ЛЯМБЛИОЗ СУУ ЖАНА КИР КОЛДОР АРКЫЛУУ ЖУГАТ

Мектеп окуучулары жайкы каникулга тарап, ар кайсы жакта эс алып жүрүшкөн учуру. Сууга түшүү, жер-жемиштерди жуубай пайдалануу ичеги-карын ооруларынын күчөшүнө алып келет. Бүгүнкү күндө көп катталган ичеги-карын ооруларынын бири – лямблиоз. Бул оору кайдан жугат? Андан кантип сактануу керек? Бул боюнча врач-педиатр Гүлжамал Саадакбаева айтып берет.

ООРУ ТУУРАЛУУ

Лямблиоз – ичке ичегиде, кээде өт баштыкчасында, боордо мителик кылуучу лямблия цистасы пайда кылган жугуштуу оору. Аталган оорунун булагы болуп оорулуу адам жана үй жаныбарлары саналат. Лямблия адамдын ичине суу, жуулбаган кол, жер-жемиштер, буюмдар аркылуу кирип, сыртынан чел кабык менен оронуп, ичке ичегиге жабышып мителик кылып көбөйөт. Ичке ичегиден жоон ичегиге өтүп, ал жерде анын өөрчүшүнө шарт болбогондуктан заң менен сыртка бөлүнүп чыгат.

Бул оору менен бардык курактагы адамдар жабыркашат. Ошентсе да жаш балдар арасында ооругандар көп кездешет. Оору аллергиялык жана неврологиялык белгилер менен коштолот. Айрым учурларда белгилери билинбей өтүп кетсе, кээде кайсы бир оору менен ооругандан кийин байкалат.



Лямблия (lamblia) сүт эмүүчүлөрдүн (киши, коён, чычкан, ит, мышык), жерде-сууда жашоочулардын, айрым омурткасыз жандыктардын митеси. Анын 4 жуп шапалакчасы жана 2 сүйрү соргуч ядросу бар. Денеси алмуруттун формасына окшош, жону томпок, боор жагы ийилген. Узундугу 10-18 микрометр. Анын 100дөн ашык түрү бар. Организмде 2-4 айга чейин жашайт.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

  • Оң кабырганын түбү, ичтин жогору жагы же киндиктин тушунун оорушу;
  • Дене табы 37,5 градуска чейин көтөрүлөт;
  • Ич көөп, курулдайт;
  • Тамакка болгон табит начарлайт;
  • Арыктоо;
  • Баш оорутуу;
  • Жүрөк айланып, куску келүү;
  • Зарна болуу;
  • Ичи өтүү;
  • Алсыроо, бат чарчоо;
  • Дем алуунун начарлашы;
  • Аллергия болуу;
  • Кыжырдануу;
  • Уктап жатканда тишти кычыратуу жана башка.



ДИАГНОЗ КОЮУ

Ооруну аныктоо үчүн дарыгердин жалпы текшерүүсүнөн өтүү керек. Андан соң организмде лямблия цистасы бар же жок экендигин аныктоо үчүн лабораториялык диагностика, тактап айтканда, кандан жана заңдан иммуноферменттик анализ тапшыртылат. Чыккан анализдин жыйынтыгына карата дарылоо жүргүзүлөт.

ДАРЫЛОО

Лямблиозду дарылоодо оорулууга мите курттарга жана микробдорго каршы дары-дармектер, антибиотиктер, ферменттер, өттү тазалоочу каражаттар, энтеросорбенттер, С жана В тобундагы витаминдер сунушталат. Мындан сырткары сөзсүз мүнөздөп тамак ичүү талап кылынат. Алсак, рациондон таттуу, ачуу, майлуу жана куурулган азыктар алынат. Белоктуу азыктар, кайнатылып бышырылган эт, быштак, айран, жашылчалар, мөмө-жемиштер сунушталат. Ошондой эле күнүмдүк уктап-туруу режимин сактап, спорт менен машыгуу керек.

ЛЯМБЛИЯНЫН ОРГАНИЗМГЕ ТИЙГИЗГЕН ЗЫЯНДАРЫ

  • Иммунитетти төмөндөтөт.
  • Лямблиядан бөлүнүп чыккан уу заттар адамдын организмин ууландырат. Кусуу, жүрөк айлануу, аллергия буга далил боло алат.
  • Канды жана андагы адамга керектүү витаминдерди, минералдарды соруп алуу менен авитаминозго, анемияга жеткирет.
  • Өзү жайгашкан жердеги ткандарды жабыркатып, органдардын иштөөсүн бузуп, ар кандай ооруларды жаратат.
  • Жаш балдардын акыл-эсинин, дене боюнун өсүшүн кечеңдетет.



ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

  • Тамактанар алдында, ойногондон, жаныбарларды кармалагандан жана дааратканага барып келгенден кийин сөзсүз колду жууш керек.
  • Жашылча - жемиштерди, мөмөлөрдү жылуу суу менен жууп пайдалануу шарт.
  • Агын сууларды сөзсүз кайнатып ичүү зарыл.
  • Мите курттарды өлтүрүүчү касиети бар азыктарды, алсак, ашкабактын данегин, сарымсакты менюга кошуу туура.
  • Дарыгерге өз убагында көрүнүп, ичегилерди бир жылда 2 жолу тазалатып турууну адатка айлантуу керек.
  • Өздүк гигиенаны сактоо, бирөөнүн сүлгү, тиш щётка жеке буюмдарын колдонбоо абзел.
  • Сууга түшкөндө суу жутуп алуудан абайлоо керек.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
deva
2019-07-08 10:00:07
ушул тууралуу угуп калчу элем. жаман мите турбайбы
+2
raykray
2019-07-10 15:53:18
Менин кызым 5жашында садикке барып жургондо чыккан ушу мите( даарыландык эми билбейм бирок аявай арык эч ооруудум дебейт ооруубайт грипп деле болбойт.(
+1
Chungyz
2019-07-12 22:36:51
Бул курттар жылдап ичибизде кайф кылып жашап келет ар бир адамда
0
Kombi
2019-07-13 08:24:40
Кантип ичегилерди жылына 2 жолу тазалатып турабыз?
0
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан