Мексиканын Гвадалахара шаарынын тегерегиндеги 6 районго күтүүсүздөн кар жаады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, кардын калыңдыгы айрым жерлерде 1 метрге жеткен. Кар түшкөнгө чейин аталган аймакта абанын температурасы 30 градус ысыкты көрсөтүп турган. Күтүүсүз жаратылыш кубулушунан аймактагы 200дөй турак жай жана унаалар зыянга учураган. Штаттын губернатору Энрике Альфаро "мындай табияттын кубулушун биз көргөн эмеспиз" деп социалдык тармактагы жеке баракчасына таң калып жатканын билдирген.
Дамира Арстанова
koom@super.kg