Чай кайнатып жүргөн чайнектерде кебердин болуусу табигый көрүнүш. Кебер – бул суу түтүктөрүндөгү суунун курамындагы кальций жана магнийдин туздарынын топтолуп калышы. Сууну кайнатуу мезгилинде суунун түзүлүшү өзгөрүп, кебердин жарала тургандыгы баарына маалым.
Анын бир нече бөлүкчөсүн адам жутуп алса эч нерсе болбойт. Эгер кебер организмге дайыма кире бере турган болсо (чай же кофе менен), анда зыян. Ашказанга барган кебер ашказан маңызы жана туз кычкылынын таасири менен эрийт да, канга сиңип, кан тамырлар аркылуу ички органдарга, анын ичинде бөйрөккө тарайт. Ашыкча туздар муундарда топтолот, кан тамырларды бууп калат, ал тургай бөйрөктө таштын пайда болуусуна жеткирүүсү мүмкүн.
Андыктан чайнекте кебердин пайда болгонун байкап калсаңыз, аны дароо кетириңиз. Кебер ысыкты начар өткөрөт, андыктан чайнек көпкө барып кайнайт. Ал чайнектин иштен чыгуусуна да жеткирет.
УКСУС МЕНЕН КЕТИРҮҮ
Чайнектин моюнуна чейин муздак суу куюп, үстүнө 2-3 аш кашык уксус куюп, кайнатыңыз. Анан сууну төгүп, таза суу менен бир нече ирет чайкаңыз. Эгер кебер калың болуп бир кайнатканда кетпесе, анда айтылгандарды дагы бир ирет кайталаңыз.
ЛИМОН КЫЧКЫЛЫ МЕНЕН КЕТИРҮҮ
Чайнекке муздак суу куюп, үстүнө лимон кычкылын салып (1 литр сууга 10-15 грамм), кайнатасыз. Кайнап чыкканда өчүрүп, жарым саат коюңуз. Бул аралыкта кебер эрийт же жумшарат. Анан сууну төгүп, чайнектин ичин жакшылап тазалап, чайкаңыз. Кайра муздак суу куюп, 1 кайнатып туруп төгүп салыңыз.
СОДА МЕНЕН КЕТИРҮҮ
Чайнекке суу куюп, үстүнө 1 аш кашык сода салып, кайнатып, анан төгүп, ичин жакшылап тазалап, жууп, чайкайсыз. Кебер кетпесе муну да кайра кайталайсыз.
Канымжан Усупбаева
kenesh@super.kg