Индияда 9 миллион калк жашаган Ченнаи шаары бир нече аптадан бери суусуз калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, мегаполистин (калкынын саны боюнча өлкөдө 6-орунда турат) жашоосу дээрлик токтоп калды. Көптөгөн бюджеттик мекемелер, кафе, ресторан жана мейманканалар жабылды. Суу менен камсыздоону шаардык кызматтар 40 пайызга чейин кыскарткан. Шаар боюнча кондиционерлерди өчүрүштү. Ооруканаларда бейтаптарга кызмат көрсөтүү кыйынга туруп жатат. Көп компаниялар кызматкерлерин үйүнө жөнөтүшкөнү айтылат.
Белгилей кетсек, 10-июнда өлкөнүн баш калаасы Нью-Делиде көлөкө жердеги абанын температурасы Цельсия боюнча 48 градуска чыккан. Ысыктан улам суунун тартыштыгы жаралган.
Дамира Арстанова
koom@super.kg