14-июнь күнү Индиянын медицина ассоциациясынын (IMA) 30 миңден ашуун кызматкери 24 сааттык иш таштоо жарыялап, көтөрүлүшкө чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, Индиянын Батыш Бенгалия штатындагы клиникалардын биринде каза болгон бейтаптын туугандары клиниканын кызматкерлерине кол салган. Көтөрүлүшкө чыккан кызматкерлердин айтымында, бул алгачкы кол салуу эмес, мындай көрүнүштөргө медицина кызматкерлери байма-бай туш болушат. Ошондуктан алар бийлик тараптан алардын укугу корголушун жана коопсуздугун камсыз кылып берүүсүн талап кылышкан.
Дамира Арстанова
koom@super.kg