СЫНГА ИММУНИТЕТИ КҮЧТҮҮ ПАК МИН ЁН

Күйөрмандары ага күлгөн абдан жарашарын айтышат. Чынында эле, бул актрисанын кыткылыктап күлгөнү өзүнө тартып, көргөн адамга кошо жылмаюу тартуулайт. Бүгүн биз сөз кыла турган актриса жакында эле күйөрмандар кууп көргөн «Анын жеке жашоосу» дорамасынын жылдызы Пак Мин Ён болмокчу.

ПАК МИН ЁН

Туулган жылы – 1986-жыл, 4-март

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою – 164 сантиметр

Үй-бүлөдө – эки бир тууган, эжеси бар

Билими – Донгук университетинин театр жана кино факультетин аяктаган

Агенттиги – Culture Depot

Атактуу дорамалары – «Сонгюнгвандагы ызы-чуу», «Хилер», «Шаардык аңчы», «Секретарь Кимге эмне болгон?», «Анын жеке жашоосу»

Атактуу кинолору – «Мышык», «Мунара»

Тартылган клиптери
I – «Don't Say Goodbye» (2007),
«Big Bang» – «Haru Haru» (2008), Gavy NJ – «A Love Story» (2009)

ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА ЖОЛ АЧКАН ИНТЕРНЕТ

Көпчүлүк ырчылардын, актёрлордун өмүр таржымалын окусаңыз, чыгармачылыкка келүү үчүн канчалаган сынактарга катышып, кастингдерден өткөнүн айтышат. Биздин бүгүнкү каармандыкы, тескерисинче, аны чыгармачыл топ өзү издеп тапкан. Кантип дебейсизби? 2004-жылы Түштүк Кореядагы "SidusHQ" агенттигинин кызматкери социалдык тармактардан татына бийкечтин сүрөтүнө көзү түшүп, анын баракчасына кирет. Сулуу эле эмес, жылдыздуу кызга дароо «модель болосуңбу?» деп кат жазып жиберген. Сунушка дароо макул болгон Мин Ён Кореядагы белгилүү уюлдук оператордун жарнамасына тартылары менен ага сунуштар жаай баштайт. Алардын арасынан "Korean Air’ди" тандаган Мин Ён жарым жыл ал компаниянын жүзү болгон.

АДАШКАН ИЙГИЛИК
Моделдик кесиптен кийин Мин Ёнго кино дүйнөсү эшигин ачкан. 2006-жылы ага «Күчтүү сокку» ситкомуна тартылууга сунуш түшөт. Баш каармандын ролу болбосо да, Пак Мин Ён өзүн актриса катары сынап көргөн. Бул аракети текке кетпей, ал биринчи эле ролу үчүн «Жаңы актриса» наамын жеңип алган. Ийгиликтин артынан ийгилик чууруп, модель катары да өлкөдөгү белгилүү компаниялардын, мода үйлөрүнүн жүзү болот.

2007-жылы Мин Ён «Мен – мугалиммин» сериалында баш каармандын ролун аткарат. Бул ролу да ага ийгилик алып келип, бир эмес, 3 наамдын ээси болгон. Бирок актрисаны кубалаган ийгилик, 2009-жылы адашып кеткендей болгон. Бул жылы тартылган 2 дорамасы тең жогорку рейтингге жетпей калган. Мин Ёндун өзүн, актрисалык жөндөмүн сындагандар көбөйгөн. «Жаман комментарийлерди окуйсуң. Жүрөгүңө жакын кабыл албайын дейсиң, бирок ал мээңден кетпейт. Кээде жакындарым менен күлүп-жайнап отуруп, күтүүсүз жерден көз жашымды тыя албай калчумун. Адамга негатив канчалык оор тиерин ошондо түшүндүм»,- деп эскерет ал күндөрдү актриса.

ЭКИНЧИ «ӨМҮР» БЕРГЕН «СОНГЮНГВАНДАГЫ ЫЗЫ-ЧУУ»

«Мени дарылаган, депрессиядан чыгарган «Сонгюнгвандагы ызы-чуу» сериалы болду. Алгачкы 2-3 сериясына чейин баягы менин актрисалык жөндөмүмө айтылган терс комментарийлердин таасиринен чыга албай жүрдүм. Бирок дорамага тартылып жаткан башка кесиптештерим мага колдоо көрсөтүп турушту. Кийин өзүмдүн күчүмө ишенип калдым»,- дейт Пак Мин Ён. Чындыгында эле актрисанын карьерасына экинчи «өмүр» берген дал ушул «Сонгюнгвандагы ызы-чуу» дорамасы болгон. Популярдуу болгон сериал, ага тартылган актёрдук курам бир катар сыйлыктарды багынткан.

ЛИ МИН ХО МЕНЕН ТАБЫШТЫРГАН «ШААРДЫК АҢЧЫ»
2011-жылы актриса биринчи жолу ужас жанрындагы «Мышык» тасмасына, андан сырткары «Шаардык аңчы» сериалына тартылат. Сериалдагы өнөктөшү Ли Мин Хо менен Пак Мин Ёндун тасмадан сырткары да мамилеси уланып, экөө жарым жыл сүйлөшүп жүрүшкөн. «Ли Мин Хо экөөбүздүн мамилебиз токтогондон кийин көп убакыт жалгыз жүрдүм. Өзүмө келишим керек эле. Кайра мамиле кургандан чочулап жүрдүм» деген актриса бир маегинде.

Актрисанын жеке жашоосуна кызыккан күйөрмандары аны 2018-жылы экранга чыккан «Секретарь Кимге эмне болгон?» дорамасындагы өнөктөшү Пак Со Жун менен 3 жылдан бери кыз-жигит деген маалымат таратышкан. Эки атактуунун жакындары бул маалыматты четке какканы менен, күйөрмандар Мин Ён менен Со Жундун түгөйлөргө арналган окшош кийимдерин, экөө бир убакытта бир мамлекетте эс алып жүргөн сүрөттөрүнө чейин издеп таап чыгышкан.

ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТКАНЫН ЖАШЫРБАЙТ

Пак Мин Ён мектеп курагында көзүнө, кийин мурдуна пластикалык операция жасатканын жашырбайт. «Мен мурунку жашоомду жашыргым келбейт. Анткени ал менин тандоом. Бирок өткөнгө такалып калышыңарды каалабайм. Баарыңыздар азыркы мага көңүл бурасыздар деп ишенем»,- дейт ал. Операцияга байланыштуу кайрадан терс комментарийлерге көмүлгөн актриса: «Менин карьерамда терс пикирлер көп болду. Ал эмес, Ли Мин Хо экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө анын күйөрмандары мени өлтүрүп кетерин айтып коркутушчу. Бирок мен бармын. Менде терс пикирлерге иммунитет пайда болуп калды»,- деп тамашалайт.

ПАК МИН ЁН ЖАКШЫ КӨРӨТ...
  • Ат мингенди.
  • Кофени, айрыкча капучинону.
  • Таттуу азыктарды бышырганды.
  • Саякаттаганды.
  • Китеп окуп, кино көргөндү.
  • Lady Gaga, Куан Чи Лонгдун ырларын.
  • Пилатес менен машыкканды.

Урматтуу К-рор күйөрмандары, мындан ары «Супер-Инфонун» ар бир санынан корей жылдыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуй аласыздар. Кайсы жылдыз жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
bek_tash
2019-07-01 09:33:04
Урматтуу к-поп күйөрманы "супер-инфо", ушунун ордуна ар санда бирден хадис жазып турсаңар жакшы болмок!
+15
meni_kut
2019-07-01 16:50:28
bek_tash,колдойм
+5
zinagull1996
2019-07-01 18:41:44
Урматтуу супер инфо жаматы. Сиздерден сураныч ар санда кайталанма жылдыздар..
Эми сураныч "Уку" тобунун жигиттеринен омур баянын сураштырып. "Жетим балдар" киносундагы балдардын тагдыры жонундо изилдеп маалымат жеткирип берсенер. Бизге аябай кызык---
-Алар кандай жашоодо экен.?
Азыр кайда экен.? Деген ойлор келе берет.
+3
ainura220888
2019-07-01 19:35:13
Дагы Сураныч Мирбек Кожоев, Эркин Каимов, эрнест Кыязовдордон интервью алыныздарчы.
+1
admin_portal
2019-07-02 16:43:52
ainura220888, zinagull1996, саламатсызбы! Сунушуңуздарга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Ferdews
2019-07-03 19:06:08
Урматтуу супер инфо, жаштарга дем ,куч ,багыт,мотивация Берген макалаларды жазсаныздар жакшы болмок ,
+2
nur_kadyr
2019-07-06 18:10:31
Урматтуу Супер-Инфо жамааты,сиздерге сунуш "Омур" (аталышы ушундай болсо керек,М.Атабеков мн А.Нарбаеванын "Омур" дуетине саундтрек коюлган) тасмасындагы кичинекей бала жонундо маалымат бергилечи.Аябай сонун аткарган,ошол кинону коргон сайын ыйлап кором...
+1
nargiz-sa
2019-07-07 13:08:27
nur_kadyr,кечээ бугун эртен деген фильм
0
nur_kadyr
2019-07-07 16:18:37
nargiz-sa,ошондой беле,билбейт экем аталышын
0
admin_portal
2019-07-08 16:55:29
nur_kadyr, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан