СҮЙҮҮ ЖАШКА ЭЛЕ ЭМЕС, УЛУТКА ДА КАРАБАЙТ

Алмустактан бери жашап келе жаткан кыргызды кыргыз кылган Манас атабыз. Манас атабыз согушка аттанарда акыл-кеңешин айтып, жоо каптап келсе казат кийимин даярдаган Каныкей апабыздын улуту тажик, азан чакырылган аты Санирабига экени баарыбызга маалым. Ал эми жакынкы күндөргө келсек, Чыңгыз атабызды жарыкка алып келген Нагима апа – татар кызы. Мына ушундай чыгаан уулдарды төрөп берген башка улуттун кыздары, кыргызымдын келиндери четтен табылат.

ПОЕЗДДЕГИ ТУЗАК
Съездбек Искеналиевдин «Эсимде», «Селки», «Жалгыз гүл», «Касиеттүү Кара-Кочкорум» өңдүү бир нече ырынын текстин жазган акын – Түмөнбай Байзаков. 1992-жылы 69 жашында каза болгон КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Түмөнбай атанын жубайы София апа – татар кызы.
Дарыгерликти аркалаган София 1952-жылы командировкалап Кадамжайга барат. Кайра кайтып келатканда поездден Түмөнбай акын экөө таанышып калышат. Түмөнбай жаш селкини көрөрү менен тузак тартып, өзүнө имере баштайт. Ал учурду София апа мындайча эскерет: “Таанышкандан кийин үч ай башымды айландырып, анан үйлөнүп алды. Биз таанышканга чейин Түмөнбай Жалал-Абаддагы университетте окучу экен. Анан академиялык тыныгууга чыгыптыр. Кайрадан окуусун улантканы борборго келе жатканда сапарлаш болуп калып жатпайбызбы. Түмөнбай 1992-жылы 69 жашында өтүп кетти. Артында бир уулу, эки кызы калды. Уулубуз да бизди таштап кетти. Азыр эки небере, эки чөбөрөнүн бактылуу энесимин”.

САЯСАТЧЫ ЖҮРӨГҮН КАЗАК КЫЗЫ БАГЫНТТЫ
Журналисттик кесиптен белгилүү саясатчыга айланган Адахан Мадумаровдун жүрөгүнүн ээси казак кызы. Саясатчы мырзага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон Агилаш айымдын кесиби экономист. Жеңебиз Мадумаровду катуу сүйгөн окшойт, жолдошуна оппокшош кылып Нурмухаммед, Динмухаммед, Алихан деген үч уул төрөп берди.

ПОЧТАГА КИРЕМ ДЕП СҮЙҮҮСҮНӨ ЖОЛУККАН
Төкмө акын, ырчы, обончу Ашыраалы Айталиевдин жарык дүйнө менен коштошконуна эки жыл болду. Акындын көзү жок болсо да, өлбөс-өчпөс ырлары, төкмөлөр менен айтышкандары Алтын фонддо сакталып турат. Ошону менен бирге дастан кылып айта жүрчү сүйүүсү да бар. Ашыраалы атанын сүйүүсү Наиля апа 1-августта 70ке чыгат. Наиля апа төкмөдөн 14 жаш кичүү.
Татардын суйкайган сулуу кызы Наиля Политехти бүтүп, Нарын шаарындагы почтада камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектене баштайт. Концерт коюп барган Ашыраалы кокусунан почтага киргенде Наиляны жактырып калат. 1968-жылдан тарта бура бастырбаган Ашыраалы арадан жети жыл өткөндө гана сүйүүсүнө жетет.
Ашыраалы ата менен Наиля апанын ортосунда бала жок. Жаңы үйлөнүшкөндө Наиля апа бир кыздын, төкмө төрт баланын атасы эле. Анан алар Наиля апанын жээн небересин багып алышат. Төкмө кызын алаканына салып, бөпөлөп багат. Мына ошол кызы жакында эле турмушка чыкты.

МЕРГЕН КАЗАКСТАНДА ЖҮРҮП АЯЛ ДА,
АКЧА ДА ТАПТЫ
Кыргыз элин башка улуттан келиндүү кылгандардан шоу-бизнес өкүлдөрү да куру эмес. Мерген Турган баурдаштарга иштейм деп барып, келинчектүү болуп кайтты. “Үйлөнбөйсүңбү, уят эмеспи?” деген ырчынын жакшы санаалаш эжелери 3-4 кыз менен тааныштырышат. Мерген мырза алардын ичинен органда иштеген, намаз окуган Жылдызды жактырып калат.
Кыркка жакындап калса деле бала кыял ырчы 1-Июнь – Балдарды коргоо күнүндө шар көтөрүп барып, Жылдызга үйлөнүү сунушун айткан. Ошентип, кырк жашында бала жыттаган ырчынын азыр бир буту Казакстанда болсо, бир буту Кыргызстанда.

КИНО ТАБЫШТЫРГАН ӨМҮР
Ысымы дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун өмүрлүк жары өзбек улутунан. Каскадёр мырза жер кыдырып, ар түркүн трюктары менен тасма тарыхын багындырып келгени анык. Ошондой тасмалардын бири Казакстанда тартылып, ал жерден жубайы Алмира менен таанышып калат. Анда Алмира Ташкенттеги театралдык окуу жайды бүтүрүп, актриса катары кадам таштаган убагы эле. Жаңы үйлөнгөн жубайлардын сүйүүсү тели-теңтуштарынын айтымында, өтө күчтүү болгон. Экөө Ниязбек жана Жаныбек аттуу эки уулдуу болушат. Ал ортодо Алмира айым бир нече казак, орус тасмаларына тартылып, башкы ролду ойноого да жетишет.
Балдары торолуп калганда актриса КООРТ телеканалында өзүнүн автордук долбоору менен иштей баштаган. Шартка байланыштуу бул ишин таштап, балдары кичинекей кезинде эле Алмира жеңебиз Италияга көчүп кетет. Бирок Кыргызстанга тез-тезден келип турган. Кыргыз деп соккон жүрөгү курч Үсөн мырза өз киндик каны тамган жеринен кетүүнү каалабайт. Эң өкүнүчтүүсү, каскадёрду акыркы сапарга узатарда үй-бүлөсү Италиядан жетишип келе алган эмес.

СҮЙГӨНҮНҮН КОЛУН КАЙЫНДАРЫНАН ӨЗҮ СУРАГАН ГЕНЕРАЛ
Генерал Абдыгул Чотбаевдин жубайы Светлана айымдын улуту уйгур. Туулган жери – Кытайдын Кашкар шаары.
Светлана кара кашы, моймолжуган көзү менен Абдыгул мырзанын жүрөгүнө мектеп партасынан эле өчпөс сүйүү отун жаккан. Айдай жүзүнө арбалып, сүйүүсүн кантип билдирүүнү билбеген келечектеги генерал ата-энесине айтпай туруп болочок кайната, кайненесине барып кызынын колун сураган.
Генерал Чотбаев аскер адамы болгондуктан, ар кайсы жерге барып иштөөгө, отурукташууга көнгөн Светлана айым аскер кийимдерин укмуш тигет.

Сүйүү кары-жашка гана эмес, улутка да карабасынын далили жогоруда болду. Алысты жакын кылып, кыргыз менен башка улутту куда кылган жеңелерибиз бар болушсун демекчибиз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Merischka
2010-08-13 03:02:38
oj!!!
Forumga kirsen ele kyrgyz kyzdary chet eldikterge tijip ketip atat degen kepter kooop...korso bashy bul zherden echaaak ele bashtalgan turbajny ;)
0
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан