Азимбек Бекназаров: «ОШ БАЗАРЫ» МЕНИН БАЛА ЧАГЫМДЫ ЭСТЕТЕТ»

Бейне

Эл арасында “март революциясынын бульдозери” деген лакап атка конгон Азимбек Бекназаров жакын арада Убактылуу өкмөттүн курамынан кетип, парламенттик шайлоого аттанмакчы. Анын учурда саясат айдыңындагы жана жеке жашоосундагы жаңылыктары менен бөлүшкөн маегибизди сунуштамакчыбыз.

– Азимбек мырза, өткөн аптада “7-апрель окуясы боюнча кылмыш иши аяктагандан кийин гана отставкага кетем” деп билдирдиңиз. Бул иштин жыйынтыгы качан чыгат?
– Өкмөттө менин туруктуу жумушум жок. Учурда прокуратура, сот, тергөө органдары боюнча координатормун. 2000-жылдан бери эл алдында саясий жана паракорчулук иштердин бетин ачам деген убадам бар эле. Анын ичинде Аксы жана 7-апрель окуялары, Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу иштери бар. Жогоруда айтылган ишимдин 90 пайызы бүтүп калды. Буюрса, 1-2 жуманын ичинде ишимден бошойм. Азыр экспертизанын жыйынтыктарын гана күтүүдөбүз.
– Шайлоого аттанып жатасыз. Эгерде парламентте орунга ээ болуп калсаңыз, алгачкы көтөрүп чыккан мыйзам долбооруңуз кайсылар болот?
– Биринчиден, Казакстандын Ысык-Көлдөгү 4 пансионатын декрет менен кайтарып алышыбыз керек. Буга керектүү кворум чогулбай, бүгүн УӨнүн 14 мүчөсүн кыдырып, кол койдуруп жатабыз. Эгерде 10 адамдын колу коюлса, демек, ишке ашат. Бирок добуш жетпей калса, анда Жогорку Кеңешке алып чыгууга туура келет. Мында Казакстандан пансионаттарды тартып алуу ою деле жок, анткени 1994-жылы эле легендарлуу парламент ага "мамлекеттин менчиги" деген мыйзам чыгарган. Биз эл аралык сотко берсек деле ак болуп чыгабыз.
Экинчиден, Кытай-Кыргызстан, Казакстан-Кыргызстан чек аралары боюнча иштерди карайбыз. Жок дегенде бир мезгилде аталган чек араларда жердин берилишин колдогон депутаттарды жоопкерчиликке тартууну алып чыгабыз.
– Исмаил Исаков менен партия­ңыздар биригиптир деп айтышууда. Буга эмне себеп болду?
– Буга чейин бир топ партиялар менен биригүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканбыз. Анын ичинде Исмаил Исаковдун “Азаттык” саясий партиясы дагы бар эле. Мындан сырткары Өмүрбек Бабанов жетектеген “Республика” партиясы менен болгон сүйлөшүүбүздүн 80-90 пайызы аягына чыккан. Жакында Суусамырда курултай өтөт. Ошондо кайсы партиянын туусунун алдында шайлоого барарыбызды аныктайбыз.
– Сиз башкалардан айырмаланып, жаштарга орун бошотуп берүү керектигин айтып жатасыз. Муну менен саясаттан тажагандай маанайыңызды билдирип жаткан жоксузбу?
– Жок. Коом өзү ар дайым жаңыла­нып турууга муктаж. Дээрлик 20 жылдан бери саясий элита жаңылана элек. Эмнегедир биздин муундагы саясатчылар аларга жол бошотпогондой, кызгангандай мамиле кылуудабыз. Акыркы 15 жылдан бери саясатта жүрүп, алдыңкы орундарга жаштарды колдогондун ордуна басмырлап келебиз. Мен “БЭК” партиясынын атынан депутаттыкка аттанбайм. Муну менен жаштарга жол бошотуп берүүнү каалайм. Бирок жаштар өздөрү “чыгыңыз” дешсе, анда ойлонуп көрөм.
Өткөндө жаңы өкмөт куралып, анын башына Амангелди Муралиевди алып келгенин туура эмес көрдүм. Анткени дал өткөөл мезгилде биз жаштарды сынап көрүшүбүз керек эле. Муну өзүнө дагы, Роза Исаковнага да айттым. Эски муун ыкшоо келебиз, белгилүү бир системага калыптанып калгандыктан, жаңы нерсени алып келишибиз оор.
– Эгерде шарт өзгөрүп, өкмөт­төн колдоо таппай калсаңыз, кайрадан оппозицияда жүрүп, күрөшүүгө даярсызбы?
– Мен өмүр бою саясатта келе жатам. Саясатты жаштарга өткөрүп, өзүмдүн кесибиме байланыштуу бир иш жасайын деген ойлор да бар. Бирок менин бир мүнөзүм бар: эгерде бир багытты тандап алсам, аны ортого таштабай, аягына чейин чыгарам. Ач боломбу, ток боломбу, анысына да карабайм. Эгерде шайлоодо биздин партия утулуп калса, жеке кызыкчылыгым үчүн оппозицияга кетпейм. Кайрадан үй-бүлөлүк башкаруу орноп же мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген күчтөр пайда болуп, өкмөт алар менен күрөшпөсө, анда мен башымды сайып болсо да кайрадан күрөшүүгө даярмын.
– Өзүңүз айткандай, жумушсуз калдыңыз, кайра бийликке келген учурларыңыз болду. Үй-бүлөнү кайсы каражат менен багасыз?
– Чоң уулум Руслан менен келиним Рахат ушул күнгө чейин “Дордой” базарында соода кылышат. Биз бир үйдө тургандыктан, алардын каражаты менен оокат өткөрөбүз. Азыр мен да иштей баштадым. Тапканыбыз ушул, кыйраткан деле бизнес жок.
– Биринчисинде “март революциясынын бульдозери” деген атка консоңуз, эми кандай атка ээ болдуңуз?
– Ушул боюнча эле калам го. 7-апрелдеги революциянын штаб башчысы болгондуктан, негизги орунду ээлегеним анык. Азыркы болуп жаткан окуяларга да көбүрөөк моралдык жоопкерчилигим бар экенин билем. Революциянын ээсимин деп айта албайм, бирок жеңүүчүлөрдүн жана катышуучуларынын биримин. “Ала-Тоо” аянтында каза болгон балдар бекерге эмес, жаркын келечек үчүн курман болгонун тастыктоо үчүн жүрөм. Мына ошондуктан азыр кызматтан толук кете албай жатам. Мен деле партиянын иштерин баштап жиберсем болот эле. Эң башкысы, таза шайлоону өткөрүшүбүз керек. Анан астейдил мемуар жазганга кете алабыз.

“ООР ТУРМУШТА ӨТКӨН БАЛА КЕЗ”
– Бала чак дегенде эмнегедир “Ош базарынын” жанындагы араба түрткөн же соода кылып жаткан жаш балдарды элестете берем. Анткени мен да ошол балдарга окшоп оор шарттагы үй-бүлөдө өскөнмүн. Аларды көргөндө “аа, биздикилер турбайбы” деп улутунам. Мындай балдар нанды “нана”, кантты “кака” дебей, тыйындын баркын билип чоңоюшат. Бир гана алар жашоодо жалтак болуп же курсагы тойбой, уурулукка басып кетпесе экен дейм. Мен мээнет кылган балдардан көп нерсени үмүт кылам.

“ӨЖӨРДҮК МЕНЕН ЮРИСТ БОЛГОНМУН”
– Бир мезгилде юристтик билимге тапшыргандар көбөйүп кеткен эле. Ата-энелер “балам прокурор болсо, кадыр-барктуу жана акчалуу болот” деп ишенишет. Бирок мезгил өз талабын аныктады. Бекеринен “илгери прокурор, азыр электрик болуу мода” деген тамаша сөз чыгып кеткен жок.
Бирок биздин убакта юридикалык адистикке өтүү мүмкүн эмес болчу. Мен "чабандын баласы дагы юрист боло алат" деп өжөрдүк менен 8 жыл бою тапшырып жүрүп, акыры окууга өттүм. Кызыл дипломдуу болгон соң ушундай эле эрегишүү менен ишке орноштум. Алгачкы ишим 1990-жылдагы Ош окуясына туш келип калып, ошол жакта 6 ай иш алып бардым.

“ӨКҮНҮЧТҮҮСҮ, ӨМҮР КЫСКА ЭКЕН”
– Өжөр мүнөзүмдүн айынан өмүр бою күрөшүп эле келе жатам. Бирок койгон максаттарыма жетем. Тилекке каршы, убакыт учкан куш сымал өтө берип, күрөш менен сааттын кандай өткөнүн билбей калам. Аялым “биз качан жакшы күндөрдө жашайбыз?” деп калат. Ошондо мен да ичимден “качан адамга окшоп жашайм?” дейм. Мына он жылдай болуп калды, майрамдарда элге окшоп үй-бүлө менен чогуу отуруу деген жок же көлгө барып эс алып келе элекмин.

“ЖЕ СЕН ҮЙ-БҮЛӨНҮ, ЖЕ ҮЙ-БҮЛӨ СЕНИ ТАНДАШЫ КЕРЕК”
– Ататүрк бекеринен “менин үй-бүлөм – мамлекет” деп айткан эмес. Ооба, саясатчылардын жеке жашоосу татаал. Же сен үй-бүлөнү тандайсың, же үй-бүлөң сени тандап алат.
Аялым үй кожойкеси, эртели-кеч үй жумуштары менен убара. Чоң уулум “БЭК” партиясында жүрөт, ага чейин жаштар кыймылын 2006-жылдан бери жетектеп келди. Экинчи балама Бакиевдин убагында иш козгоп, кууп жиберишкен. 7-апрелден кийин ошол кылмыш ишин укук коргоочулар кыскартып жиберишиптир. Мен ага каршы чыгып, “аягына чыгарасыңар же өзүңөр камаласыңар” дедим. Эрнис азыр келинчеги менен Швейцарияда жүрөт. Бир жылдай Казакстанда болуп, 1-апрелде “качкын” деген статус алып калды. Келинибиз жакында ошол жакта көз жарат. Кичүү уулум Токтогул 9-класста окуйт.

“ЖАКЫНДА ЭКИ КИТЕБИМ ЧЫГАТ”
– Революциядан кийин бош убакыттын баары жок болду. Мени кайтарган балдар машина айдатпайт, үйдөн чыгарбайт, бекинип тоого барайын десең, артыңдан жөнөйт. Буга көнө албай жатам. Буларда биринчи орунда менин көзүмдү тазалайт деген маалымат бар экен, ошондуктан күчөтүлгөн режимде коргоп жүрүшөт.
Айтмакчы, бош убакыт боло калса, 2005-жылы жана 2010-жылдагы эки революция тууралуу китеп жазуу менен алекмин. Азыр биринчиси аяктап калды.

– Саясатчы достору­ңуз сатып кетсе, эмне кыласыз?

  • Өзүндөй өч алам.
  • Көңүлгө албайм.
  • Кечирип коём.

– Мени көп эле досторум саткан. Саясат айдыңында достук болбойт, кызыкчылык болот. Мен ага капа болбойм. Көңүлгө албай, өз жолум менен кете берем.

– Кайрадан жаралсаңыз, жашооңуздун кайсы бөлүгүн өз­гөртөр элеңиз?

  • Башка кесип тандамакмын.
  • Саясатка аралашпайт элем.
  • Ушундай калтырмакмын.

– Ушул эле өмүрдү тандамакмын. Бирок көп кемчиликтерди кетирбейт элем. Мисалы, үй-бүлөлүк башкарууга жол бермек эмесмин. Анткени Бакиевди да биз алып келгенбиз. Бирок ошол эле учурда бизден дагы акчалуу, таасирдүү адамдар бар экен, алар азгырып кетип жатышты. Мунун баарын эске алмакмын.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Ceed
2010-08-02 11:19:20
Бул кишиге менин баам -5!
0
jantao
2010-08-02 23:09:31
Айткан созуно турган киши деп билем!2000-жылы депутаттыка койгондо , барып айткан : Акаевди кетирем деген.мен 5-класста окуйт элем.Элге куйгон саясатчы!Узонгу-Кууш сатылганда биринчи ким чыккан?Азимбек!
0
padishah
2010-08-02 23:29:36
Азимбек Анаркулович эл арасында журосуз жаш кадрларды даярдаган кызматкер гана элинде тарыхта калат.Жаштарды остуройлу деген калыс созунуз учун сизди колдогонго даяр жаштар.акиевди бузгандай апчебизди да бузуп салышпасын мафиоздор Акакевдин куйруктары.Коз салып журун.Алмазбек атамбаевдин амбициясы куч болгон менен тегерегинде олигарх мафиоздор чогулган...
0
adilxx
2010-08-03 10:35:15
Мен “БЭК” партиясынын атынан депутаттыкка аттанбайм. Муну менен жаштарга жол бошотуп берүүнү каалайм. Бирок жаштар өздөрү “чыгыңыз” дешсе, анда ойлонуп көрөм.oilonup korot imiw !menin oyum4a bul eski karywkyrlar dagy on jyldai biilikte tymywywat!4ynyn aityw kerek kubalap ele jiberbesen e4 kimdin kete turgan oyu da jok!adamsat bailyk menen biilikke abdan kos karandy!boton4o bisdin sayasat4ylar! je bisdin an sesim uwu
0
Debi
2010-08-04 18:05:37
Качан эл катары жашайбыз дейби? Түшүнөм. Бирок сиз менен сыймыктансын! Эл катары эмес, Кудай каалагандай жашаш керек. Азимбек байке, сизге Кудай ыраазы болсун! Ийгилик.
0
дото тытынч
2010-08-06 17:24:19
Качан акчага тойосунар,ошонун баарын о дуйного алып кете албайсынар,атанын чогулткан байлыгын,баласы бир кундо чачат болуп,куч салып элди тоногон акчанар жукпайт жана аш болбойт,Кыргызстанды такыр ункурго киргиздинер. Билимдуу илимдуу жаштарга жол бербейсинерби,Ельсинче жоксунар,омурундун аягында Путиндей алмазды калтарып кетти...........
0
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан