Омар: «ШОУ-БИЗНЕСТЕ АЛДЫГА ОЗУП ЧЫККАН ЫРЧЫЛАР ЖОК»

Кыргыз шоу дүйнөсү

«Жан тумарым» деп назик үн созгон Омар былтыр АКШга билимин тереңдеткени кеткенинен баарыбыз кабардарбыз. Эми минтип жыл айланып ырчы жигит мекенине кайрылып келип отурат. Бир жыл бою Омар кайда, кимдин колун кармап жүргөнүн өзүнөн сурап көрөлү.

Толук аты-жөнү – Жанышов Өмүрбек
Туулган жылы –
1988-жыл, 19-ноябрь
Туулган жери
Бишкек шаары
Билими
БФЭТ, Улуттук университеттин юридикалык факультети
Жашаган жери
Алтын-Ордо
Үй-бүлөлүк абалы
Бойдок
Бою – 183 см Салмагы
77 кг
Бут кийиминин өлчөмү
43
Фобиясы
Скат, жылан
Кыздардагы баалаган сапаты
Ыймандуулук, мээримдүүлүк, токтоолук
Репертуарындагы ырлары – “Жан тумарым”, “Let me be your boyfriend” ж.б
.
Учурда – Жеке ырчы

– Омар, мекениңе куш келипсиң. Сапарың кандай болду?
– Сапарым байсалдуу болду десем жаңылышпайм. Максат кылып барган окуумда окудум, өзүм каалаган жумушта иштеп, өзүмдү-өзүм каржылай алдым дегендей...
– Окууң жөнүндө кеп козгоп берсең...
– Көпчүлүк мени университетте окуйт деп ойлошот экен. Мен англис тили жана математикадан кошумча билим алып, сертификатка ээ болдум. Андан сырткары ырчы болуп иштеп, жетишерлик акча таптым.
– Айтсаң, Америкага барганга чейин кандай элең, келгенде кандай адам болуп келдиң?
– Жашоомдо көп деле нерсе өзгөргөн жок. Бирок аң сезимим, чындыгында, өстү, жакшы маданиятты көрүп келдим. Албетте, америкалыктардын жакшы да, жаман да жактары болот. Алардын жакшы жактарын өзүмө алганга аракет кылдым. Эң негизгиси, адамга керектүү чыныгы этиканы үйрөндүм. Эркин болбосо да англис тилин өздөштүрө алдым.
– Американын шоу дүйнөсү кандай экен? Өзгөчөлүгү, айырмачылыгы...
– Ал жактын шоу дүйнөсү ар тараптан жогорку деңгээлде өнүккөн. Биздегидей бир ыр мода болбойт. Анткени ал жакта, биринчиден, эл көп жана шоунун бардык түрү өнүккөн. Көчөлөрүнөн жөнөкөй чараларды барабан кылып каккан таланттарды көрүп, чыныгы ырчы ким экенин түшүнөсүң. Эли да фонограмма менен чыныгы үндү айырмалай билишет. Айрым ырчылар айтып калышат го “мага Америкада кал деп сунушташты” деп, менин оюмча, алардын баарына ишеништин кажети жок. Сунуш түшүшү мүмкүн, бирок ал жакта миллиондогон ырчылар бар. Алардын арасынан суурулуп чыкканда гана мындай мүмкүнчүлүк болсо керек.
– Бош убактыңды кандай өткөрүп жүрдүң?
Казак досторума кошулуп мексикалык, бразилиялык балдар менен футбол ойнодум. Кээде жеңилсек, кээде жеңип да жүрдүк. Алар “силер да футбол ойногонду билесиңерби?” деп таң калышчу. Андан сырткары күрөшкө барып турдум.
– Голливуддун жылдыздары менен жүз көрүшө алдыңбы?
– Бен Аффлек, Том Круз, транс музыкасынын ханы – Тиесто, Дэвид Гетталарды көрдүм. Мен иштеген ресторанга Орусиянын көрүнүктүү ырчылары келип эс алып кетишчү. Ошондой эле көптөгөн ийгилик жолунда жүргөн адамдар менен пикир алыштым.
– Жеке чыгармачылыгыңды таштап койгон жоксуңбу?
– Америкада алдыңкы аты чыккан ресторанда, клубда ырчы болуп иштеп, көп нерселерди үйрөндүм. Келер алдында Нью-Йорктон “Кош жүрөк” деген ырыма клип тарттык. Ал эми калган ырларды болсо жүрөгүмө жазып келдим. Аларды, буюрса, акырындап жаздыра баштайм.
– Акчаны жакшы көрөсүңбү?
– Акчаны чеги менен жакшы көрөм, жаман көрөм дебейм. Эркек киши баары бир үй-бүлөсүн багышы керек. Акылдуу, бир нерсеге жетишем деген эркек акчаны канчалык көп тапса, ошончолук жакшы. Ал эми акчаны жакшы көрбөйм дегендер жөн гана алсыз адамдардай сезилет.
– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Сүйлөшкөн кызым жок.
– Негизи, сенин кыздарга убактың жокпу же көңүлүң жокпу?
– Көңүлүм бар, убактым аз болуп турат. Ушул убакка чейин мүнөзүмө төп келишкен кызды кезиктире элекмин. Азырынча кыз сүйүп сырдашканга муктаж эмесмин десем да болот.
– Анан сүйүүгө качан убакыт табасың?
– Буюрса, 26 жаштан кийин кыз жандай басканым туура болсо керек. Ошондо издештире баштасам дейм.
– Сен үчүн идеалдуу жолугушуу...
– (Көпкө ойлонуп) Чынында, бул тууралуу ойлонгон эмес экенмин. Мага кымбат баалуу ресторан же башка жерлерде жолугушканга караганда жөнөкөй гана кафеде жолугушуу жагат. Негизи эле жөнөкөйлүктү баалайм.
– Кыргызстанга келгенде кандай сезимдерге чулгандың?
– Албетте, ал жактагы досторум менен коштошуу кыйын болду. Бирок Кыргызстанга келгенде учактан түшөрүм менен мекенимдин абасынан кере-кере дем алып, кубанычка баттым. Бир гана нерсе, бизде түш болсо, ал жакта түн. Ошого күн-түн алмашкандай, бир аз уйкусуроо болуп турат.
– Жакынкы убактарда ал жакка барууга убактың барбы?
– Экинчи барбайм деп так айта албайм. Азбы-көппү, АКШдан көп досторду арттырдым. Жер шары чоң болгону менен тегерек, андыктан бири-бирибиз менен катташып барып-келип турабыз деп ойлойм.
– Сен патриотсуңбу? Патриоттукту кандай түшүнөсүң?
– Мекенчил адам эли үчүн жанын сайып кызмат кылышы керек дегенден алысмын. Азыркы мезгилде кыргыз элиме мен патриотмун деп төш каккандар эмес, уят-сыйытты билген, абийири таза адамдар керек. Америкадан Эрмекти тосуп алганда «Кыргызстан» деген жазуусу бар футболкаларды кийип тосуп алдык. А Эрмек бизден ашып, ак калпак менен комузун көтөрүп келиптир. Ошондо жүрөгүмдө кадимкидей патриоттук сезим ойгонуп, көзүмө жаш тегерене калды.
– “Шоу-бизнесте дос болбойт, атаандашуу болот” дешет...
– Азырынча Кыргызстандын шоу дүйнөсүнөн озуп алдыга, дүйнөлүк масштабга чыккан адам жок. Андыктан атаандаш болбой, тескерисинче, достошо билсек. Биздин ырчыларыбызды америкалыктар тургай, ал жактагы орустар деле таанышпайт.
– Сен үчүн атак-даңк бул...
– Атак-даңк мен үчүн чоң ролду ойнобойт. Эң негизгиси, ким эмне кылса да, ошону далилдей билиши керек.
– Адамдагы кандай сапаттарды жактырасың жана жактырбайсың?
– Айрым ырчылардын “жаман көргөн сапатың?” дегенге “мен ишенчээкмин. Ошонун айынан көп алданып калам” деген сөздөрүн окуп алып жиним келе берет. Чын-чынына келгенде, бул өзүн-өзү жарнамалоо, пиар кылуунун бир жолу деп эсептейм. Америкада мындайларды “дешёвый пиар” деп аташат экен жана бул уят катары кабыл алынат. А өзүм жөнүндө айтсам, эч качан калп айтпаган, ушакты жөн гана кулагынан өткөрүп койгон адам болбойт. Менде жакшы сапаттардын баары бар деп айтпайм. Кемчиликтерим деле жок эмес. Бирок булардын баарын атап отурбай, жеңгенге аракеттенем.
– Америкада кандай кызыктуу окуяларга кабылдың?
– Жогоруда айткандай, клипти Атлантика океанынан тарттык. Берилип сууга түшүп ырдап жаткам, бир маалда эле карасам, чоң кара скат мени курсагыма жакындап калыптыр. Жүрөгүм түшүп кала жаздады. Кийин да балдар менен океанга түшкөндө улам карап жаттым. Ошондон улам скат менин фобиям болуп калды.
– Маегиңе рахмат, Омар. Көздөгөн максаттарыңа жет.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Латыш
2010-08-02 14:08:55
Омар сени Америкада официант болуп иштеп журот дешет ко, ошо чынбы?
0
Jizusa
2010-08-03 00:59:45
oficiant bolup i6tese emne bolot eken? e4 kim any vse ravno bilbeit da, men Omar jonyndo AKWga kelgende gana bildim, a tak bul balany daje kee bir kyrgyzdar bilbeit
0
kinostan
2010-08-04 23:37:13
Омар сени, бАмерикада бай киши менен чогуу жашап журду деп жатышат, ошол чынбы!!!
0
dekg
2010-08-05 01:48:21
koro albastyk degen bizde bar,
oshonl sapat menen kyrgyzbyz.
kokto janyp turgan kun degen bar,
oshonduktan biz chachyrandy jyldyzbyz.
ee koigulachy kyrgyz elim koro albastyk degen kachan kalat bizde!oficiat bolup ishtese emne eken anyn emnesi jaman.boton elde ,boton jerde oficiant bolup ishtese da bul choon jetishkendik.
0
Cholpon
2010-08-05 03:46:35
sozdun kyskasy keptin nuskasy...
0
Cholpon
2010-08-05 03:47:04
birok bul yrchyny taanybat ekenmin chyndap kelse.
0
alfia
2010-08-07 14:28:47
Азаматсын чет жерде журуп мекендин баркын билесин) Менин да максатым Америкага баруу) Кыргызстанды сагынып Россиянын Томск шаарында турган кезим
0
alexandra
2010-08-08 04:31:43
Omar, Bostondogu orus-evreylerdin Noviy Arbat degen restoranynda ishtegenindi emne uchun jashyrasyn? Ayta berbeysinbi? Orustar menen ishtedin ele go? Kerek bolso senin managerin Eduard degen kishini taaniym, oshoni aytip koyboysunbu?
0
Латыш
2010-08-12 19:33:40
Кайдагы коралбастыкты айтып жатасынар, биз болгону суроо берип жатабыз. Мына акырындан далилдер да чыга баштады. Элди окуп журом алдап эмне керек? Чынын айтса деле а бала иштеп атыптыр деп коймокпуз
0
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан