КЫЯЛЫБЫЗДАГЫ КЫЯМДАРДЫ ЖАСАЙЛЫ

Дасторкон

Кычыраган кышта дасторкондо турган кыям жайдын толукшуп турган кезин эске салат эмеспи. Учурда мөмө-жемиштер бышып, кыям даярдап алуу мезгили да келди. Кожойкелер, келгиле, ЖКнын 4-чакырылышынын депутаты, учурда шайлоо боюнча эксперт Динара Молдошева менен бирге кыямдын түрүн жасап, дасторкондун көркүн ачалы.

"ТАМАКТЫ ФАНТАЗИЯМА ЖАРАША ЖАСАЙМ"
– Динара эже, жасап жаткан кыямды жасоонун ыкмалары менен бөлүшө кетпейсизби?
– Биз үй-бүлөбүз менен кулпунай, малина, карагаттан жасалган кыямдарды абдан жакшы көрөбүз. Ошол себептен кыямдын ушул түрлөрүн көбүрөөк жасайм. Негизинен, атамдын бакчасында өскөн жер-жемиштерден жасаганга аракет кылам. Ишеничтүү да болот эмеспи. Мөмөнү тандоого көп көңүл бурам. Кулпунай менен малинанын акыркы бышканынан жасаган жакшы. Себеби даамдуу. Ошондой эле көлөмү да өтө чоң болбой, кыямдын көрүнүшү жакшынакай болот.
Эми даярдоого киришсек. Алгач мөмөлөр эзилип кетпеш үчүн кулпунайды башындагы сабагын албай туруп муздак сууга жууп алабыз. Тазаланган мөмөлөрдү сыр идишке салып, кумшекер кошобуз. Кыям кайнатууда шекерди теңме-тең кошсо, коюу жана даамдуу болот. 1 килограмм кулпунайга 1,5 килограмм кумшекер кошулат. Кумшекер толугу менен эрип бүткөндө гана жай отко коюп, 2 мүнөт кайнатабыз. 8-10 саат тыныктырылгандан кийин дагы 2 мүнөт кайнатып, кыямды банкаларга куябыз.
– Динара эже, канча жашыңыздан баштап тамак жасай баштадыңыз?
– 4-5-класста болсо керек, “Оливье” салатын жасагам. Негизи, торт жасаганды абдан жакшы көрчүмүн. Ар кайсы нерселерди кошуп, фантазиям менен жасай берчүмүн. Бирок камырдан жасалган тамактарды жасаган көп жага бербейт.
– Жолдошуңуз кайсы тамагыңызды тамшана жейт?
– Тамакты көп деле тандабайт. Жайкысын дымдама, ал эми кышкысын бешбармакты көп жасайм.
Жаңы кайнатылган кыям менен таттуу чай үстүндө Динара эже багбанчылык жайы бар экенин да айта кетти.

АШКАБАК КЫЯМЫ
1 килограмм ашкабакка 1,4 килограмм кумшекер, 300 грамм суу, 1 лимон керектелет.
Алгач ашкабак кабыгынан жана уруктарынан тазаланып алынат. Андан соң аны сизге жаккан формада майдараак кылып туурап аласыз. Лимонду да майдалап туурап, сироп жасоого киришебиз. Сироп үчүн 300 грамм сууну кайнатып, ага кумшекерди кошуп аралаштырып, анан ашкабакты жана лимонду салабыз да, кайнатабыз. Кыям тыныктырылып, (муздаган соң) 3 ирет 5 мүнөттөн кайнатылат.

ИТ МУРУН КЫЯМЫ
Бул кыям таңдайдан кеткис даамы менен гана айырмаланбастан, дарылыгы менен да өтө баалуу. Абдан жакшы бышкан ит мурундун мөмөлөрүнүн ичин тазалап, муздак сууга жууп алабыз. Тазаланган 1 килограмм мөмөгө 2 килограмм кумшекер, 1,5 стакан суу сарпталат. Аны сүзгүч менен сүзүп алып, майлыкка салып кургагыча аарчыйбыз. Андан соң кумшекерге сууну кошуп кайнатып, сироп даярдайбыз. Сироптун көбүктөрүн алып, мөмөлөрдү салып, алгач катуу, анан жай отко 30-40 мүнөт кайнатабыз. Даяр болгон кыямды банкаларга куюп, жаап коёбуз.

РОЗА ЖЕЛЕКЧЕЛЕРИНЕН КЫЯМ
Учурда жер-жемиштерден гана эмес, гүлдөрдөн да кыям жасоого болот. Гүлдөрдөн жасалган кыямды дасторконго койгондо жыты эле мурунду жарып, табитти ачат. Анда роза гүлүнүн желекчелеринен жасалган кыямды жасап көрөлү.
100 грамм роза гүлүнүн желекчелерине 100 грамм, ал эми сиробуна 500 грамм кумшекер жана 1 стакан суу сарпталат. Розанын желекчелерин алып, түбүндөгү ак жерин кайчы менен кыркып чыгабыз. Муздак сууга таза жуулуп даяр болгон желекчелерге кумшекер кошуп, бүртүгү жок болгуча эзебиз.
Эми сиропту камдайбыз. 1 стакан сууга 500 грамм кумшекерди кошуп, ал кайнап калганда роза эзилмесин салып 15 мүнөт кайнатабыз. Кыям муздагандан кийин бууланып даярдалган банкаларга куюп, оозун бекитип коёбуз.

ШАБДАЛЫ ЖАНА ӨРҮКТӨН ЖАСАЛГАН КУРГАК КЫЯМ
Көпчүлүк кожойкелер кургак кыямды жасоодон баш тартышат. Бирок мындай кыямдан даам таткан коноктор кожойкенин ар тараптуулугуна баа бербей коюшпайт. Анда шабдалы менен өрүктөн жасалган кургак кыямдын жасалыш ыкмасын сунуштайбыз.
Ар бири 1 килограммдан болгон чала бышкан шабдалы жана өрүккө 2 килограмм кумшекер, 4-5 стакан суу сарпталат. Мөмөлөрдү данегине жеткире бир нече жеринен жыгачтан жасалган көзөгүч менен тешип чыгабыз да, муз салынган сууга 2 саат кармайбыз. 2 саат өткөндө ошол эле сууда кайнаганга чейин жай отко коёбуз. Эми кайрадан мөмөлөрдү 1 саатка муздак сууга сала турабыз. Учурдан пайдаланып, 2 килограмм кумшекерге 4-5 стакан суу кошуп сироп даярдап, ага мөмөлөрдү салып 2-3 мүнөт кайнатабыз. Анан аны оттон чыгарып, 6-8 саатка тыныктырып коёбуз. Кийин дагы бир жолу мөмөлөр бышканча кайнатабыз. Мөмөлөрдү сүзгүч менен сүзүп алып, орточо температурадагы меште кургатып алабыз. Андан соң аларга кумшекерди себелеп, банкаларга салып, салкын жерге коюп коёбуз.

БАНАН КЫЯМЫ
Банан кыямы менен чай ичип алсаңыз, тамак бышканча курсагыңыз курулдабай, ток болуп каласыз. Банан кыямы энергия берүүчү ролду ойнойт. Бирок бул кыям көпкө сакталбагандыктан, аздан эле жасаганыңыз туура.
3-4 даана бананды кабыгынан тазалап, тегерекче кылып кесип алабыз. 1,5 стакан кумшекерге 1 стакан суу кошуп, сиробун камдайбыз. Ага кесилген бананды салып кайнатабыз. Бирок кайнатып жатканда аралаштыруунун кажети жок, себеби банан назик келип, эзилип кетет. Банан кыямы өтө эле таттуу болуп кетпеш үчүн кайнатып жатканда чай кашыктын учу менен лимон кислотасын кошуп коюңуз.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

  • Эгерде кыямдын кумшекери көп болуп калса, банкадан мискейге салып, 1 литр кыямга 3 аш кашык суу кошуңуз да, 5-8 мүнөт жай отто кайнатыңыз. Муздаганда банкага куюп коюңуз. Бирок экинчи жолу кайнатылган кыямды көпкө сактабай эле колдонуп салууңуз кажет.
  • Өтө нымдуу жерге сакталган же жакшы жабылбаган кыямдын үстүн көк басып кетет. Мындай учурда кыямды төгүп салуунун кажети жок. Көгүн алып туруп, бир кайнатып алыңыз.
  • Кыям куюлуучу банкаларды идиш жуучу каражаттар менен жуубай эле койгонуңуз оң. Кыямдын ачып кетиши көбүнчө ушундан болот. Андан көрө ысык суу менен 5-6 жолу жууган жакшы.
  • Кыямдын даяр болгонун билиш үчүн суюктугунан кичине алып кагаздын бетине төгүп көрүңүз. Эгер суюктук эки жакка агып кетпей бир жерге топтолуп калса, анда даяр болгону.
  • Кыямды банкага бекиткен соң капкактын жээгин кадимки эле вазелин менен сүртүп койсо, көпкө сакталат.
  • Эгерде кулпунайдын сабагы оңой жулунсун десеңиз, 1 литр сууга 20 грамм тузду аралаштырып, жемишти чылай турсаңыз, сабактарынан бат ажырайт.

Бахияна Сатылганова
кеnesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
elif
2010-09-27 07:09:06
itmurundu shirine,chichirkanak momolorundoy kilip ezip suzup alip da kiyam jasasa bolot.
0
elif
2010-09-27 07:11:35
anan da kiyamga kanchalik sheker az koshson oshoncholuk anin darilik kasietin saktap kalgan bolosun.1kg kulpunayga 1,5 kg sheker oto kop go,kulpunay ansiz dele tattuu da.
0
elif
2010-09-27 07:14:16
alma jana banandin ezmesine limondun shiresini sigip koyso anin tez kararmasina toskool bolot.
0
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан