SPF-БЕТ МАЙ КОЛДОНОСУЗБУ?

Бет майлардын сыртындагы “SPF” деген жазууга маани бербей эле колдоно бергендер бар. Айрымдары мындай бет майларды кум жээкке барарда гана колдонот деп түшүнүшөт.

SPF (Sun Protection Factor) – которгондо “күндөн коргоочу фактор” дегенди түшүндүрөт. Негизи бет майдын сыртындагы SPF деген белгиден кийин 5тен 100гө чейинки сандар жазылат. Канчалык жогорку сан жазылса, бет май ошончолук жогорку деңгээлде күндөн коргоочу касиетке ээ болот.

SPF бет майларды жайкы ысыкта гана колдонуу керек дегендер жаңылышат. Аны 4 мезгил бою эле колдоно берүү шарт. SPF бет майлары терини ультрафиолет нурларынан жана күн нурунун зыяндарынан сактайт.

Ультрафиолет нурларынын UVA жана UVB деген эки түрү бар. Териге зыян берүүчү нурлар UVB спектри. Бул теринин күйүүсүн камсыздап, рак клеткаларынын өнүгүшүн шартташы ыктымал. Ал эми UVA нурларынан тери күйбөйт, кызарбайт, бирок ал сепкилди, пигменттик тактардын жаралышын камсыздап, теринин эрте картаюусуна алып келет.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Zimzimemir
2019-07-06 06:18:09
Айии жакшвгоо эми только ошондой крем албасам
0
sely
2019-07-07 19:48:44
Мен дайым колдонуп журом
0
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан