ЫСЫК-КӨЛ-2019



ЖЕКЕ МЕНЧИК ҮЙЛӨР
Стандарт
– 250-500 сом жана андан жогору (1 кишиге). Тамак жасоого ашканасы бар.
Люкс – 1500-2000 сом жана андан жогору. Тамагы өзүнчө, 700 сомдон жогору.
Боз үй – 1 күнгө (2 кишиге) 1000 сом.

ЖОЛ КИРЕ БААЛАРЫ

Унаа
Бишкек–Ысык-Көл каттамы боюнча жол кире баалары (Бишкектеги батыш автобекетинин тарифтеринин негизинде 1 адамга)

Бишкек–Балыкчы
Такси – 300 сом
Кичи автобус – 200 сом
Автобус – 180-200 сом

Бишкек–Чолпон-Ата
Такси – 500 сом
Кичи автобус – 280 сом
Автобус – 220-230 сом

Бишкек–Каракол
Такси – 700 сом
Кичи автобус – 350 сом
Автобус – 350 сом

Бишкек–Кажы-Сай
Такси – 500 сом
Кичи автобус – 280 сом
Автобус – 200-220 сом

Учак
Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортунан.

Ош–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Ош аба каттамдары дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү учат. 2019-жылдын 28-июнунан тартып 1 аптада 4 рейстен каттайт. Билет баасы бир багытка болжол менен 2000-4000 сом.
Алматы–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Алматы
аба каттамы дүйшөмбү, жума күндөрү учат. 2019-жылдын 1-июлунан тартып 1 аптада 2 рейстен каттайт. Билет баасы бир багытка болжол менен 7000-10500 сом.
Ташкент–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Ташкент аба каттамы 2019-жылдын 4-июлунан тартып 1 аптада 1 рейс, бейшемби күнү каттайт. Болжол менен билет баасы бир багытка 11000-16000 сом.
Новосибирск–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Новосибирск
аба каттамы шаршемби күнү учат. 2019-жылдын 23-июнунан тартып 1 аптада 1 рейс, жекшемби күнү каттайт. Билет баасы бир багытка 8000-10000 сомдун тегерегинде.

Поезд
Бишкек–Балыкчы
каттамы. 2019-жылдын 14-июнунан 14-июлга чейин каттоочу күндөрү: жума, ишемби, жекшемби. 15-июлдан 8-сентябрга чейин күн сайын жүрөт.
Жөнөө убактысы – Бишкектен эртең менен саат 06:25те.
Билет баасы – чоңдор үчүн 69 сом, балдар үчүн (5-10 жаш) 34 сом.

КӨҢҮЛ АЧУУНУН БААЛАРЫ

Бассейн жана машыгуу залы – 200 сомдон жогору (саатына)
Сауна – 150-200 сом (1 кишиге)
Массаж – 500 сомдон жогору

Стол тенниси – 150 сомдон жогору (саатына)
Бильярд – 150-200 сом (саатына)
Караоке – 30-50 сом (бир ырга)
Кинозал – 250 сомдон жогору (1 кишиге)
Концерт – 300 сомдон жогору (1 кишиге)
Дискотека – 200-400 сомдон жогору (1 кишиге)
Карусель – 150-200 сомдон жогору (15 мүнөт)
Велосипед – 200 сом (саатына)

Кайык – 100-150 сом (саатына)
Банан – 150 сомдон жогору (1 кишиге)
Скутер – 500 сом (5 мүнөткө)
Катер – 300 сомдон жогору (1 кишиге, саатына)
Парашют – 1500-2000 сомдон жогору (1 кишиге, 1 жолку учууга)
Катамаран – 200 сом (саатына)
Теплоход – 500 сомго чейин (1 кишиге, саатына)
Дайвинг – 2500 сомдон жогору (саатына, инструктору менен)
Көлмөдө балык уулоо – 1000 сомдон жогору (1 кишиге), тоо сууларында 1500 сом (кайырмак берилет)
Парустуу яхта – 2000 сомдон жогору (саатына, 1 кишиге)
Тир – 1 ок 5 сомго чейин
Күн тоскуч – 100 сомдон жогору (саатына)

САЯКАТТОО...
Эс алуу учурунда Ысык-Көлдүн айланасындагы кызыктуу жерлерди да көрө келсеңиз болот. Гид жана унаанын акчасы менен кошо:
Чоң-Ак-Суу капчыгайы
(Григорьевское ущелье) – 800 сомдон жогору (1 кишиге)
Кырчын жайлоосу (Семёновское ущелье) – 500-700 сомго чейин (1 кишиге)
Көлдү айланып чыгуу – 2500-3000 сом (1 кишиге, Каракол шаары, Барскоон шаркыратмасы, Жети-Өгүздөгү Жарылган жүрөк тоосу, Жомок-Кууш өрөөнү)
Туздуу көл – 1000 сомдон жогору (1 кишиге)
Жер алдынан чыккан жылуу суу – 500 сомдон жогору, түшүү үчүн 200 сом (1 кишиге, Чок-Тал, Сары-Ой, Өрүктү айылдары)
Каркыра жайлоосу – 1000 сомдон жогору (1 кишиге)


Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MEERIM3
2019-06-29 13:20:44
Ыссык көлгө баргым келет. Бир да жолу барган эмесмин эх...
0
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан