КУБАТ КУБАНЫЧБЕКОВ

«Тамашоунун» таланттары

Тамашоукөй жигит Кубат – «Юристтер» командасынын фронтмендеринин бири. Кыздардын ролдорун мыкты аткарат. Бирок акыркы кездерде жалаң балдардын арасында болгондуктан, өзүнүн коопсуздугу үчүн андайдан баш тартты.

Жашы – Таанышып жаткан кыздардан жок дегенде 2-3 жашка улуу.
Бою – 1 метро 88 сексуал.
Салмагы – Кыздардын арасында салмагы бар.
Лакап аты – Жанагы гламур Куба.
Дежур сөзү – “Кыздар, мага бүгүн тийишпегиле, мен бүгүн уктайм”.
Сүйгөн тамагы – Сүйгөн тамагына али жолуга элек.
Девизи – “Делай, делай, делай красиво!”
Фобиясы – Маршруткага түшкөндө “10 сом берсем, 2 сом кайтарып бербей коёт” деп коркот, ошондуктан дайыма 8 сом берет.
Үй-бүлөлүк абалы – Торпок, ой, бойдок.
Максаты – Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлдү бүт дүйнөгө таанытуу (туристтер көлгө келип чабак, курут жана бешбармактан жеп, кымыз ичип кетишин каалайт).


Аялдамада эки адам отурат. Алардын бири «апчи» деп чүчкүрөт. Анда экинчиси:
– Мен сизди түшүнөм.
– Жок, сиз мени түшүнбөйсүз.
– Мен сизди түшүнөм.
– Жок, түшүнбөйсүз.
– Түшүнөм.
– Түшүнбөйсүз деп жатам, Аскар Акаевич.
– Жок, абдан сонун түшүнөм, Курманбек Салиевич.

Кыргыздын белгилүү мушкери Алмазбек Раимкулов Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында сейилдеп жүрүп, өзүнүн күчүн текшерүүнү чечет. Бирок ал ударомерге жакындай бергенде ударомер “кечиресиз, байке, азыр түштөнүү” деп болбой коёт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
dekg
2010-08-05 01:18:07
kommentarii jok porojn9k bolup jatkan go.
+1
alucard
2010-08-31 12:03:16
Красавчик!
+1
aijanasan
2010-09-09 08:52:18
Кыйын бала
+1
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан