ШАХРУКХ КХАН ҮЙ-БҮЛӨГӨ БЕК МЫРЗА

Бул атактуу актёрду 44 жашта деп эч ким айтпайт. Дагы деле энергиясы күч, көзү мурункудай эле жалындап күйгөн... 15 жылдык карьерасында кандай гана роль жаратты, канчалаган кыздардын жүрөгүнө бүлүк салды. Алдыңарда Болливуд падышасы – Шахрукх Кхан.

Аты-жөнү – Шахрукх Кхан (Шах Рух деп жаздырганды жактырат, бирок туурасы биринчи вариант)
Башка коюлган аты –
SRK, Болливуд падышасы
Туулган жылы –
1965-жыл, 2-ноябрь
Туулган жери –
Индия өлкөсү, Нью-Дели шаары
Бою – 175 см, Салмагы –
78 кг
Кесиби –
Актёр, продюсер, сценарист
Тартылган тасмаларынын саны –
90
Үй-бүлөлүк абалы –
Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун атасы
Жашаган жери – Мумбай

АТА-ЭНЕДЕН АЙРЫБАСЫН...
Ар бир пенденин жашоодогу эң ыйык тутканы ата-эне экени талашсыз. Шахрукх да ата-энесин жандан жакшы көргөн. Кесиби боюнча юрист болгон атасы Мир Тадж Мохаммед көп иштеп жумуштан колу бошобогондуктан, балдарына жетиштүү көңүл бура албаган. Ошондуктан болочок актёр апасы Фатима Бегумга аябай жакын эле. “Апам мага апа гана эмес, жакын дос болгон. Кандай кырдаал болбосун, апам менен сырдашып, маселени чеччүмүн” дейт актёр. Мектептен шоктонуп бирөөнү сабап койсо да алгач апасына айтчу. Нааразычылык менен келгендер себебин айта баштаганда эле Фатима айым “билем, балам айткан. Ал туура эмес кылды, бирок силерде да күнөө бар...” деген сыяктуу сөздөр менен арыздангандарды жоошутуп, кырдаалдан чыгып кетчү.
Кхан 16 жашка толгондо атасы рак илдетинен каза болот. Бул жоготуу Кхандардын үй-бүлөсү үчүн өтө оор болгон. Бирок апасы күчтүү эрки менен өткөөл мезгилден үй-бүлөсүн сууруп чыккан. Кхан үчүн атасын жоготуу кандай оор болсо, апасынан айрылуу андан эки эсе оор болгон. 26 жашында апасынан бата алып үйлөнүп, кубанычы коюнуна батпай турган чакта апасынын ден соолугу оорлоп, ал да дүйнө салат. Актёрду мындай оор учурда жубайы Гаури ар тараптан колдоп турган.

ӨМҮРЛҮК ЖАРЫ
Өмүрлүк жубайы Гауринин жүрөгүн багындырып, түбөлүк жар кылуу үчүн артынан жакшы эле чуркаган. Бир жоругун ал дайыма күлүп эстеп келет. Сүйүүсү тууралуу “бир жолу Гаурини катуу таарынтып алдым. Гаурини жоготуу коркунучунда турганымда аны тынымсыз машиналар өткөн жерге чакырдым да, жолдун ортосуна жатып алып, "мени кечирип, мага турмушка чыгам деп айтканыңда гана ордумдан турам. Айтпасаң, мага сенсиз жашоонун кызыгы жок" дегем. Коркуп кеткен ал “тур ордуңдан, ооба, кечирем, колуктуң да болом” деген болчу" деп дайыма күлүп эстеп келет. Бул эпизод тасмадан эмес, чыныгы эки сүйүшкөндүн жашоосунан. Бири-бирине ынак болгон сүйүшкөндөрдү ажыратуу үчүн кандай гана ушак сөздөр айтылып келет. Бирок 19 жылдан бери бирге болгону ортосундагы түбөлүк, өчпөс сүйүүсү болсо керек...

КХАН - ТЕЛЕАЛПАРУУЧУ
2007-жылы атактуу актёр Амитабх Баччан кандайдыр бир себептерден улам “Ким миллионер болгусу келет?” аттуу телеоюндун индиялык версиясын алпарбай калат. Ошондо Кхан төрт ай бою аталган телеоюнду алпарат. Ага алпаруучулук аябай жаккан көрүнөт, ошондон кийин 2008-жылы апрель айынан баштап “5-класстын окуучусунан ким акылдуу?” деген америкалыктардын телевизиондук оюнунун индиялык версиясын алпара баштайт.

ӨЗҮНҮН ТАСМАЛАРЫН БИР ЖОЛУ ГАНА КӨРӨТ
Актёр кинону жалгыз жана тынч абалда көргөндү жактырат. Үйүнөн фильм көрүүгө балдары жолтоо болгондуктан, көбүнчө машинасындагы ноутбукка диск салып, каалаган тасмасын көрүп алат. Кинотеатрга болсо чет өлкөгө чыкканда гана барат. Ал эми өзү тартылган тасманы бир жолу гана көрөт.

ТАЖРЫЙБАСЫНДАГЫ ЭҢ ООР РЕПЛИКА
Кино тартылуу тажрыйбасындагы оңой менен сүйлөй албай койгону "трансплантация" деген сөз болгон. “Урматтуу дарыгер, көздү трансплантациялоо деген эмне?” дегенди 40 жолу айтып, айткан сайын каткырып, боору эзилгенче күлүп, 1 күндүк тартылуу убактысы кеткендиги маалым.

КХАНДЫН ЖАКЫН ДОСТОРУНУН
БИРИ – ЭЙКОН
Атактуу рэпер Эйкон жакында эле Мумбайга келип, Вишал Шенкар аттуу аткаруучу менен дуэт жаздырып кеткен. Ал ыр Шахрукх Кхан жаңы тартылып жаткан "Ра1" аттуу тасмада жаңырмакчы. Шах менен Эйкон мындан бир жыл мурун АКШнын Нью-Йорк шаарына барганда таанышып, жакын достордон болуп калышкан. Ошондо Шахрукх “мен тартылган бир киного ырдап бересиңби?” деп суранганда Эйкон макулдугун берет.

КАДЖОЛ МЕНЕН КАНДАЙ МАМИЛЕДЕ?
"Эл оозунда элек жок” дегендей, калк арасында Кхандын атактуу актриса Каджол менен мамилеси бар экени тууралуу кеп бар. Экөө бирге аткарган “Менин атым - Кхан” аттуу тасмада алардын сезимдери далилденген. Анткени “ролду мынчалык чын дили менен сүйүп аткарганы бул – сүйүү. Каджолду жеп жиберчүдөй караганычы...” деген сыяктуу маалыматтар көп айтылып келет. Албетте, актёр аны четке кагып, “Каджол менин кесиптешим, бул жөн гана бактылуу үй-бүлөнү көрө албагандардын тараткан кеби” деп актанып келет.

УЧУРДУН ПОПУЛЯРДУУ АКТЁРУ
Бул күнгө чейин Кхандын популярдуулугу тууралуу бир нече сурамжылоолордо алдыңкы орунду ээлеп, жеңип келгени бышык. Ага Zee Aflam аттуу телеканалынын жаңы эле жүргүзгөн сурамжылоосу дагы бир ирет далил болду. “Учурдун популярдуу актёру ким?” деген сурамжылоодо 5 000ден ашык СМС добуш берүү Шахрукх Кханга жөнөтүлүп, жыйынтыгында ал жеңип чыкты.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
nurzat
2010-08-03 19:16:55
Shahruhhan katywkan kinolordun baryn en jakwy film katary esepteim
+1
meerime
2010-09-07 00:09:59
negiza baldar maimyldan aiyrmalanyp turushsa ele boldu...a Shax Rux Khanga ancha myncha kyzdar jetpei kalat...aiabai jakshynakai...Abdan talantuu akter!!!Bolivoodtun Padyshasy!!!
0
elkaelka
2010-10-25 01:40:37
oi tim ele деп актанып келет dep jazyp koiushkandaryn.kak bud-to bashka kinolorunda sezimsiz atkarat. "Наступит завтра или нет-degen kinosunda mundan ukmush atkargan.anda Preity Zinta menen da mamilesi bar dep tushunobuzbu?jazat dese ele jaza berishet.
0
bigbeng29
2011-04-28 21:17:04
толугу менен кошулам. менимче бул актер ар бир тасманы чын дили менен аткарат. аябай жыктырам жана сыйлайм ар бир образы мен учун бийик
0
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан