ПОЛИП ДЕГЕН КАНДАЙ ООРУ?

Окурмандардан ден соолук, анын ичинде гинекологиялык оорулар боюнча суроолор көп келет. Бул ирет келген суроолорго гинеколог Гүлина Турсунбаева жооп берди.

– Кызым 35 жашта. 9 жашар уулу бар. Балам жалгыз болбосун деп төрөгөнгө даярданып дарыланып жүрөт. УЗИге түшсө, дарыгери “жатын моюнчасында полип бар” дептир. Сурайын дегеним, бул кандай оору? Коркунучтуу эмеспи? Дарылоого болобу? Болсо кандай жолдору бар?

Багдагүл, Кара-Балта шаары

Полип – бул денеси жана буту бар залалдуу эмес шишик түрү. Полиптин буту жатындын дубалындагы былжырлуу катмарга жармашып турат. Айрым учурларда ички жана сырткы факторлордун таасиринен улам залалдуу шишикке айланып кетиши да мүмкүн. Полиптен көбүнчө 20-35 жаш курагындагылар көп жабыркашат. Анткени бул курак аялзатынын активдүү төрөт курагы деп саналат жана бул куракта аборт жасаткандар да көп. Ал эми өспүрүм курактагы кыздар менен 40 жаштан өтүп калган аялдарда полип гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам пайда болот. Жатында полиптин бар же жок экендигин этек кир токтогондон кийин белгилүү бир күндө (дарыгер өзү эсептеп берет) УЗИден текшерүүгө болот. Бирок бир жолу УЗИден өтүп эле полип бар деп тыянак чыгарууга болбойт. Анткени айрым учурларда жатын этек кирден толук тазаланып бүтө элек болуп калган учурлар кездешет. Андыктан 2-3 жолу түшкөн соң жыйынтык чыгарууга болот.

ПОЛИПТИН ПАЙДА БОЛУУСУНУН СЕБЕПТЕРИ

  • Гормоналдык бузулуу
  • Бат-баттан аборт жасатуу
  • Операция жолу менен төрөө
  • Кайра-кайра төрөө
  • Бойдон түшүү же оор төрөт
  • Калкан безинин иштешинин бузулушу
  • Ашыкча салмак
  • Кант диабети
  • Жатындын сезгенүү оруулары

    ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
  • Айыз циклинин бузулушу
  • Айыздын узакка созулушу
  • Айыз учурундагы катуу ооруксунтуу
  • Коюу кандардын чыгышы
  • Айыз келбеген учурда кан аралашкан же ириңдүү суюктуктардын келиши
  • Ичтин чоңоюшу
  • Кан көп кетип аз кандуулуктун пайда болушу

    ДАРЫЛОО

Кызыңыз айызы токтогондо дагы бир жолу УЗИге түшсүн. Бир жолку УЗИнин жыйынтыгы менен диагноз коюп, дарылоо болбойт. Гинекологдон кененирээк кеңеш алыңыз.

Алгач полиптин пайда болуу себеби аныкталат да, дарылоо ошого жараша жүргүзүлөт. Полип башталгыч стадиясында болсо дары-дармектер менен жок кылууга болот. Эгер жыйынтык болбосо, анда биопсия (анализге жөнөтүү үчүн кесип алынган ткань) кылып, шишиктин залалдуу же залалдуу эместигин аныктоо үчүн гистологияга жөнөтүлөт. Залалсыз болсо, жатынга тийбейт. Эгер полипте рак клеткалары бар болсо, ал башка органдарга тарап кетпеши үчүн жатынды алып салууга туура келет.

ПОЛИПТИН ӨСҮШҮНӨ ТААСИР БЕРҮҮЧҮ ФАКТОРЛОР

  • Жатын гормондорго көз каранды орган болгондуктан гормоналдык бузулууда полип көбөйүп кетиши толук мүмкүн.
  • Тамекини көп тарткан аялдарда полиптин ракка айланып кетүү коркунучу жогору.

    КОШ БОЙЛУУЛУККА КАНДАЙ ЗЫЯН КЕЛТИРЕТ?

Эгер полип жатын түтүкчөсүнө жайгашкан болсо, анда аялдын боюна бүтүшүнө, тактап айтканда, уруктун жатындын дубалына жармашышына жолтоо болот. Ал эми полип жатында болсо, пайда болгон түйүлдүктү түртүп чыгарып, бойдон түшүүгө алып келиши мүмкүн. Эгер полип түйүлдүк пайда болгондон кийин пайда болсо, анда аны төрөттөн кийин дарылоо шарт. Полиптин көлөмү чоң болсо түйүлдүккө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

“БОЮМДА БОЛБОЙ ЖАТАТ”

– Турмушка чыкканыма 1 жыл болду. Жолдошум экөөбүз ата-энебиздин сунушу менен эле баш кошконбуз. Ачыгын айтсам, арадан бир жылдай убакыт өтсө да жолдошума такыр көнө албай койдум. Күндүз ал жумушуна кетет, мен үй жумуштары менен алаксыйм. Кечинде жатарга келгенде эле өзүмчө эле кыжырым келе берет. Балким, андан балалуу болсом бул адатым калып, жолдошума имерилемби деп ойлоп коём. Кантип балалуу болсок болот?

Айжаркын, Кочкор району

– Айжаркын, билесизби, бойго бүтпөөнүн бирден бир себеби – психологиялык жактан жабыр тартуу. Андыктан психологиялык жактан өзүңүздү даярдаңыз. Жакшы адистерден жолдошуңуз менен чогуу барып кеңеш алыңыздар.

“ЦИСТИТ КЫЙНАДЫ”

– Учурда 6 айлык боюмда бар. 3-4 айында цистит болуп, дарыгерге көрүнүп, дарылангам. Азыр да кээде заара ушаткандан кийин ачышып калып жатат. Толук айыктырууга болобу?

Арууке, Кайыңды айылы

– Ар бир айым боюнда болгон учурда жашаган жери боюнча каттоого алынат. Андан кийин ар түрдүү анализдерди тапшырат. Ошол анализдердин ичинде заара БАК деген бар. Бирок бул анализ айыл жергесинде көбүнчө тапшырылбай калат. Дал ушул анализдин жыйынтыгынан кош бойлуулук учурунда козголо турган белгисиз бактерия деген нерсе билинет. Бул кичине инфекция болсо эле козголо берет. Эгерде сизде цистит тубаса болсо же мурун бул оору менен ооруган болсоңуз алардын баары кош бойлуулукта козголот. Себеби кош бойлуулук баарын козгоочу мезгил. Өз алдынча дары колдонбоңуз. Балага терс таасирин берип коюшу мүмкүн. Гинекологго барсаңыз ал сизге урологго багыттама жазып берет. Ал жактан УЗИге түшөсүз, заара анализин тапшырып кайрадан дарылоо курсун аласыз.

“ЖАШЫ ӨТКӨНДӨРГӨ ТӨРӨТ КАНЧАЛЫК ЗЫЯН?”

– Жашым 40та. Бир кызым бар, 12 жашта. Дагы төрөп алсамбы дедим эле. Жашы өткөндөргө төрөт канчалык зыян? Билгим келет. Алдын ала рахмат.

Акинай, Кара-Көл шаары

– Жашы 40тан өткөндөн кийин аялдын организми алсыз болуп, ар түрдүү ооруга чалдыгышы ыктымал. Бул курактагы аялдар үчүн кош бойлуулуктун коркунучтуусу – ымыркай Даун синдрому менен жарыкка келиши мүмкүн. Бул курактан өтүп төрөгөндөр деле көп, бирок алар дарыгердин тыкыр кароосунда болуп, бардык оорусун көзөмөлдөтүп турушу зарыл.

“СӨӨЛГӨ ОКШОШ НЕРСЕЛЕР ЧЫГЫП КЕТТИ”

– 2 ай мурун жан жериме сөөлгө окшогон бир нерсе чыккан эле, ал көбөйүп баратат. Андан үй шартында арылууга болобу, дарыгерге баруудан тартынып жатам.

Батма, Бишкек шаары

– Батма, сүрөттөөңүзгө караганда сизге чыккан нерсе кандилома окшойт. Кандилома – жыныс кынга чыгуучу сөөл сыяктуу залалсыз шишик оорусу. Ооруну вирустар таратат. Вирус жыныс кынынын эпидермисин (теринин үстүңкү катмары) бузуп, ошол жерде көбөйүп өсө баштайт. Ал жыныс органдарын, чатты, анусту (арткы тешик), кээде жатын моюнчасына чейин каптап кетиши мүмкүн. Кандиломанын жайылып өсүшүнө жыныс кынынан бөлүнүп чыккан суюктук себепчи болот. Аны сөзсүз дарылатуу керек. Болбосо жайылып, биригип отуруп таза ткань калбай калат да, чирүүгө, некрозго өтөт. Андыктан токтолбостон, уялбастан дарыгерге кайрылууну сунуштайм. Дарылоодо дары-дармектер, крем-гелдер, мазь түрлөрү колдонулат. Дарылоо учурунда жыныстык катнаштан баш тартуу абзел. Эгер дары-дармектерден жыйынтык болбосо анда хирургиялык же электрокоагуляция (электр тогу менен күйгүзүү) ыкмалары колдонулат.

Олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге, kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жооп беришет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан