Аскат Сулайманов, актёр: «БИРИНЧИ ЖУБАЙЫМ ТУРМУШКА ЧЫКСА СҮЙҮНӨМ»

"Ар бир ийгиликтүү эркектин артында күчтүү аял турат" деген сөз бар кыргызда. Кыргыз кино чөйрөсүндө көрүнүктүү орду бар, таланттуу актёр Аскат Сулайманов бул ирет бизге аны жарыкка алып келген апасы, дем берген эжелери, карындашы, жубайы, кыздары, айтор, жашоосундагы аялзаты тууралуу айтып берди.

«МЕН ӨЛСӨМ САГА КАБАР ЖЕТПЕЙ КАЛАТ ДЕЧҮ»

-Апам Жамалкан Мурзакова 1951-жылы Ысык-Көл облусунун Темировка айылында туулган. Тагдыр экен, атам менен ажырашып кеткендиктен 4 баланы жалгыз өстүрдү. Бала кезде апамдын түйшүк тартканын көп деле түшүнгөн эмес экем. «Балам, балалуу болгондо билесиң» дегендей, азыр алты баланын атасы болуп, алты эмес, бирөөнүн эле түйшүгү оор экенин жон терим менен сезип отурам.

Апам түн уйкусунан калып, бизди тарбиялап өстүргөнү үчүн терең ыраазымын. Бала кезде сабактан качып, 3-кабаттан секирип дегендей, көп тентектик кылдым. Мугалимдер үйгө келип арызданышса, апам «сени жалгыз чоңойтуп жатсам, эмнеге тентектик кыласың? Бул 3 кыз сени эш тутат» деп ыйлап калчу.

Мектепти бүтүп, Казакстанга актёрлукка окууга тапшырганда апам каршы болду. Эски түшүнүк бойдон «артисттер күнү-түнү гастролдоп жүрө берет» деп ойлогон окшойт. «5 уул болсоңор бир жөн. Болот Миңжылкыев апасы өлгөндө Орусияда гастролдо жүрүп кабарсыз калып, топурак сала албай калыптыр. Мен да өлсөм сага кабар жетпей калса кантем?» деди. «Ал эски заман, апа, азыр телефон бар. Мен кайда кетеримди айтып кетем» десем, «мени өлбө дейт экен десем, өлсөң кабарымды айтам дейсиң» деп ошондо бир жолу ыйлаган. Ал кезде 17 жаштагы бала болсом, сөздүн төркүнүн түшүнгөн деле эмес экенмин.

«КАРЫНДАШЫМДЫ МЕН БАКТЫМ»

-Менин 2 эжем, 1 карындашым бар. Улуу эжем Динара Бишкекте №5 гимназияда окуп, үйгө анда-санда баргандыктан сый мамиледе болдук. Бактыгүл эжем менен абдан жакын өстүм. Ал мага тийишкен балдарды сабачу. Экөөбүз кылбаганды кылдык, такыр болбой калганда үйлөрдүн чатырына таш ыргытчубуз.

7-классымда эки эжемди тең, улуусун эртең менен, ортончусун кечинде ала качып кетишти. Экинчи эжем Бактыгүл ал кезде Балыкчы шаарында иштечү. Апам «Бактыгүлгө барып Динара эжеңди ала качып кеткенин айт. Жумуштан суранып келсин» деп жөнөттү. Автобус менен барып айтып келгеним менен, кеч кирсе да Бактыгүл эжемден кабар жок. Бир маалда «кулдугубуз бар, кудагый» деп бирөөлөр кирип келишти. Апам «уктук-уктук. Эртең менен ала качкан экен» десе, алар таң калып, «биз жаңы эле алып келдик» дешет. Апам ошол жерден дендароо болуп «чыккыла эшикке» деп кыйкырып, ызы-чуу түшүп жатып калдык. «Өзүм жалгыз болсом, куданы кантип тосом?» деп аябай сарсанаа болгон.

Ал кезде карындашым бала бакчага барчу. Апама жардам болсун деп аны көтөрүп бала бакчага алып барам, кайра алып келем, тамагын жасайм, кирин жууйм. Ошентип, 1-класска чейин бактым. Ойносом да жанымда, көлгө түшсөк да чогуу түшчү. Азыр ал карындашым чоңоюп, өз алдынча оокат кылып калды.

«АЯЛ КИШИ КӨТӨРҮМДҮҮ БОЛСО ҮЙ-БҮЛӨ БУЗУЛБАЙТ»

-«Эркек эки убакта: үйлөнгөндө анан жаңы унаа сатып алганда мээси иштебей калат» деген чын экен. Сүйүү деген ушул экен деп 19 жашымда үйлөнгөм. 5 баланын ата-энеси болдук. Акыркы кезде пикир келишпестик көп болуп, ошондон эки ажырым жолго кеттик. Үйдө уруш-талаш болуп баштаганда бир жолу «кой, андай кылбайлы» дейсиң, эки айтасың. Андан жыйынтык болбосо айласыз ажырашат экенсиң. Биз кырылышкан деле жокпуз, болгону «жашагың келбейби, менин да жашагым келбейт» деп акылдашып, анан ажырашканбыз.

Өз башымда бар, үй-бүлөдө түшүнбөстүк болгондо аялзаты эч качан «мен кеттим, ажырашам» деп кетпеши керек. Бир кетип кайра келгенден кийин жашоо мурункудай болбойт. Кеткенде алар «артымдан чуркап ата-энеси менен кошо кечирим сурап келет» деп ойлошот. Эч качан андай болбойт. Үйүнө барып алып келген күндө да кеткен жарака бүтөлбөйт. Ошондуктан колдон келишинче кетпеш керек, кетсе кайрылып келбеш керек.

Бул эми кырктан өткөндөгү акыл да. Мен билген түгөйлөрдүн көбү акчанын айынан ажырашат. «Жакшы таап келбейсиң же таап келгенди туура кармабайсың» деген сөздөр себеп болот. Азыркы заманда акча табуу кыйын. Күнү-түнү акча табам деп тытынып иштеп, үйгө чарчап келсең аялың бир нерсени айтса жарыласың да. Албетте, аны жеңип жаткандар бар, бирок аз.

Негизи мырзалар өзүмчүл келет эмеспи. Бирок мен биринчи келинчегим турмушка чыкса, ушундай жеңилдеп калмакмын. Чогуу жашаган 17 жыл оңой эмес да, ал бир тууганымдай болуп калган. «Мен үй-бүлө күттүм. Ал жалгыз жүрөт. Кантип жатат?» деп баары бир ойлонот экенсиң. Ошондуктан ал турмушка чыкса бакыт каалайм. Орустар айтмакчы, жашоого бир жолу келет экенбиз. 5 жыл мурун «эл эмне дейт?» деген түшүнүк менен жашасам, азыр өзүмдүн кызыкчылыгымды биринчи орунга коём.

Экинчи жубайым Мээримге үйлөнөр алдында «менин 5 балам бар, алар үйгө келип турушат. Эгер жактырбай, кагып-силкип, чынылар ыргып баштаса, анда жашай албайбыз. Балдарыма акча берем, "аларга эмне берип жатасың?" деп да суракка албашың керек. Мен 5 баламды сага алмаштыра албайм. Ошону кабыл алсаң гана бош кошобуз» дегем. Албетте, балдарыма да «Мээримди уккула, өгөй десеңер капа болом» дегем. Чынында, өмүр бою өгөй темасында чайналып өтсөм керек деп ойлочумун. Бактыга жараша, бизде андай болгон жок. Мээрим түшүнүктүү, балдарым да аны жеңелеп сыйлап турушат.

Аял киши бактылуу үй-бүлөнү сактап калышы үчүн эркектин айрым нерселерине көз жумуп коюш керек. Гүлнара Кахарова «эркектин артынан сая түшүп, кайдасың, ким менен жүрөсүң дебеш керек. Ал бир күнү баары бир кайтып келет» деп маек берген экен. Аны колдойм. Эркек деле келесоо эмес да, «байкуш жубайым калп эле билмексен болуп жүрөт. Койчу токтотоюн, жубайыма кайтайын» дегендер толтура. Аял киши көтөрүмдүү болсо үй-бүлө бузулбайт, балдар толук кандуу үй-бүлөдө бактылуу жашашат.

«КЫЗЫМ МЕНИ КӨРҮП ЫЙЛАП ЖИБЕРДИ»

-Үйлөнөр алдында 3 жыл бойдок жүрдүм. Ошондо эле балдарыма «апаңар менен жашабай калдым. Эми үйлөнүшүм керек» деп түшүндүргөнгө аракет кылдым. Улуулары «албетте» дешти, бир гана кичүү кызымдын маанайы чөгүп жүрдү. Үйлөнгөндөн кийин балдарымды үйгө чакырсам, кичүү кызым мени көрүп ыйлап жиберди. «Эмнеге ыйлап жатасың?» десем, «арыктап кетиптирсиз» дейт. Эмнеге ыйлап жатканын түшүнүп турам да, «көнүшүп кетебиз» дедим.

Азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы, балдарым үйдө. Кыздарым чоңоюп жатышат. Албетте, аларга негизги тарбияны апасы берет. Менин апам да «силер жөн кишинин кызы эмессиңер. Аскаттын кызы деп жаман сөзгө калтырбагыла» деп эскертип турат. Кыздарым, көз тийбесин, акыл-эстүү, оор басырыктуу.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Биринчи аялым кантти экен деп ойлоно берем" дейт Аскат Сулайманов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (42)
Baku88
2019-07-01 17:10:25
Путиндин биринчи аялы күйөөгө тийген окшойт да бул да аялын күйөөгө тий деп баштаптыр
+7
guli-1980
2019-07-03 16:29:06
Baku88,озунон жаш адамга тийди деп журдуго
+1
mela
2019-07-03 22:54:05
Baku88,бизнесменге тийди го)))
+1
Sprite
2019-07-01 20:13:58
Аялдар корбогонго укпаганга билбегенге салсын дейсизби,а эркектерчи,аялы суйлоп койсо укпаганга салып койсо болбойбу,ак нике менен алгандан кийин бакканга укканга,бардык нерсеге милдеттуу эркек киши,аял эмес.
+7
Sprite
2019-07-01 20:16:12
Качан карасан аялын жамандап жургон,17жыл жашап бир да жакшы жагын коро албадынызбы.Кетип ырас эле кылат ушундай эркектен,кадырын билбесе,куйгонунон суйлойт да аял киши да.
+12
Snejana
2019-07-01 21:51:14
Sprite,эн сонун жооп болду. Ушундай эркектер жакпайт.
+4
jalgyzym...
2019-07-02 00:21:58
Суракка албайсын эмес! Эркек киши эч качан аялга отчёт бербеш керек. Наоборот аял кишиден алыш керек. Аял эркекке баш ийиш керек куйоосу да тушунуу м.н мамиле кылышы керек. Ошондо уй булоо бузулбайт деп ишенем.
-10
Asyl10
2019-07-02 15:43:01
jalgyzym..., "Эркек киши эч качан аялга отчёт бербеш керек" деп каерде жазлыган Мыйзамдабы же Курандабы? Биринчиден эркекпи, аялбы кеч калса кайсыл жерде ким менен жургонун телефондон билдирип койсо-бул ОТЧЁТ беруу эмес, - бул бирин-бири, бала-чакасын, семьясын СЫЙЛОО болуп саналат. Аял кишиден гана отчет алыш кернек деген патриархат заманы качаан эле жок болгон. Бирге жашагандан жубайлар тушунушуп,сыйлашып жашоолору керек, текеберчилик,менменсингендик ажырашууга гана алып барат.
+4
jalgyzym...
2019-07-02 19:58:57
Asyl10,Биринчиден мен мыйзамда же Куранда жазылып турат деп жазган жокмун. Экинчиден сыйласын мен сыйлабасын деген жерим жок отчёт бербеш керек деп жатамын. Эркек курч болуш керек эркектин айтканы закон болуш керек уй булоодо.
+1
al-abu-kinesz
2019-07-05 10:38:11
Asyl10, Эскертип коюу менен отчетту аралаштырып тушунуп албагыла. Каякта канчага чейин болушун эле кыскача айтып коюу керек, а бирок бух.отчет, тех.отчет, жили-были деген нерселер абсолютно болбош керек. Уй-булодо эркектин орду мына ушундай сыяктуу майда чуйдолордо гана сакталат.
-1
Alfiya
2019-07-02 00:36:53
Кыргыздын эркектери аялды куноологондон башканы билишпейт. Басып баратып чалынып жыгылса деле байкуш аял куноолуу... Эй ЭРКЕКТЕР куноонорду моюнга алганды, кыскасы эркек болгонду уйронгулочу!!!
+12
xnurgul_gul
2019-07-02 06:14:33
17 жылдык омуру жаштыгы сулуулугу нерви сени менен кошо жок болгондон кийин эми турмушка чыкса суйуном дейт да кыйраттыныз
+11
Asyl10
2019-07-02 15:47:11
Мыкты,талантуу актёр, комедияны да,драманы да жеткире аткарат, эми кээ бир ьала-чакасын карабай койгон эркектерге караганда, аталык милдетин аткарып каралашат экен. Турмушта ар нерсе болот, Эркектер 35-55 ке чейин абдан кооп кетишет деп психологдор айтышат. Балким Аскат байке да "кооп" кеткендир. Балким жылдыздары келишпей,ортодо бироо себепкер болуп мамиле бузулгандыр, бироонун булосу чытырман токой делет.Биринчи жуйбайы мындан кийин балдары учун турмушка чыкпай жашаса керек.
0
mirkaa5182
2019-07-02 16:23:30
Не болушпасын, каякта болушпасын тынч болушсунчу айнанайындар...
+1
admin_portal
2019-07-02 16:44:47
beka2605, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Kroxa
2019-07-02 20:40:10
5 баласы менен ким алмак эле 5 баланы бироого чаптап баккысы келбей бараткан го акчасын аяай баштады да экинчи аялы да нервмнди жеп талаада калганда тушуносун 5 баланын убал сообу деген бар...
+6
Siren.ms
2019-07-02 23:58:52
Ушундай эркекке жолукпаганыма кудайга шугур менин куйоом эмне десемда которуп колунан келгенин мага арнайт эрге тийсин деп аябай кучтуу суйлопсун азамат Аскат ото озумчул эркек экенсин
+2
DNurgiza
2019-07-03 20:45:22
Жакшы актер, куудул, бирок аялына карата кылган мамилеси туура эмес, ажыраштыбы, тынч койсун да, эрге тий дебей.... эми өзү билет да... чье то ажырашканына өкүнүп калгандай го
+3
pero5184
2019-07-05 09:08:36
Эрге тийип алат эле качаан эле,эгер балдарын ойлобогон эне болсо.Эне байкуш балдарын ойлойт .Андан көрө биринчи аялың менен да жарашып жашай бер.
+3
bessmertiy
2019-07-05 14:36:32
Биринчиси менен ажырашпай эле экинчисин алып экөө менен тең жашаса болбойбу?
-1
Birimdik5555
2021-06-03 02:52:31
Ат айланып казыгын табат дейт го, экинчисинен кызыгы тараганда барат да коз ачып коргон аялына. Ошондо бирок кеч болуп калбасын
0
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан