400дөн АШУУН УЧКУЧ «BOEING» КОРПОРАЦИЯСЫН СОТКО БЕРДИ

400дөн ашуун учкуч «Boeing 737 MAX» учактарынын Индонезияда жана Эфиопиядагы кырсыкка себеп болгон бузук жерлери үчүн «Boeing» корпорациясын сотко берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялашты.

Маалыматта айтылгандай, алардын доо арызы 21-октябрда Чикаго сотунда каралат. Арызда аталган учактын айрым жабдыктары маалыматты туура эмес көрсөткөн учурлар болгону айтылган. Быйыл март айында Эфиопияда авиакырсык болуп, 157 адам каза болгон. 2018-жылдын октябрь айында «Boeing 737 MAX» учагы Индонезияда кырсыкка учурап, 189 адам өлгөн. Эки учурда тең электроника жабдыктары учкучтарга бийиктикти туура эмес көрсөткөн. Ошондон кийин көп өлкөлөр «737 MAX» лайнерлеринин өз аймагынан учуусуна тыюу салышкан деген маалымат тараган.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан