КЫРГЫЗДА АТАБЕКОВ, КОРЕЙДЕ G-DRAGON

«В Москве есть Билан, а у нас Атабеков» деген тамашалуу ыр саптары эсиңиздеби? Ушул ыр сабындагыдай Кыргызда Атабеков болсо, Корейде G-Dragon. Учурда дүйнө жүзүн каптаган К-рор агымына күйөрмандык кылгандар менен катар, К-рор ырчыларынын ыр, бий, кийим тандоодогу окшоштуктарын сындагандар да аз эмес. Бүгүнкү биз сөз кыла турган каарман окшоштукту ээрчигендердин катарына кирбейт. Ал музыкада болобу, мода тармагындабы рулду өз колуна алып, көпчүлүктү артынан ээрчите турган адам. Көптөгөн корей жылдыздарынын кумирине айланган G-Dragon ким? Жоопту төмөндөгү макаладан табасыз.


КВОН ЖИ ЁН

Туулган жылы – 1988-жыл, 18-август

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою – 174 сантиметр

Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, эжеси бар

Сахнадагы лакап аты (никнейм) – G-Dragon (GD)

Лейбл – YG Entertainment

«Big Bang» тобунун солисти, рэпер, композитор, продюсер, модель

КВОН ЖИ ЁН БАЛАЛЫГЫН ЭСКЕРЕТ

-Үй-бүлөдө кенжеси болгондуктан эркелеп жүрүп эле чоңойдум. Үйдө жүргөндө кыйшалактап бийлей берсем керек, ата-энем мени балет ийримине алып барышты. Анда мен 5 жашта элем. Ал жакка барганда колготки кийгизип, 1-2 күн бийлеткенден кийин эле «кетем» дедим. «Көнүп кетесиң» дешти. Балээсине көнөмбү... Бийге баргандан кеткенге чейин ыйлачумун, 2 ай күтүштү, акыры ата-энем жеңилип, балет бийчиси болбой калгам.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КАДАМ
Квон 6 жашка чыкканда, 1994-жылы «Тхэбэк тоолору» тасмасында эпизоддук ролго тартылат. Бул анын актёрдук дебюту болчу. Эпизоддук ролго тартылса да талантын байкагандар аны жарнама тармагына чакырышып, моделдик таланты ачылган. Ырдаган, бийлеген, аз да болсо жүзү таанылып калган балакай 1995-жылы өзүнө курдаш балдардан түзүлгөн «Little Roo’Ra» тобуна кирет. Бирок көп өтпөй топ тарап кетет. Буга нааразы болгон Квон Жи Ён «мен эми ырчы болбойм» деген чечимге келген. Капа болгон баласын эс алдыруу үчүн үй-бүлө лыжа тебебиз деп тоого чыгышат. Кызыгы, Жи Ёндор барган жерде музыкалык фестиваль өтүп жаткан болот. Баягы ырчы болбойм деп жаткан Квон чыдай албай фестивалга катышып, 1-орунга ээ болгон. 1-орун менен кошо ага
SM Entertainment агенттигинен иштешүү сунушу түшкөн.

РЭП ДҮЙНӨСҮ
Агенттикте 5 жыл стажировкада жүргөн Квон «5 жыл аралыгында бийчилик өнөрүмдү өнүктүрдүм. Бирок бир күнү ойлонуп жатып, «мындан ары эмне кылышым керек?» деген суроого такалдым. Жообум жок болчу. Максатсыз жүрө бербейин деп агенттиктен кетип калдым» дейт. Мектептеги окуусу менен алышып жүргөн Квон рэперлердин чыгармачылыгына кызыгып, достору менен рэп айтып, кайрадан сынактарга катыша баштайт. Акыры ал YG Entertainment агенттиги менен иштешүүгө макулдугун берген. Кайрадан 5 жыл стажировка. Бирок бул аралыкта бий эле эмес, ыр, обон жазуу, аранжировка тармагын да үйрөнгөн. 2006-жылы «Big Bang» тобу түзүлүп, G-Dragon (Квон) анын лидери аталган.

К-РОР’ТУН БАШАТЫ – «BIG BANG»
«Агенттиктин директору мага үй тапшырма катары күнүгө бирден ыр жазуумду талап кылчу. Баарын угуп, тандап, кеңешин айтып турар эле» дейт Квон. Ал өзүм жалгыз аткарып чыгам деп жазган «Lies» ырын угузганда, жетекчиси ыр топко ылайыктуу экенин айтат. «Big Bang» тобунун музыка дүйнөсүнө атын тааныткан мына ушул ыр болгон. Топко ыр, обон жазып, аранжировкасы менен алектенген Квон топтун дүйнөлүк хитке айланган «Last Farewell», «Haru Haru», «Fantastic Baby», «If You» чыгармаларын жараткан. Топтун 2012-жылы жарык көргөн «Alive» альбому дүйнөнүн 40тан ашык мамлекетинде музыкалык чарттарды ээлеп турган. Бул корей топторунун арасындагы алгачкы ийгилик болчу. 2015-жылы дүйнөлүк турнеге чыгып, жалпы эсеп менен 2 миллионго жакын көрүүчү топтогон «Big Bang» К-рор’тун учурдагы жүзү болуп келе жаткан «BTS», «EXO» жана «BLACKPINK» топторуна жол ачып берген. «Big Bang» 140 миллиондон ашык нускадагы альбом сатуу менен «Дүйнөдөгү эң өтүмдүү топ» делинип келген «Backstreet Boys» тобун артта калтырган. Учурда «Big Bang» тыныгууда, анткени топтун 4 жигити аскердик кызматын өтөп жүрүшөт. Ал эми биз сөз кылып жаткан Квон Жи Ён 2019-жылдын октябрь айында аскерден келет.

20 ЖАШЫНДА «МЫКТЫ КОМПОЗИТОР» НААМЫН АЛГАН
«Last Farewell», «Day By Day» ырлары G-Dragon’го «2008-жылдын эң мыкты композитору» наамын алып келген. Топ менен кошо жеке ырчылыкты чогуу алып кетүүнү каалаган G-Dragon 2009-жылы өзүнүн алгачкы «Heartbreaker» альбомун чыгарат. Кайрадан биринчилик жана «Жылдын альбому» наамы G-Dragon’дун сыйлыктар тизмесине кошулган. Музыканттын стандартка камалбаган чыгармаларды жаратканы, ар дайым жаңы формат ойлоп тапканы корей музыка дүйнөсүндө аны легендага айлантты десек жаңылышпайбыз. Бирок ырчыны бир гана ийгилик эмес, ызы-чуу да көп коштойт. Бирде «баңгизатын колдонгон» дешсе, бирде «ыры плагиат», «ырларында коомдук адепке туура келбеген сөздөр бар» деген сындарга кабылат.

G-Dragon’дун 2017-жылы USB-флешка форматында чыккан «Kwon Ji Yong» альбому дүйнөнүн 46 мамлекетинде iTunes’та лидерликке чыккан. Мындай ийгиликке бир дагы корей ырчысы жете элек болчу. Ушул эле жылы дүйнөлүк турга чыккан G-Dragon Азия, Европа, АКШнын 29 мамлекетинде концерт коюп, жалпысынан 700 миңге жакын көрүүчү топтогон.

«МОДАНЫН ПАДЫШАСЫ»

Бул наамды күйөрмандары ырчыга бекеринен беришкен эмес. «2008-жылдын саркеч адамы», «Эң таасирдүү эркек», «Моданын падышасы» наамдарынын баарын ырчыга мода дүйнөсүнүн адистери ыйгарышкан. Кийинүү стилине, чач жасалга, келбетине эксперимент жасагандан чочулабаган G-Dragon’ду Сеул, Париж же Гамбургда болобу «Chanel» брендинин көргөзмөлөрүндө VIP-орундукта отурганын көрүүгө болот. Дүйнөлүк топ-модель Белла Хадид менен Кытайдагы «Vogue» журналынын башкы бетине чыккан рэпердин супер фотомоделдерден айырмасы жок экенин айтышат. 2017-жылы «Chanel» мода үйү менен келишим түзүп, GABRIELLE баштыктарынын жарнамалык жүзү болгон Квон өзүнүн да «PeaceMinusOne» аттуу кийимдер коллекциясын чыгарат. Өзгөчө спорттук бут кийимдерди чыгарганга кызыгат. «Квон, эртерээк кел, сенсиз мода токтоп калды» деп күйөрмандары Квондун аскерден келишин чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

КВОН АЙТАТ:

«Жалгыздыкты жактырам. Бирок кесиптештерим мени «зомби болуп каласың» деп ар кайсы жакка чакыра беришет. Жалгыз жүргөндө «зомби» болгонум менен, сахнада G-Dragon’мун».

«Мен эс тарткандан бери эле тытынып иштеп келе жатам. Кээде ойлоном, качан бүтөт баары? Өзүм үчүн жашаганды үйрөнүшүм керек. Баарыбыз үйрөнүшүбүз керек».

«Саякаттаганды жактырам. Бир гана кооз аймактарды эмес, кейиштүү абалдагы жерлерди да көрсөм дейм. Бардык суроого жоопту ошондой кейиштүү жерлерден табасың...»

«Мага баары жеңил десеңер, адашасыңар. Канчалык оор экенин айтып отуруунун кажети жок го дейм. Бирок сахнага чыкканда, өзүмдүн ырларымды аткарганда, күйөрмандардын колдоосун укканда баарын унутам. Көрүшпөй калсак да баарыңарга кутман таң, кутман күн, кутман кеч каалайм!»

Урматтуу К-рор күйөрмандары, мындан ары «Супер-Инфонун» ар бир санынан корей жылдыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуй аласыздар. Кайсы жылдыз жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Mikra
2019-06-24 11:05:46
Кейиштуу жерлерди коргум келет дейтго.эс алам ошол жерлерден дейби.кейиштуу жерлер кооооп Кыргызстанда.Умут жаны конушуна келсен чандан чачынды боёонун кереги жок болот.биздин окмот жолдорун ондобой калды окшойт сен келип ондоп берсен кана.
+8
Azatbek.Svoboda.
2019-06-25 17:42:00
Кыргызстанга келсин анда.
-1
souza.j
2019-06-27 12:45:28
2019 октябрда аскерден келген дейт.
0
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан