Арт-терапия – бул психология менен чыгармачылыктын айкалышы. Чыгармачылык менен алектенүү аркылуу сиз тажаткан чар-жайыт ойлордон алаксып, күч топтоп, эс аласыз. Арт-терапия жан дүйнөдө кептелип калган көйгөйлөрдөн арылтат, мээнин иштешин жакшыртат. Адистер бул жаатта төмөндөгү кеңештерди сунушташат.
АРТ-ТЕРАПИЯНЫН ЫКМАЛАРЫ:
Капаланып жатсаң, күн желесин тарт.
Адамдын мээси искусстводон таасир алат, буга арт-терапия жардамга келет. Уинстон Черчил: “Живопись – ойду алаксытууга болгон идеалдуу ыкма. Денени чарчатпай, акылды толугу менен сиңирип ала турган мындан башка жолду билбейм. Кандай гана утурумдук тынчсыздануу же келечекке карата коркунуч болбосун, сүрөт тартып баштаганда андай ойлор сиңип жок болот”,- деген. Андыктан психиканы баланста кармаш үчүн күнүгө убакыт таап, аны чыгармачылыкка арнаңыз.Динара Абдыкадырова
koom@super.kg