Ушул айда Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. Комиссия Атамбаевди 6 факт боюнча күнөөлөп, аны парламент колдоого алган. Жогорку Кеңештин чечими Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн эле. Башкы прокуратура 3 күндүн ичинде Атамбаевге коюлган 6 дооматтын бешөөсүн негиздүү деп таап, корутундусун Жогорку Кеңешке жиберди. 27-июнда парламент Атамбаевди кол тийбестик иммунитетинен ажыратуу маселесин карай турганы күтүлүүдө. SUPER.KG порталы «Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу процесси туура болдубу?» деген суроо менен көрүнүктүү саясатчы, коомдук ишмерлерге кайрылып көрдү.
Мурдагы элчи Кылычбек Султан "Бүт эски "илита" саясий "таштандыга" кетиши керек" деген пикирин билдирди:
– Адилетсиз болду. Бул нерсенин артында мыйзамдуу эмес, саясий кызыкчылык турганы көрүнүп турат.
Мамлекеттин экономикасы итке минген абалда турганда бийлик бүткүл ресурсун реформага эмес, чычалоого, өч алууга жумшап жатат. Ушуга окшогон саясий кызыкчылыктарга келгенде бийлик, башкача айтканда, президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт, прокуратура, күч органдары өздөрүнө ыңгайлуу чечимдерди чагылгандай тездик менен ишке ашырат. Ал эми эл күткөн экономикабыздын өсүшүнө байланыштуу маселелерде, адилеттүүлүк маселелеринде таш бакадай кыймылдоо адатка айланды.
Менин оюмча, Атамбаев айткандай, бүт эски "илита" саясий "таштандыга" кетиши керек.Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев так бир пикирди айта албай турганын айтты:
– Бул маселе карала баштаганда өлкөдө эмес элем. Ошондуктан иштин хронологиясын жакшы билбей жатам. Мен өлкөгө келгенде депутаттык комиссиянын чечими Башкы прокуратурага жөнөтүлүп жаткан экен. Мен өзүм юрист болбогондуктан, Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура же туура болгон жок деп айта албай жатам. Комиссиянын жыйынтыгына добуш берүүгө катышкам.Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов экс-президент Алмазбек Атамбаев жасаган туура эмес иштери үчүн сөзсүз жооп бериши керектигин айтат:
– Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча бүгүн жасалып жаткан жумуш Жогорку Кеңеш тарабынан жүргүзүлүүдө. Башкача айтканда, Жогорку Кеңеш Кыргызстанда мыйзам чыгаруу институту деп аталат. Демек, мыйзамдардын туура же туура эмес экенине түздөн-түз жооптуу орган. "Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" дейт. Негизинен жасап жаткан иштери мыйзамдуу болушу шарт. Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу учурдун талабы болуп турат. Учурдагы бийлик сөзсүз түрдө Атамбаевдин тушундагы иштерге, атамбаевдик башкарууга баа бериши керек. Ал киши мыйзам алдында 100 пайыз жоопко тартылышы зарыл. Колу менен кылганды моюну менен тартышы керек.
Ал эми бүгүн Атамбаевдин башынан өтүп жаткан окуялар келечекте биз үчүн сабак болушу шарт.Журналист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев "депутаттык комиссиянын иши аябай тездик менен жүрдү" деген пикирде:
– Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча процесстер бир нече эрежелерди бузуу менен жүрүп жатат. Баш мыйзамдын бир нече беренелери бузулганын юристтер дагы айтышууда. Мындан тышкары депутаттык комиссиянын курамына кирген эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Атамбаев учурунда камакка алынгандар, фракциядан чыгарылгандар, айтор, экс-президентке тиш кайрап өч алууну көздөгөн адамдар. Бул деген кызыкчылыктардын кагылышын көргөзүп турат.
Депутаттык комиссиянын иши аябай тездик менен жүрүп, ал комиссиянын иши бир тараптуу болду. Экс-президент Атамбаевди же анын өкүлдөрүн жыйынга расмий түрдө чакырышкан жок. Комиссиянын отуруму мурда куугунтукталды делген, мурда камакка алынган, Атамбаевге кеги бар саясатчыларды, укук коргоочуларды, журналисттерди чакырып, алардын оюн угуу менен гана жүрүп, экинчи тарапка сөз бербегени адилетсиздикти көргөзүп турат. Жогорку Кеңештин башка маселелерди карабастан, дал ушул маселени тездик менен шаша-буша карай салганы шектенүүлөрдү дагы да күчөтөт. Депутаттык комиссия бул чечимди өздөрү эле чыгарган жок. Алар бүгүнкү бийликтин камчысын чаап, алардын айткандарын аткарып жатат. Бул идея парламенттен чыккан жок, жеке президенттин ишараты менен жасалууда деп ойлойм.
Эртеби-кечпи, бул аракеттер ойрон болот. Ал эми бул чечимди кабыл алгандар учуру келгенде моралдык дагы, юридикалык да жоопкерчиликке тартылат.Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу иши мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтты:
– Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы аны макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтом долбоору боюнча иликтөө иштерин жүргүзбөйт. Парламент койгон маселе канчалык негиздүү экенине "бар" же "жок" деп жооп берет. Антип жооп берүү үчүн чоң иликтөөнүн кереги жок. Мисалы, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү 3 күн иштедик, бирок 2 күндө бүтүрчү иш эле. Башкы прокуратураныкы деле ошондой. Атамбаевге коюлган күнөөлөрдө негиз барбы же жокпу деген суроого жооп табууга 2 күн эле жетиштүү.Кожобек Рыспаев Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу Жогорку Кеңештин эркиндеги иш экенин баса белгиледи:
– Азырынча кол тийбестиктен ажырай элек. Биз өзүбүздүн сунушту бердик. Укук коргоо органдары келип негиздеп, тастыктап, анан кол тийбестигин эртең сурашы ыктымал. Ошондо биз, депутаттар 81ден кем эмес добуш менен Атамбаевдин кол тийбестигин алып салышыбыз керек же албай калтырышыбыз керек. Башкы прокуратура 3 күндө карады деген боюнча. Негизделген нерсе болсо 1 күндө деле караса болот. Бул саясий чечим, узакка созулбайт. Ал эми тергөө узакка созулуп калышы мүмкүн.Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев мыйзам алдында бардык жарандар макамына карабай бирдей жооп бериши керектигин айтты.
– Баары мыйзам чегинде жүрүүдө. Коомчулукта "Башкы прокуратура Атамбаев боюнча корутундуну 3 күн ичинде шашылыш чыгарды" деп айтып жатышат. Бирок мындай ишке 3 күн деле көп, бул 2-3 сааттык эле иш. Атамбаевдин кол тийбестигин алгандан кийин сурактар, түшүндүрүүлөр, документтерди текшерүүлөр башталат. Ошонун жыйынтыгында күнөөлүү кимдер экени аныкталат.
Атамбаев кош стандарттуулукту көрсөтүп жатат. Ал президент болгон кезде "баары мыйзам чегинде сотто чечилиш керек, баары мыйзам алдында тең" деп бир нече жолу айткан. Эми ал күнөөсүз болсо, муну сотто далилдесин. Азыркы соттордун дээрлик 90 пайызы Атамбаевдин жарлыгы менен дайындалган. Сотторго ишенбөө ал тараптан болбошу керек.
Эгер күнөөсү далилденбесе, экс-президент макамы кайтарылат. Күч органдары өз баасын беришет. Эгер биз адамды негизсиз жамандап алган болсок, анда биз моралдык жактан жооп беришибиз керек.