БИЛИП АЛ. ГЕПАРД

Балдар, дүйнөдөгү жаныбарлардын эң күлүгү ким билесиңерби? Бул – гепард. Ал чуркаганда спорттук унааны да артка таштайт. Өзүнө тамак издегенде же башка бир жапайы жаныбардан кутулуу үчүн аны жөө күлүктүгү куткарат. Аркасынан жолборс же арстан кубалаган учурда ар дайым жеңиш гепарддыкы болот. Гепарддар 40-60 килограмм салмакта болуп, үйүр-үйүрү менен жашашат. Эркиндикте 20 жылдай жашаса, капаста 30 жылдай жашоо мүмкүнчүлүгү бар. Дагы бир кызык факт, алар капаста болгон учурда тукум калтыруу мүмкүнчүлүгүнөн айрылышат. Өмүрүнүн көп убактысын бак-дарактарда өткөрүшөт. Андыктан ашып калган тамак-ашын да бакка чыгарып илип коюшат. Бул башка жапайы жаныбар жеп кетпесин деген ыкмасы. Эгерде жакын жерде коркунуч туулуп жатканын байкашса, бири-бирине чымчыктардын чыйпылдаганына окшош үн менен коркунучтан кабар беришет. Гепарддар көбүнчө Африка өлкөлөрүн жана Жакынкы Чыгышты байырлашат.

Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан