көрүп чыктым, күнү-түнү уйкудан калдым, акыры эмгегимдин акыбети кайтып, анимацияны өздөштүрдүм.

«МЕКТЕПТЕ АЯЗБАЛА ДЕП ЧАКЫРЫШЧУ»

– Аязбала – менин экинчи атым. Кандайдыр бир окшоштуктар болгонбу, айтор, мектепте айрымдар мени Аязбала дешчү. Ошентип отуруп өзүмдүн атымды жакындарым гана билип, көпчүлүк Аязбала катары кабыл алып калды.

Эмнеге Аязбала, себебин түшүндүрүш кыйын. Балким, окшоштуктар бар. Мен суукту жакшы көрөм, суук түшкөндө кадимкидей жыргап калам. Мүнөзүм шайыр болгону менен, жумуш учурунда каардуу жана сүрдүүмүн. Ошол окшоштуктарым үчүн, балким, Аязбала деген атка конуп калсам керек.

«ЭҢ ЖАМАН КӨРГӨНҮМ – РАМКА»

– Мектепти артыкчылык менен аяктап, Кыргыз-Орус Славян университетине окууга өттүм. Актриса Гүлсина Чотонова менин эжем болот. Ал Бишкектен мени тосуп алып, жумуш табууга жардам берди. Бир убакта окуп, иштегендиктен күнүнө 2-3 саат гана уктап жүрдүм. Бир жылдай аз уктап жүрүп, ден соолугума күч келе баштады. Кийинчерээк окуудан жетиштүү билим ала албашыма көзүм жетип, таштап салдым.

Ошол учурда бир студияда клиптерди монтаждап иштеп жүргөм. Кийинчерээк бирөөгө көз каранды болбой, өз алдымча иштөөнү чечтим. Анткени бирөөнүн карамагында иштей албайт экенмин.

Бара-бара клип тартууну өздөштүрдүм. Өзүм жактырган анимацияны клиптериме, видеотасмаларыма кошуп келем. Бул менин башка клипмейкерлерден айырмачылыгым.

Эң алгач Айардын «Ашыгам сага» деген клибине анимация кошуп тарткам. Андан берки 3 жыл аралыгында Мирбек Атабеков, Жийдеш, Нурлан Насип, Нурмат Садыров, Аваз Акимов, Айдана Дека, Баястан жана башка ырчылар менен иштештим. Дагы деле клип тартып бер дегендер көп. Бирок казак боордоштор менен келишим түзүп алгандыгыма байланыштуу көбүнөн баш тартууга туура келип жатат.

Былтыр Москвадан жакшы сунуш түшкөн эле. Ал жакка мүмкүнчүлүк болбой бара алган жокмун. Алар көп акчаны сунушташканы менен, барбаганыма өкүнбөйм. Анткени мени өлкөмдө көп факторлор кармап турат. Алар менин туугандарым да эмес, менин кыялым. Анткени өлкөбүздүн медиа тармагына жакшы салым кошорума көзүм жетет. Ошон үчүн талыкпай эмгектенип келем.

Бизде улуулар жаш муунду өз форматына салгысы келет. Менин эң жаман көргөн нерсем – бул рамкада калуу.

«К-РОР ДҮЙНӨНҮ КАПТООДО»

– Казак боордоштор жакын болгону үчүн да сунуштар көп болот. Бир жылдан бери казактардын “MM entertainment” студиясы менен иштешип, “Mad Men”, “Crystalz”, “Buira” жана башка топторго клип тартып бердим.

К-рор учурда дүйнөнү каптап жатат. Корея, Япония, Кытай өлкөлөрүнүн эмгегинин натыйжасында азыр дүйнөдө азият келбетинин популярдуулугу жогорулоодо. Албетте, бул мени да кубантат.

Кыргыз өлкөсүндө да жыл сайын Корея элчилигинин колдоосу менен k-рор музыкасына арналган фестивалдар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр Кореяга барып келишет. Кыргыз шоу-бизнесинде эле кайнай бербей, чет өлкөгө да өнөр көрсөтүүгө умтулуу керек. Биз Азия эли болгондуктан, эң жакшы кадам, менимче, k-рор багытында сыртка чыгуу. Бул багытты азыр элибиздин 60 пайызы түшүнбөй жек көрөрүн билебиз. Бирок заман өзгөрөт, аны менен аң-сезим, дүйнө тааным да өсүшү керек деп ойлойм. Болбосо, сууга чөккөн таштан айырмабыз болбойт го.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан