СОҢ ЖУҢ КИ & СОҢ ХЕ КЙО ЖОМОГУ ХЭППИ-ЭНД БОЛБОЙ КАЛДЫ

27-июнда интернет айдыңын Корей киносунун белгилүү түгөйлөрү Соң Жуң Ки менен Соң Хе Кйо ажырашып жатышат деген маалымат каптап, күйөрмандарды чындап айтканда «шок» кылды. Ажырашуу тууралуу узун кептин учугу жыл башында башталганы менен, экөөнүн сүйүү жомогу баарын жеңет деген ишенич бар эле...

«КҮНДҮН МУРАСКЕРЛЕРИНЕН» БАШТАЛГАН СҮЙҮҮ БАЯНЫ

2016-жылы февраль айында экранга чыккан «Күндүн мураскерлери» дорамасы канчалаган сериал сүйүүчүлөрдү өзүнө байлаган. Алардын арасында мен да бар элем. Дораманын сюжети, андагы актёрлордун оюну, баш каармандардын ортосундагы махабат мамилеси, баары кызык болчу. Айткандай эле бул дорама канчалаган өлкөдө рейтинг жаратып, тартуучу топко, баш каармандарга көптөгөн сыйлыктарды алып келди.

Баш каармандар демекчи, сериалда сүйүшкөндөрдүн ролун аткарган Соң Жуң Ки менен Соң Хе Кйо тасмадан сырткары да мамилесин улантканын көпчүлүктөн жашырып келишкен. Атактуу болуунун жаман жагы, дайыма көпчүлүктүн көз алдында болот эмессиңби. Ал эми дүйнөнүн булуң бурчу тааныган адам болсоң, анда эч кайда качып кутула албайсың. Жуң Ки менен Хе Кйо да чогуу кайда барышпасын, баамчыл папараццинин камерасына илинип, баш кошушканга чейин эле экөө Соң+Соң түгөйлөр атыгышкан.

«МЕН ЭМИ ЖАЛГЫЗ ЭМЕСМИН»

Түгөйлөр үйлөнүү үлпөт тою жакындаганда гана мамилелерин ачыктап, күйөрмандарына кайрылуу жасашты. Жуң Ки: «Күндүн мураскерлери» мага алгач дос, анан сүйүктүүмдү табууга жардам берди. Соң Хе Кйо экөөбүз келечегибизди бирге куралы, бардык кыйынчылыкты бирге жеңели деп чечтик»,- деген билдирүүсүн таратты. Өз кезегинде Соң Хе Кйо: «Мени жашоосундагы олуттуу жаңылык менен кеч бөлүшүп жатат деп таарынбаңыздар. Бул жалгыз мага эмес, эки адамга тиешелүү жаңылык болчу. Жуң Ки көп аракет кылды, экөөбүздүн максаттарыбыз бир экенине мени ишендирди. Мен эми жалгыз эмесмин, биз экөөбүзбүз»,- деди.

Экөөнүн ортосундагы жаш айырмачылыктан жана Хе Кйонун буга чейин бир нече жигит менен мамиле курганынан улам Соң Жуң Кинин атасы экөөнүн мамилесине каршы чыккан деген маалымат бар. Журналисттердин бул боюнча берген суроосуна Жуң Кинин атасы «Мен баламдын тандоосун сыйлайм» деп жооп берген. Эске салсак, Соң Жуң Ки 1985-жылы, ал эми Соң Хе Кйо 1981-жылы төрөлгөн.

«МЕНИН АЯЛЫМ СУЛУУ...»

Ошентип, Түштүк Кореяда жылдын тою аталган Соң+Соңдордун үйлөнүү тою 2017-жылдын 31-октябрында өттү. Тойго кеткен чыгымдарды (болжол менен 200 миң доллар) укканда ичимден Бишкектен үй, машина алып, кичинекей бизнес баштамакмын деп мен эле жалгыз ойлобосом керек. Той болот, тойдун эртеси да болот демекчи, эки жаштын андан аркы жашоосу дагы деле көпчүлүктүн кызыгуусунда эле. «Соң+Соңдор бал айына кетти», «Үй сатып алышты», «Баланча жарнамага тартылып жатышат», «Мындай дорамага сунуш алышыптыр» деген маалыматтар чыгып турду. Жуң Ки журналисттерге аялы тууралуу «Бактылуумун. Менин аялым ушунчалык сулуу...» деп көп айтканынан улам күйөрмандары аны үй-бүлөсүнө карамдуу эркек деп макташчу.

КАРА МЫШЫК КАЧАН АРАЛАДЫ?

Экөөнүн ортосундагы түшүнбөстүктөр тууралуу маалыматтар интернетте жарым жыл мурун эле башталган. Бирок бул жагымсыз кабарга эч ким ишенбей келген жана өздөрү да эч нерсени тастыкташкан эмес. Бирок Соң Жуң Кинин адвокаты Пак Же Хён 27-июнда расмий билдирүү таратып, көпчүлүктү чочутту:

«Биздин юридикалык компания 26-июнда актёр Соң Жуң Кинин атынан ажырашууга арыз жазды. Андан сырткары биз актёрдун билдирүүсүн да сиздерге жарыяламакчыбыз:

– Салам. Бул Соң Жуң Ки. Ушундай жагымсыз кабарды айтып жатканым үчүн бардык күйөрмандарымдан кечирим сурайм. Мен Соң Хе Кйо менен ажырашуу процессин баштадым. Бири-бирибизди жаман көрүп, кимдин күнөөлүү экенин териштирип отурбай, достук мамиледе баарынын аягына чыгабыз деп ойлойм. Менин бардык жаракатым айыгат, силерге татыктуу актёрдук чеберчилигимди көрсөтө берем»,- деп жазылат билдирүүдө.

ТҮГӨЙЛӨРДҮ АЖЫРАШТЫРГАН ПАК БО ГОМБУ?

Бул билдирүүнү актёрдун Blossom Entertainment жана актрисанын UAA агенттиктери да тастыктап, экөөнүн ажырашып жатканына ортодогу айырмачылыктардын көптүгү себеп болгонун билдиришти.

Бул жаңылык интернет коомчулугун эки топко бөлдү. Бир тарабы жарашыктуу түгөйлөрдүн ажырашып жатканына кайгырса, экинчи тарап күнөөлүүнү издей баштады. Издеген адам табат эмеспи, күнөө актёр Пак Бо Гомго тагылды.

Пак Бо Гом деген ким? Бо Гом 1993-жылы төрөлгөн Түштүк Кореядагы белгилүү актёрлордун бири. Аны «1988ге жооп», «Булутка оронгон ай нуру» дорамаларынан көрсөңүз болот. Соң Жуң Ки экөө бир агенттикте эмгектенишет жана чыгармачыл достордон. 150 гана адам чакыруу алган Жуң Ки менен Хе Кйонун баш кошуу тоюна Пак Бо Гом да чакыруу алып, жаштарга фортепианодо ойноп музыкалык белек тартуулаган.

2018-жылдын ноябрь айында чыккан «Менин жигитим» дорамасында Пак Бо Гом менен Соң Хе Кйо сүйүшкөндөрдүн ролун аткарышкан. Мындан улам эки жаштын ажырашуусуна дал ушул актёрду күнөөлөп чыгышты.

«ЭКӨӨБҮЗГӨ ТЕҢ БАКЫТ КААЛАҢЫЗДАР!»

Сүйүү үч бурчтугуна кабылган атактуулардын айланасында «Соң Жуң Ки аялынан «отписка» кылды», «Аны менен чогуу сүрөттөрүнүн баарын өчүрдү», «Экөө Ичэвон районунда чогуу жашаган үй канча айдан бери бош турат. Жуң Ки менен Хе Кйо көптөн бери өз-өзүнчө жашап жатышкан»... мына ушул сыяктуу «чалгындоо» иштери кызуу жүрдү.

Хе Кйонун жана Пак Бо Гомдун дарегине карата сынга толо комментарийлерден улам Кйо Инстаграм баракчасына жазылчу билдирүүлөргө чектөө коюп, өчүрчүсүн өчүрүп, баракчасын жаап койду. Ал эми Пак Бо Гом менен Соң Хе Кйо жөн гана кесиптеш экенин айткан Blossom Entertainment агенттиги: «Биздин актёрлордун дарегине айтылган жаман пикирлер бир гана актёрдун эмес, агенттиктин да аброюна шек келтирет. Андыктан негизсиз каралап, жалган маалымат тараткан адамдарды сотко бердик»,- дешти.

Көп өтпөй түтпөй кеттиби, ким билсин, Соң Жуң Ки баракчасына «Соң Хе Кйо экөөбүздүн чечимибизди сыйлап, жаман комментарий жазганды токтотсоңуздар. Жашоо ушундай экен. Экөөбүзгө тең бакыт каалаңыздар!» деп жазды.

ЖАШОО УЛАНА БЕРЕТ...

Учурда Соң Жуң Ки башкы каармандын ролун аткарган «Асдалдын хроникасы» дорамасы көрсөтүлүүдө. Ал эми Соң Хе Кйо «Анна» дорамасына тартылуу сунушун карап жаткан чагы. Ошентип, Соң Жуң Ки менен Соң Хе Кйонун жомогу хэппи-энд менен аяктабай калганы белгилүү болду. Таланттуу актёр менен актриса мындан ары мыкты ролдору менен гана күйөрмандарын кубантпастан, келечекте арзыганын таап, бактылуу болот деген ишеничтебиз.

Урматтуу К-рор күйөрмандары, мындан ары «Супер-Инфонун» ар бир санынан корей жылдыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуй аласыздар. Кайсы жылдыз жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ainura220888
2019-07-08 09:37:27
Жаль жпль жаль еще раз жаль. Ошондо Сон Гё Кйо ала жипти аттаган болобу. Парень денен сериял анча деле рейтинг жаратбадыго. Мен Сон Гё Кйо бар учун эле кордум. Хроника Асадалияныда Джун Ки бар учун коруп атам. Тушунсом олоюн кечке эле клан Ассо Нарон белая волчица тиги бул деген создор мээнде ойноп калат экен))))
+1
Ziasuiunbekova
2019-07-09 17:18:51
ainura220888,менин оюумча кызыктуу аябай. Чынында мен Потомки Солнцени коргон эмесмин,кызыккан да жок болчумун.
0
Ziasuiunbekova
2019-07-09 17:21:11
ainura220888,Ала жипти аттады деп нитезендер эле айтып жатышат. Сон хе ге жазды го . Жашоого болгон коз карашыбыз дал келбей калды. Турмуш жолуна аттана турганда ойлонуп иш кылуу керек экен. Мен шашып алыптырмын деп.
0
_PeriWa_
2019-07-08 16:51:38
Ат Та Рын Ок Уп От Ур Сан Ти Лин Чай На Лат Го
+12
Mervi
2019-07-09 03:09:29
_PeriWa_, ха ха ха менин дагы башым айланып макаланын аягына чейин окуп чыгалбадым.
+3
anandi
2019-07-08 21:11:10
дааааааа очень жаль
+1
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан