Өспүрүм тыпылдап кетип бара жатты. Жүзүндөгү терлер тып-тып. Бирок чарчаса да токтобой үйүнө жетип, жонундагы 5 жашар карындашын төшөккө жаткырды. Ал уйкусурап быйтыйган колдорун агасынын коюнуна салды. Ушундай адаты бар. Алакандары менен агасынын жүзүн сыйпалап бар экенин сезип, анан уктайт. Карындашынын таноосунан келген жумшак жытты искеп жатып, магдыраган өспүрүм дагы уйкуга жетеленди.
– Аа-аа! Алып кетпегиле Аруукени, карындашым жанымда калсын. Арууке-ее! Ал менсиз уктабайт!
Бакырып түшүндө сүйлөнүп жатып ойгонду. Жигиттин минтип бакырганына жанындагылар көнүп калгандай кайдыгер. Өзү дайым кара терге түшүп жатып ойгонот. Жүрөгү куду биринчи күндөй ээнсиреп көзүн ачат. Жонунда, жүрөгүндө, жашоосунда 5 жыл гана жүргөн карындашын издеген түш канча жылдан бери аркасынан кубалап келе жатканын, бир өзү, бир Кудай билет. Алгач апасы Түркияга иштегени кеткен, кийин өгөй апасы... Алар атасы менен калышкан. Аны бар дешке деле оозу барбайт. Сөлөкөтү жүргөн менен, алардын жашоосунда жок эле. Бирок Арууке анын жашоосунда бар болчу. Топтоголок, капкара көздөрү менен агасына сүйкүмдүү тиктечү.
– Мен сени табам!- деди жигит ишенимдүү.
Окурман, мигранттын балдары 10 жаштагы Айдар менен 5 жаштагы Аруукенин баянына ыйладым. Эч кимиси жок 2 жыл өздөрү жашап, карындашы ооруп калганда балдар үйүнө өткөрүлүп, бири-биринен айрылып калышкан эки бир туугандын тагдыры сизди кайдыгер калтырбайт деп ойлойм.