ӨЛҮМГӨ АРАЧЫ НЕЙРОХИРУРГДАР

Мээнин иштеп жаткан учурун көргөн бир гана адис бар. Ал – нейрохирург. Анан да медицина кызматкерлери арасында нейрохирургия эң оор багыт деп саналат. Гезитибиздин бул санында нейрохирургдар өз кесибинин оош-кыйыштарын айтып беришти.

Кыргыз медицина илимдеринин доктору, профессор Буранбек Дүйшеев эмгек жолунда 7 миңден ашык операция жасаган. Ал бүгүнкү күндө Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүн жетектеп, жаш адистерге иш тажрыйбасынан бөлүшүп келет.

“ҮНДҮКТҮН БАЛАПАНДАРЫ ЖЕ СӨЗДҮН КҮЧҮ”

– Биздин жумуш саат 7:30да башталат да, кечки 7-8ге чейин ушул жакта жүрө беребиз. Оорулуулар көп, жумуш көп дегендей. Күн сайын эртең менен врачтар менен кошо ар бир оорулууга кирип абалын сурап, маанайын көтөрүү – адатым. Бир окуя эсиме түштү.

Бир күнү мага таластык бир аялды көтөрүп алып келишти. Баса албай төшөккө жатып калыптыр. Заарасы чыкпай, тамакка табити жоголуп, арыктап, сөөгү эле калган. “Эмнеге кеч келдиңиз?” десем, “айылдагы молдого дем салдырып жүрдүм. Барган сайын бирден үндүк союп барчумун. Баспай калганымдан кийин “колумдан келбеди” деп алакан жайды. Анан сизге келдим” дейт. Тиешелүү анализдерди тапшыртып, текшерип көрсөм, жүлүнүндө шишик бар экен. Жүлүнү да аябай жукарып кетиптир. Операциядан кийин абалын сураганы кирсем, “качан басам?” деп сурап калды. Мен көңүлүн көтөрүү максатында тамашалап “үйгө барганда үндүккө жөжө бастырып, ошолордун аркасынан басыңыз, кайтарыңыз. Алар чуркаганда сиз да чуркайсыз. Анан ошол үндүктөрдүн бирин мага көтөрүп келиңиз” деп койдум. Чынында абалы оор болчу, басып кетерине ишенген эмес элем. Арадан 7 айдай өттү окшойт. Бир күнү иш бөлмөмдөн чыксам, коридордо баштык көтөргөн аял турат. Баштыгынан канаттуунун буту чыгып калыптыр (күлүп). “Сиз мени тааныган жоксуз, мени бастырганыңыз үчүн ыраазымын” деп эле кучактап учурашып калды. Чынында тааныбадым, сакайып, өңү жакшырып калыптыр. Көрсө, менин сөзүмө ишенип айткандарымдын баарын аткарыптыр. Мына сөздүн күчү, ишеними.

“ЖЕКЕ КЛИНИКАЛАР КЫРГЫЗ МЕДИЦИНАСЫН АЛГА СҮРӨӨДӨ”

– Бүгүнкү күндө нейрохирургия бөлүмүндө баш мээге, омурткага, жүлүнгө, кан тамырга, тубаса Арнольд Киари ооруларына операциялар жасалууда. Бул кыргыз медицинасынын жетишкендиги, диагностика тармагынын өнүккөнү. Эсимде, 2000-жылдары Кыргызстанда эки гана компьютердик томография бар болчу. Учурда Бишкек шаарында эле 12 даана, мындан сырткары облустарда, облустун борборлорунда, райондордо бар. Албетте, булардын көпчүлүгү жеке клиникалардыкы. Диагностикалык аппараттар бизге көп ооруларды так аныктап берип, анын натыйжасында оорулуулардын 80 пайыздан көбү өзүбүздө дарыланып жатышат. Бизде дасыккан адистер бар, болгону керектүү аппараттар жетишсиз. Мисалы, “гамма нож”, “кибер нож” деген аппараттар бизде жок. Мындан улам бейтаптар башка өлкөгө барып ири суммадагы каражатка дарыланууга мажбур болушууда. Коңшу өлкөлөр бул тармакта эбак алдыга кетишкен. Алсак, 7-8 жыл мурун эле бизге коңшу Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан оорулуулар көп кайрылышчу. Азыр бизге сейрек каттап калышты.

“ИНСУЛЬТТУН ЖАШАРЫП БАРАТКАНЫ ӨКҮНДҮРӨТ”

– Дарыгер катары мени өкүндүргөн нерсе, Кыргызстанда инсульттун жашарып баратышы. Мурун биздин бөлүмдө жылына инсульт боюнча 5-6 операция жасалса, бүгүнкү күндө аптасына 3-4 операция жасалып жатат. Байкайсызбы, Бишкекте эмне көп? Албетте, дарыканалар көп. Дарыканалардын, дары-дармектердин жарнамаларынын көптүгү, тескерисинче, ооруларды жаратууда. Жарнаманы уккан, көргөн адам өз алдынча барып сатып алып пайдаланып жатат. Анын тийгизген терс таасирлерине кызыккан да жок. Жыйынтыгында бөйрөк оорулары жайылууда. Ушундай жарнамалардын ордуна дени сак жашоого үндөгөн жарнамалар чыкса болмок.

Жакшы жаңылыктар менен да бөлүшөйүнчү (күлүп), кыргыз медицинасында мыкты жаш адистердин, кадрлардын өсүп келе жатканы мени сүйүндүрөт. Учурда алар жаңы ыкмалар менен операцияларды жасап жатышат. Эгер мамлекет буларга шарттарды түзүп берип көңүл бурса, кыргыз медицинасы алдыга жылат.

Нейрохирург Байымбет Таалайбек уулу бүгүнкү күндө мээге жаңы ыкма менен, тагыраагы, мурун көңдөйү аркылуу операция жасайт. Аны менен катар студенттерге сабак өтөт.

“НЕЙРОХИРУРГ БОЛБОСОМ, АШПОЗЧУ БОЛМОКМУН”

– Бул кесипти мен эмес, эжем тандаган десем болот. Эжем дарыгер болом деп окууга тапшырганы барып, “менин мүнөзүмө туура келбейт экен, сага жарашат” деп үндөгөн. Бирок менин дарыгер болушума атам аябай каршы болчу. Ал менин медициналык академияда окуп жатканымды 1-курсту аяктагандан кийин билген. Азыр эжеме аябай ыраазымын. Анткени мен өз кесибимди таптым.

Бейтап канчалык оор абалда келбесин, болгон аракетибизди жумшап, өмүрүн сактап калышыбыз керек. Оорулуунун басып кетиши бизге чоң стимул болот. Нейрохирургдар теория жагынан да, практика жагынан да күчтүү болушу керек. Нейрохирургияда терапия, хирургия, неврология, психиатрия, баары камтылган. Эгер бул кесипти аркалабасам, анда ашпозчу болмокмун. Анткени ошол кезде кулинардык курсту аяктагам. Негизи хирург менен ашпозчулук кесип аябай окшош. Нерсени алабыз, кесебиз дегендей (күлүп).

“МАМЛЕКЕТ ДАРЫГЕРЛЕРДИ КОРГООГО АЛСА...”

– Мээ нейрон клеткаларынан түзүлгөн. Нейрондон майда жипчелер тарап, нервге айланат. Нерв бүткөн жерде сезим жайгашат. Бирок ошол сезим мээде жок. Ошол себептен чет өлкөлөрдө мээге операция жасоонун айрым түрлөрүндө, тагыраагы, коркунучтуу зоналарга жасоодо наркоз колдонушпайт. Алсак, сүйлөө сезимине, кыймыл-аракетке жооп берүүчү зоналарга жасоодо. Азырынча мындай ыкма Кыргызстанда колдонула элек. Анткени аппарат жок. Коңшу Казакстанда бул боюнча бир гана адис бар. Ал да кыргыз жигити. Менимче, бул жигит деле айлыктын аздыгынан, керектүү аппараттардын жетишсиздигинен улам кетсе керек. Эгер мамлекет дарыгерлердин укугун коргоого алып, айлыгын көтөрүп, тиешелүү жабдыктар менен камсыздап, шарттарды түзүп берсе, эмгегибизди кыргыз элине арнасак жакшы болмок. Мисалы, эндоваскулярдык операция түрлөрү коңшу өлкөлөрдө 15-20 миң долларга жасалат. Эгер аппарат болсо биз бекер жасамакпыз. Бизде Кореядан, Орусиядан, Түркиядан тажрыйба топтоп келген адистер толтура. Баса, бекер десем айрым бейтаптар туура эмес түшүнүп алышат экен. Керектүү каражаттардын көпчүлүгү гранттык негизде келет. Алар бат эле түгөнөт да. Бейтаптарды ооруканада жок нерсени сатып кел десек, “бекер дебедиңер беле?” деп суроолуу карашат. Ошондуктан сатып келүүгө туура келет.

Нейрохирург Султанбек Каримов медицина илимдеринин доктору, профессор Миталип Мамытов сыяктуу агайларынан таасир алып, бул тармакка келип калгандыгын айтат.

“БЕЙТАПТЫН ӨМҮРҮН САКТАП КАЛУУ – НЕГИЗГИ МИЛДЕТИМ”

– Нейрохирургия тармагында иштегениме 9 жылдын жүзү болду. Азбы-көппү, бул жылдар аралыгында түрдүү операцияларды жасадым. Мен үчүн бейтаптын өмүрүн сактап калуу – негизги милдет.

Эң алгач ординатурада окуп жатканда 18 жаштагы кыздын баш сөөгүнүн тешигин пластик менен жапкам. Бул менин өз алдымча жасаган эң алгачкы операциям болгон. Албетте, толкундоолор менен бирге өзүмө болгон ишеничим жогорулаган. Ар бир бейтаптын сакайып кетиши, алардан ыраазычылык угуу дарыгерлерге чоң стимул.

2014-жылы бийик имараттан куруучу кулап кетип, чыкыйынан кирген темир баш мээнин так ортосуна жетип калыптыр. Куткаруучулар темирди эки жеринен кесип эле жабырлануучуну бизге алып келишти. Нөөмөттө мен жардамчыларым менен гана болчумун. Кылдаттык менен темирди сууруп чыгып, өмүрүн сактап калганбыз. Учурунда жардам берип, туура операция жасалгандыктан бейтапты майыптыкка жеткирген жокпуз. Ошол кезде анын келинчеги кош бойлуу экен. Төрөгөндө сендей жигит болсун деп атыма уйкаштырып Нурсултан коюшту. Учурда байке сак-саламат үй-бүлөсү менен жашап жатат, бөбөк чоңоюп жатат.

2016-жылы кароолчу болуп иштеген кишини каракчылар темир менен башын жанчып кетишиптир. Ошол бейтап менен 1 жыл бою жашоо үчүн күрөштүк жана сактап калдык. Анын баш мээсинин жарымы жана сөөгү жок, ошого карабай жашап жатат.

Акыркы учурда оорулуулар ири суммадагы акча каражатын чогултуп, чет өлкөгө дарыланууга барууга аргасыз болгон учурлар бар. Мамлекет тарабынан жаш адистерге колдоо көрсөтүлүп, шарттар түзүлсө, кыргыз медицинасы өнүгүп, оорулуулар өз өлкөбүздө арзан дарыланышат эле. Жаш, күчтүү адистердин айлыктын аздыгынан чет өлкөгө агылышы кыргыз медицинасы үчүн чоң жоготуу.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нейрохирургиялык операциялардын 80 пайызы Кыргыз жеринде жасалат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aidai_suluu
2019-07-01 10:15:52
Азаматсыздар! Айлыктын аздыгына карабай, оз олконорго эмгегинерди арнап жатасыздар. Аллах ыраазы болсун сиздерден!
+4
ALATOOLUK.JIGIT
2019-07-01 11:13:17
Султан азаматсын. Элин учун талыкпай эмгектене бер,сени менен сыймыктанабыз.
+2
AykaMer
2019-10-16 09:52:52
Кудай буйруса мен да баламды нейрохирургка окутам,Бул менин арзуум...
0
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан