ЖҮЗ КАЙГЫГА БИР КҮЛКҮ...

Күлкү – ден соолуктун мүлкү

Чукугандай сөз тапкан куйкум сөздүү куудулдардын карааны көрүнбөй калды. Оош-кыйыштуу күндөрдү башынан кечирип жаткан кыргыз элинин жүзүнө жылмаюу, көөдөндү жарчу күлкү тартуулап, куудул агалардын тамашаларына орун берели.

РЫСБЕК ОФИЦИАНТТАН
ҮЙ СУРАПТЫР
“Бешиликтин” беш жигитинин бирөөсү Рысбек Жантөрөев Оштогу бир кафеде куудул достору менен отуруп калат. Рысбекти таанып калганбы же жактырып калганбы, айтор, улам эле официант кыз келип “баары жакшыбы, эч нерсе керек эмеспи?” деп сурай берет.
– Ооба, рахмат, баары жакшы,- деп отурушат. Бир убакта баягы официант келип, дагы ошентип сурайт. Анда Рысбек:
– Чоң кыз, баары жакшы. Болгону, Бишкекте батирде турам. Үйүм жок эле да, үй керек эле,- деп жооп берип, официантты уялткан экен.

БОРОНЧУ МОНЧОГО БАРГАНДА...
Куудул Борончу Кудайбергенов шаардагы мончолордун бирине барып калат. Жуунуп жатса, бир жигит келип таңыркай:
– Сиз Борончу белеңиз?- дейт.
– Ооба, жигит, таанып турасыңбы?
– Ийи, мен сизди телевизордон эле көрчү элем. Сиз да ушул мончого түшөсүзбү?- десе, Борончу:
– Кызык, анан эмне, аялдардын мончосуна түшөйүнбү?- дептир.

“МАЯК” БЕРГЕН САНЖАРГА ЖАКУТ ЖЕТИП БАРГАНДА...
Жакут Сыдыковдун телефонуна Санжар Бердибеков улам эле “маяк” бере бериптир. Ансыз да үйүндө зеригип отурган Жакут «эмне эле “маяк” берип калды?» деп туура Санжардын үйүн көздөй жөнөйт. Эшиктин алдына келгенде Санжар дагы “маяк” берип тийишет. Ошондо шарт кирип барган Жакут:
– Эй, эмне “маяк” берип жатасың, деги тынччылыкпы?! Сенин эле эмес, менин да телефонумда бирдик жок, досум. Ошон үчүн сенин үйүңө урдуруп келе бердим,- деп аяшы экөөнү күлкүгө бөлөптүр.

ДӨӨЛӨТ МЕНЕН ЖАМБЫЛ ЖАКАЛАШЫП...
Бир концерттен соң куудулдар топтолуп отуруп калышат. Зеригип отурган Келдибек Жамбылга шыбырайт.
– Жамбыл, туура, сенин чачың эрте түшүп калган, бирок эми кечке эле таз деп айта беришеби?- дейт. Анда Жамбыл:
– Дагы ким айтып жатат?- десе:
– Аксакал киши сөз ташыптыр дебесин. Райондун акиминин жанында туруп алып, Дөөлөт сени кечке «таз эле таз» деп тилдеди,- деп туруп сыртка чыкса, Дөөлөт турат. Дөөлөткө басып келип:
– Дөкө, билем, сен атайылап төкөр болгон жоксуң, эми Кудайдын кылганы да, анан эмне эле сен байкушка асыла беришет десең?- деп коёт экен.
Дөөлөт капаланып:
– Ушул сөздөн кутулбас болдум, ким айтты?
– Аксакал киши сөз ташыйт дебе, баягыда акимдин жанында Жамбыл кечке эле “энеңди урайын, Дөөлөт чолок десе” деп сөгүнүп жатты,- деп айтып коюп басып кетет. Кайра кирсе, Дөөлөт менен Жамбыл жакалашып калган болот. Жылмая күлгөн Келдибек:
– Аксакалдын алдында жакалашкандан уялбайсыңарбы?!- деп экөөнү уруштурганына күлүптүр.

МАИчилерден КАЧКАН КҮМӨНДӨР
Күмөндөр Абылов Нарындан келатса, Кочкордун постунан МАИ кызматкерлери тосот. Таяк көтөрүп турган МАИ кызматкерлерин тамашага салмакчы болуп, аларга токтогондун ордуна кайра машинасын катуу айдаган бойдон ойкуп-кайкып жөнөйт. Жол эрежесин бузуп, тосконго токтобой кеткен айдоочуга жини келген МАИчилер баягы машинанын артынан кубалап жөнөшөт. Күмөндөр болсо ого бетер катуулата айдап, токтобойт. Ошентип, кубалашып отуруп Балыкчыга жете берерде куудул акырын келип жол жээгине машинасын токтотот.
Ызырынган формачандар келип, машинанын эшигин ачканда Күмөндөр акырын башын көтөрүп: «Ийи, ырас кармабадыңарбы, даана “бандитти” кармадыңар» деп тигилерге элүү сом акча сунса, алар күлкүлөрүн тыя албай, «байке, кечирип коюңуз, сиз экениңизди билбей эле...» деп сунган акчаны албай жатышса, куудулданып жөн турбай: «Ме, керек болот. Жөн эле таягыңарды көтөрүп 20 сом албай, ушинтип эмгек кылып 50 сом алгыла да»,- деген экен.

АБДЫЛДА ЖАМБЫЛДЫ ЖАЙЛАПТЫР
Абдылда, Рахман, Жамбыл үчөө концерт коюп, капчыктарын кампайтып келишет. Эртеси эле Жамбыл
берки экөөнөн “акча берип тургула” деп сурайт. Анда Абдылда:
Эй, Жамбыл, сен акчага бир нерсе алып жеп жатасыңбы же акчанын өзүн жеп жатасыңбы?- деп жайлаптыр.

ТАМАК КӨРБӨГӨН ДӨӨЛӨТ МЕНЕН ИРЕК
“Дөөлөт Мадымаев менен Ирек Кыдырбаев тамак жеген боюнча алдына киши салдырышпайт”,- дейт куудул Кабыл Бөрүбаев. Экөө дайыма эле тамакка мелдеше беришет экен. Бир күнү Оштогу бир мантыканага кирип калышат. 50 даанадан манты жемекчи болушуп, кайра 40тан 80 манты алышат. Ашпозчу “жамаатыңыздар менен жейсиздерби?” деп сураса, “ийи, ооба” деп коюшат да, жеп киришет. Бир маалда экөөнүн жеп жатканын көргөн ашпозчу “бизден белек” деп тарелкага 5 манты салып келсе аны да жеп коюшуп, ашпозчунун эсин эки кылышыптыр.


Жылмайып коюңуз!

Бир жигит Орусияда 6 ай жүрүп келсе, аялы 2 айлык боюнда бар экен. Анан “кимден эле кимден?!” деп жиндилик салып жатат дейт. Кошуналарын чакырып:
“Өз оюңарды айткыла, аялымдан «кимден?» деп сурасам, “3-күч кылды” деп жатат.
Ушул кантип болсун?! 3-күч кана, ким, силер билесиңерби?” десе, бир аксакал чыгып:
– Оо, балам, ушуга ушунчабы?
– Эмне мынча кыйкырасың?!
– Ой, 3-күчтү азыр сен эмес, элдин баары таппай жатат,- дептир.

Бурул Исмаилова
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Mametov
2010-12-07 01:37:28
Ушул бетти даярдаган адамга чоон ыраазычылык билдирем!!!Дагы коп-коп жаза бериниздер.
0
miron
2010-12-20 22:34:57
жакшы бирок.3 кучко тушунбодум?
0
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан