БАКТЫСЫЗ СҮЙҮҮДӨН ЖАПАЙЫ МЫКААЧЫЛЫККА ӨТYП...

Эки көзү оюлуп, кулагы кесилген, ичеги-карыны аңтарылган 50 жаштардагы адамдын өлүгүн кичине балдар таап алышкан. Кылмышкердин изине түшкөн Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери 23 жаштагы жаш жигитти тез эле табышты. Мындай үрөй учурган кылмышка аны эмне түрттү? Ал жагы табышмак...

“ЯГУАР” ИЧИМДИГИ ЖЕ ТУЗАК
Эсен (каармандын аты-жөнү өзгөртүлдү) ошол күнү үйүнөн кадимкидей эле чыгып кетти. Оюна эч нерсе келбей кетип баратып акчасы жок экени эсине түштүбү, жакынкы дүкөнчөлөрдүн бирине кайрылды. Карызга эч нерсе ала албасына көзү жеткен Эсен паспортун таштап, карызга 3000 сом алат. Андан “Дордой” базарына жөнөп, ал жактан курамында алкоголу бар “Ягуар” ичимдигинен 2 банка жана 6 метр аркан сатып алып, базарга жакын жердеги жаңы конуштардын бирине жөнөйт.
Чакан дүкөнчөлөрдүн ар бирине кирип, “Ягуар” сатуусун талап кылып коркута баштайт. Андай ичимдик жок экенин айткан дүкөнчүнү сөгүп урушуп, экинчи дүкөнчөгө барып, эки куту мите курттарды өлтүрүүгө колдонула турган дуст сатып алды. Мунун баары бекер жерден эмес болчу.
Эсен көптөн бери жашоодон тажап, өзүн-өзү өлтүргүсү келип жүргөн. Бул ойду бүгүн ишке ашыргысы келди. Бирок жанды кыюу да оңой эмес эле. Ошол учурда 50 жаштардагы кийим-кечеси кир адамдын жакындап келе жатканын көрдү. Мындай селсаяктар (бомж) кадам сайын эле кезигет. Алдына ичимдикти коюп, айлананы томсоро карап турган жигитти көргөндө селсаяк да кым дей түштү. “Болду-болбоду ушул мени сыйлайт” деген ой менен жакын келди. Бирок өлүмүнө шашып келе жатканын билген жок.
– Иничек, балким, коноктойсуң?
– Келе бериңиз.
Эсендин кайдигер сүйлөгөнүн тиги элес алган жок. Жутуна “Ягуар” коктейлинин калай банкасын колго алып бир ууртап көрүп, кайра берди.
– Тфү, мунун даамы укмуш ачуу го?.. Мага жөнөкөй эле арак сатып берсең, сообума калат элең...
Эсен “байкесинин” сөзүн эки кылбай, жакын жердеги күркөгө келип арак, желим стакандан экини алып келе калды.
Далдоо жай издешип, бак-дарактуу жерди таап жайланышып, жашоо-турмуш тууралуу сүйлөшүп отурушту. Бир маалда өзүнөн-өзү атырылып турган Эсен колуна илинген таяк менен жаңы эле сыйлап жаткан коногун уруп калды. Өзүн токтото албай урупжатты. Шалактап калган алсыз адам каршылык көргөзө албады. Көзүнө урунган арактын бөтөлкөсүн ташка уруп сындырып, кокосуна матырды. Ушуну менен эле токтоп калган жок. Колундагы бөтөлкөнүн сыныгы менен кардын жарып жиберди. Ичин жарып, боорун сууруп алды да, аны целлофан баштыкка салды. Мыкаачылык эми башталды. Өлүктүн эки көзүн колу менен оюп, эки кулагын бычак менен кесип алды. Мына ушундан кийин гана өзүн жеңил сезип, бугу чыгып, өз жолу менен жөнөдү.

БООРДУ АЯЛДАРГА САТЫП...
Мындай мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамды ойноп жүргөн балдар көрүшкөн. Жүрөктөрү түшүп, чоң адамдарга чуркап барышып, алар өз кезегинде милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Бул ишти көзөмөлгө алган Аламүдүн РИИБинин милиция кызматкерлери тез эле кылмышкердин изине түшүштү. Анткени өлүктүн жанынан селсаяктар иче турган арак эле эмес, “Ягуар” коктейли да табылган. Табышмактуу бул жигитти ошол каргашалуу күнү көп адамдар көрүшүптүр. Ал көчөдө турган аялдарга “боор сатам, аласыңарбы?” деп кайрылган. Малдын эмес, адамдын боору экенин уккан аялдар көпкө чейин уккандарына ишене албай турушту.
Ошентип, көптүн көзүнө илинген Эсенди бир күндөн кийин үйүнөн табышты. Ал башкаларга окшоп чочуп да, милициядан качканга аракет да кылган эмес. Эч нерсе болбогондой, өз тиричилиги менен алек болуп жаткан экен. Ал эми селсаяктын кулактары Эсендин чөнтөгүндө жүргөнү башка эмес, көптү көргөн милиция кызматкерлеринин да үрөйүн учурду.

БААРЫ БАКТЫСЫЗ СҮЙҮҮНҮН АЙЫНАНБЫ?
“Мындай мыкаачылык жасоого эмне түрткү болгон?” деген ой келбей койбойт. Ошондуктан анын мурунку жашоосуна кайрылууну туура көрдүк.
Эсен кадимкидей эле үй-бүлөдө чоңойгон. Туулган жери – Баткенден келип турук алып калгандан бери 7 жыл өткөн. Бул учурда Орусияга барып иштеп келүүгө да үлгүрүптүр. Болгону, мындан 4 жыл мурун чоң сүйүүгө кабылган экен. Бирок сүйүктүүсү башка адамга турмушка чыгып кеткен. Ошондон кийин Эсендин психологиясы өзгөрүп, кез-кезде өз өмүрүнө кол салып, эчен жолу аман калган. Кийин эл катары үй-бүлө куруп, балалуу болгонго да жетишкен. Бирок өзүн-өзү өлтүрүү ою аны кыйнай берчү дешет.
Баса, бактысыз сүйүүсүнөн кийин Эсен коркунучтуу тасмаларга ынак болуп кеткенин да айтышат. Коркунучтуу фильмдерди сатып келип, түн ортосуна чейин көрүп отура берүү анын адатына айланат. Алгач милиция кызматкерлерине “эч нерсе билбей калдым” деп жооп берип жаткан Эсен кийин кылмышын моюнуна алып, баарын көрсөтүп берген. А эмне үчүн мындай иш кылганын сурагандарга: “Башымдан жаракат алгам. Ичимдик ичкенде эмне кылганымды билбей калам. Эмне себептен мындай ишке барганымды өзүм да билбейм. Ушундай оор кылмышка биринчи жолу кириптер болдум”,- деп жооп бериптир.

Абдиев Эсен 1988-жылы Баткен облусунда туулган. Мурун уурулук боюнча соттолгон. Үй-бүлөлүү. Жогоруда айтылган кылмыш иши үстүбүздөгү жылдын 28-май күнү болгон. Учурда бул кылмыш фактысы боюнча тергөө жүрүп жатат.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Ceed
2010-08-02 11:49:43
Башынан ата-эненин тарбиясы начар болгон, ошонун айыбыдан уурулук менен турмого тушкон, андан кийин "суйуумо жетпей калдым"-деп озунчо романтик болуп, ичкиликке берилип кылган иши эми бул, бул в натуре маньяк да. Соо болсо кишинин боорун которуп сатабы?! Кулактарын чонтогуно салып алабы?! Убагында кармаганы жакшы болуптур, кармашпаганда бул "романтик-маньяк" канчанын жанын алмак!
-1
Elit
2010-08-03 11:26:01
Арабызда эч нерсеси менен айырмаланбай жургон адамдардын ичинде эмне ой бар экенин билбейсин. Чаламандын чак тушундо ушуну кылган неменин артында дагы канча иш жатат бир кудай билет.
+1
milli
2010-08-03 16:53:14
iiy. okup alyp jaman bir cheti tan kalsam, bir cheti korktum. Japjash bala ushunday mykaachylyk kylganyn... boorun satyp... mamaaa!!! Ushunday nerseni bizdin kyrgyz jigiti kylgan. Ishengim da kelbeyt, birok Super Info jalan chyndykty jazat emespi... eey emnesi bolso da bashka mynday okuyalar mekenibizde bolboso eken...
0
Dinara
2010-08-04 22:12:11
daaa,toobo suiuudon adamdyn psihologiasy ushuncha ozgorobu?...Alla ozu saktasyn myndailardan,korkup kettim...
0
lira
2010-08-05 09:57:44
Kyrgystandyn Chikatilosu go...
Balkim bul birin4i gana kylmyshy???El-jurt,4oo4un adamdan alys bolgula...kim bilet ounda emne bar???
0
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан