ЧАКАН ЖАНА ОРТО БИЗНЕСТИ ӨНҮКТҮРҮҮ – БИЗДИН ӨЛКӨНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ МАСЕЛЕСИ

Биздин өлкөдө 2019-жыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Чакан жана орто бизнеске жардам берүү – Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу маселе болуп саналат. Ушул маселени чечүү үчүн биздин ишкерлерге коммерциялык банктар кандай жардам көрсөтүп жатышат, ушул тууралуу биз «Халык Банк Кыргызстан» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары – Манас Кожоканович Имановдон билдик.

– Манас Кожоканович, бүгүнкү күндүн темасы боюнча сизге суроо, агросектордо Кыргызстандын чоң потенциялы бар, ушул багытта дыйкандарды колдоо үчүн "Халык Банк" конкреттүү түрдө эмнелерди сунуш кыла алат?

– Агросекторду колдоонун алкагында биздин банк бир нече жылдардан бери "Айыл чарбасын каржылоо" мамлекеттик программасына катышып келе жатат. Бул программанын артыкчылыктуу багыты бул жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүү үчүн: өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык, мал чарбасы жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү үчүн элдин каржылоого жетиши саналат. Өткөн мезгилдин ресурстарын өздөштүрүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын эске алуу менен ушул жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Халык Банк Кыргызстан" ААКсы үчүн жайгаштыруу суммасын көбөйттү. Ошондуктан дыйкандарда агро кредиттерди пайдалуу шарттарда алууга мүмкүнчүлүктөрү бар:

• Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө – жылдык 6%дан өйдө,

• Багбанчылыкка жана асыл тукум мал сатып алууга – жылдык 8%дан өйдө,

• Мал чарбасына жана өсүмдүк өстүрүүгө – жылдык 10%дан өйдө.

• Натыйжалуу пайыздык чени тандап алынган программага жараша, жылдык 6,16% өйдө.

Ушул программанын шарттарынын алкагында кошумча комиссиялык топтомдордун эч кандай түрү каралбагандыгын баса белгилеп кетүүгө болот.

– Агробизнес өзгөчө спецификалуу келет, мында бардыгы мезгилге (сезонго) жараша болот, кредитти төлөп тындыруу планында дыйкандар үчүн кандайдыр бир жеңилдиктер барбы?

– Албетте. Айыл чарбасында мезгилдик (сезондук) фактор маанилүү ролду ойной тургандыгын биз жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан Банк мезгилдүүлүк (сезондук) жана конкреттүү бир бизнестин спецификасын эске алуу менен дыйкандарга агрокредиттерди төлөп тындыруунун ийкемдүү графиктерин түзүү аркылуу камсыз кылат. Ошондой эле маанилүү бир учур – бул кредитти мөөнөтүнөн мурда каалаган убакта төлөп тындыруу менен да камсыз кылынат.

– Эгерде, мисалы, ишкерлер ушул программанын алкагында кредит алып, бирок кредитти мал чарбасын же өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү үчүн колдонбой, таптакыр башка максаттарга колдонушсачы?

– Бул программа кредитти агросекторго жана аны өнүктүрүүгө гана берүү мүмкүндүгүн карайт, ошондой эле ушул максатта алынган кредиттик акчалар программадан айырмаланган башка максаттарга жумшоого таптакыр болбойт, бул биздин мамлекет тарабынан да колдоого алынган. Банк кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылгандыгына тастыктоону милдеттүү түрдө талап кылат. Бизнес жүрүп жаткан жерине барууларды милдеттүү түрдө жүргүзөбүз. Биз алынган каражаттардын багыты боюнча колдонулгандыгына жүз пайыз ишеним алышыбыз керек.

– Жакшы, агрокредиттер менен абал түшүнүктүү болду. Аялдар ишкерлиги боюнча иштер кандай жүрүп жатат? Биздин өлкөдө аялдар өздөрүнүн алсыз ийиндерине үй-бүлөсүн эле көтөрбөстөн, чакан ишканаларды да ийгиликтүү иштетип жатышкандыгы эч кимге жашыруун деле эмес. Аялдар ишкерлигин колдоо үчүн кандайдыр бир стимул болуучу чаралар көрүлүп жатабы?

– Мурда ондогон жылдар бою коомчулукта аялдардын ролу өтө эле чектелип келген. Аялдар күжүрмөндүк менен эмгектенишкен, бирок алардын негизги милдети үй-бүлө үчүн, башкача айтканда, үй-тиричилигин жүргүзүү болуп эсептелген. Азыркы учурдун заманбап аялдары амбициялуу (дымактуу) жана эрктүү. Аялдар ишкерликти киреше булагы катары гана эмес, алар коомдо өзүн көрсөтүү, өзүн бекемдөө ыкмасы катары да карашат.

Ошондой эле аялдар жетектеген ишканалардын саны жыл сайын биздин гана өлкөдө эмес, дүйнө жүзү боюнча өсүп жатат. Статистикага ылайык, дүйнө жүзү боюнча жаңы бизнес түзүмдөрүнүн 25 пайызынан ашыгы аялдар тарабынан түзүлгөн. Франциядагы жана Улуу Британиядагы бардык фирмалардын төрттөн бир бөлүгүн, Германиянын бардык фирмаларынын үчтөн бир бөлүгүн аялдар башкарат. Японияда бул көрсөткүч 23%, АКШда 38%, ал эми кошуна Орусияда 35%ды түзөт. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча аялдардын бизнесин колдоо программалары абдан маанилүү болуп саналат жана биздин банк да андан калышпайт.

Биздин өлкөдө аялдар ишкерлигин өнүктүрүүнүн алкагында үстүбүздөгү жылдын мартында «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы USAIDдин «Атаандаш ишкана» аттуу долбоору менен биргеликте Аялдар ишкерлигин колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган кредиттик линияны ишке киргизүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Мунун өзү өз убагындагы жана туура чечим деп эсептейм. Бул программанын алкагында эч кандай тармактык же географиялык чектөөлөр жок. Кредиттерди бизнестин бардык багыттарына, өлкөнүн бардык региондорунда алууга болот. Бул жердеги башкы шарт – бул бизнесте 50%дан кем эмес менчиктик үлүшү менен башында ишкер-аял болушу керек.

Биз аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү үчүн улуттук валютада 5 жылга чейинки мөөнөткө, жылдык чени 16%дан өйдө (натыйжалуу пайыздык чени 17.27%) кредиттерди сунуштайбыз. Ушул эле учурда, кредитти берүүгө карата эч кандай түрдөгү комиссия (жоктугун) кармалбай тургандыгын мен баса белгилеп кетким келет. Анын ичинде кредитти мөөнөтүнөн мурда каалаган убакта төлөп тындыруу үчүн да комиссия кармоо жок.

– Айтыңызчы, эгерде ишкердин күрөөсү жетишсиз болсо, ушундай учурларда кандай кылуу керек?

– Күрөөлүк түзүлүштөргө жетиштүү түрдө ийкемдүү кароого аракет кылабыз. Биринчи кезекте, эгерде кардардын туруктуу бизнеси бар болсо жана аны андан ары өнүктүрүү үчүн анын жакшы максаттары бар болсо, биз күрөөнүн жетпеген бөлүгүн жүгүртүүдөгү товар, жабдуу, транспорт, техни

Ал эми банкка берилген бардык күрөөлөр кредитти камсыз кылуу үчүн жетишсиз болсо, анда биз күрөө мүлкү жетишсиз учурда финансылык ресурстарды алууга жардам бере ала турган Кепилдик фондунун кызмат көрсөтүүлөрү менен колдонууну биздин кардарларга сунуштай алабыз. Башкача айтканда, камсыз кылуунун жетпеген суммасына кардар үчүн Кепилдик фонду Банкка банктык кепилдикти (гарантия) берет. Албетте, бул акы төлөнүүчү кызмат жана Кепилдик фондунун тарифтерине ылайык, кардарлар акча каражаттарынын кайсы бир сандагы чыгымдарына учурайт. "Халык Банк Кыргызстан" Кепилдик фонддун колдоосу менен 100дөн ашуун долбоорлорду каржылады, бул дагы күрөөлөр бөлүгүндө чечимдерди кабыл алуу учурундагы биздин ийкемдүүлүгүбүз деп айтууга болот.

– Манас Кожоканович, биз жетиштүү ири бизнесмендер тууралуу сөз кылдык. Иштерин жаңы баштап жаткан ишкерлер силердин банктан кредит ала алабы? Мисалы, бир адам базарда кичинекей түйүн ачкысы келсе, ал силердин банктан кредит ала алабы жана аны кандай шарттарда ала алат?

– Ишкерликти жаңы баштоочуларды колдоо үчүн биздин кардарларга «Экспресс» программасы боюнча микрокредиттерди алууну сунуштайбыз. Бул учурда кредиттин суммасы 250 000 сомго чейин 2 жылдык мөөнөткө берилет. Күрөө – жеке мүлк, жүгүртүүдөгү товарлар, жабдуулар же автотранспорт. Өтүнмө арыз минималдуу – бир, эки күндүн ичинде каралат. Биз ишкерликти жаңы баштоочуларды колдойбуз жана кубануу менен каржылоого даярбыз!

Ал эми өндүрүш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн ишкерлерге биз Россия–Кыргызстан Өнүгүү Фондунун (РКӨФ) багыты боюнча кредиттерди сунуштайбыз. Бул фонд Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого максатталган. Негизги басым, жумушчу орундардын максималдуу санын түзүү жана биздин ишканалардын, ага жараша жалпы эле экономиканын атаандашууга карата жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга боло турган экономика тармактарын өнүктүрүүгө багытталган. Кредит берүүнүн ушул программасынын негизги максаттары, төмөнкү тармактар: агро өнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кендерин казуу жана металлдар өнөр жайы боюнча негизги каражаттарды жаңылоо, кеңейтүү жана модернизациялоо, транспорт жана инфратүзүмдөрдү (анын ичинде туризм тармагы, медицина жана билим берүү инфратүзүмдөрүн) өнүктүрүү болуп саналат.

Ошондой эле өндүрүштүк багыттагы башка узак мөөнөттүк инвестициялар.

Бул максаттарга биздин банктан АКШ долларында 5 жылдык мөөнөткө жылдык 5%га чейин (натыйжалуу пайыздык чени 5,11%) жана улуттук валютада жылдык 10%дык (натыйжалуу пайыздык чени 10.46%) кредиттерди алууга болот. Муну менен бирге РКФтин шарттарына ылайык, негизги карызды төлөө боюнча 12 айлык мөөнөткө чейин жеңилдетилген мезгилди алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

– Силердин банк автосалондор менен жигердүү кызматташып келүүдө жана автоунаа сатып алууга кредиттерди берүү программасын сунуш кылууда. Бул багытта бизнес өкүлдөрү үчүн эмнелерди сунуштай аласыздар?

– Биз юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн «Бизнес-авто» аталышындагы автоунаа сатып алууга кредиттерди берүү программасын иштеп чыктык жана ишке киргиздик. Программа автопаркты жана атайын техникаларды жаңыртууга жана стимулдаштырууга багытталган. Биз өлкөнүн жеңил автоунаа, ошондой эле ири автоунаа сатуучу автосалондору менен кызматташабыз, бул биздин кардарларга автоунаалардын ар түрдүү моделдеги катарларын сунуштоого мүмкүндүк берет. Автотранспорттук каражаттарды сатып алуу үчүн автоунаа же атайын техниканын наркынын 30%дан кем эмес өлчөмүндө кардар өзүнүн салымы менен катышуусун камсыз кылышы керек. Пайыздык чендери АКШ доллары менен жылдык 12%дан өйдө (натыйжалуу пайыздык чени 14.17%дан өйдө) жана улуттук валютада жылдык 17%дан өйдө (натыйжалуу пайыздык чени 20.01%дан өйдө). Эгерде кардардын өзүнүн жеке каражаты жок болсо, күрөөгө коммерциялык, коммерциялык эмес дайындалыштагы болгон мүлкү кабыл алынат.

– Эгерде адамдын башка банкта бизнес-кредити бар болсо, ал адам учурдагы кредитти жабуу үчүн силердин банкка кайрыла алабы, ушуга кандай кеңеш бере аласыз?

– Ооба, бул банк тилинде кредитти рефинансылоо (кайра каржылоо) деп аталат. Мисалы, кимдир бирөө кредитти мурда доллар менен алган болсо, ал аны сом менен жабууну кааласа же анын учурдагы чени жогору болсо, ушул учурда рефинансылоо жүргүзүүгө болот. Биз кардар үчүн пайдалуу шарттарда – башка банктагы учурдагы анын кредитин жабуу аркылуу бизден кредит берүү мүмкүндүгүн карай алабыз. Мисалы, андан төмөнүрөөк пайыздык чени менен, же кредитти узагыраак мөөнөткө берүү менен кредитти төлөп тындыруу мөөнөтү боюнча жеңилдик же жекече график алууга мүмкүндүк беребиз. Ошондой эле биз кардардын бизнесинин өзгөчөлүгүнө ылайыктуу болуш үчүн ага кредит берүүнүн ар кандай программалары боюнча бир нече чечимдерди кабыл алууну сунуштайбыз.

– Жалпы бизнести өнүктүрүүнү жана акча жүгүртүүнү көбөйтүүнү каалаган ишкерлерге кандайдыр бир универсалдуу жалпы кеңештер барбы?

– Ар бир ишкер өзүнүн ишканасын өнүктүрүү шарттарында бирдей. Бирок ар бир бизнестин өзүнүн "коркунучу" жана "мүмкүнчүлүгү" бар. Ошондуктан бизнесмен бул өзгөчөлүктөрдү билиш керек деп эсептейм. Бул бизнесменге чечимдерди кабыл алуу учурларында ийкемдүү жана салмактуу болууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле жигердүү өнүгүүгө жана бизнес үчүн керектүү мезгилде пайдалуу ыкмаларды жасоого жана туура чечим кабыл алууга чоң жардамы тиет.

Эң башкы кеңеш – бул кредит алуу учурунда «ооба» жана «жок» дегендердин баарын тыкыр салмактап өлчөө керек болот. Сизде так жана ачык максаттын элеси, күтүлүүдөгү натыйжанын жана мүмкүн боло турган бардык тобокелдиктердин эсептөөсү болушу керек.

– Маегибиздин соңунда окурмандарга кандай каалоо-тилектерди айта аласыз?

– Өзүңө жана өзүндүн күчүңө ишенүү абдан маанилүү! Бизде базардан эң кичине соода түйүнүнөн баштап, азыр чоң-чоң дүкөндөрү бар кардарларыбыз бар. Алар өзүнүн бизнестеги акча жүгүртүүсүн жана үй-бүлөсүнүн кирешесин гана көбөйтпөстөн, өлкөнүн бюджетине салык төгүмдөрүн да көбөйтүштү. Чынын айтсам, ушундай адамдар менен сыймыктанам. Алар эч кимден жардам күтпөстөн, өздөрүнүн жашоо-турмушун бир топ деңгээлге жогорулатышты. Күндөн-күнгө өзүнүн гана үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн иштебестен, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн да иштеп келишет. Менин оюмча, ушунун өзү эле чыныгы патриоттуулук!

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:

• "Халык Банк Кыргызстан" ААКсы 2018-жылы өзүнүн 95 жылдык мааракесин белгилеген "Казакстан Эл банкы" банкынын туунду компаниясы болуп саналат.

• "Халык Банк Кыргызстан" 14 жылдан ашык мезгилден бери Кыргызстандын рыногунда өз ишмердигин ийгиликтүү жүргүзүп келе жатат.

• "Халык Банк Кыргызстан" ААКсынын бүгүнкү күндө: Бишкек шаарында, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу, Чолпон-Ата, Каракол, Өзгөн жана Ноокат шаарларында 19 бөлүмү жана 4 көчмө кассасы бар.

• "Халык Банк Кыргызстан" универсалдуу банктын статусуна ээ жана өзүнүн ишмердигин №044 банктык лицензиясынын негизинде жүргүзөт.

• Мамлекеттер аралык эсептөөлөрдө Банктын кардарларын тейлөө үчүн Германиянын, АКШнын, Орусиянын жана Казакстандын ири банктары менен корреспонденттик мамилелери түзүлгөн.

Үмүт Ырысбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан