(Башы өткөн сандарда)
Бала ыйлап жатты. Шайырдын атасы аны колунда силкилдетип терметип жүрөт. Бул үйдө наристеге мээрим төгүп жаткан жалгыз ушул адам болчу.
Кыздын апасы мелтиреп гана алдын тиктейт. «Эми эмне болот?» башында ушул суроо оюнун баарын будуң-чаң кылып сапырып жатты.
– Болду… Бо-олду! Садага болоюнум десе, бо-олду!- небересин эркелетти таятасы. Шайырга атасы ушул тапта эң акылсыз адам сыяктуу сезилди. Эмнеге минтет? Бул бала деген анын кызын зордуктаган айбандардын баласы да. Кыз ичинен башкача болуп таарынып чыкты. Ошол маалда баланы андан да жек көрүп кетти.
ххх
– Мен мал сатып келейин! Акча таап баланы көрсөтүп келели… Үмүтсүз шайтан дейт. Жашап кетсе карыганда бизге караан болор,- жатарда атасы эртеңки ишин ушинтип мерчемдеп жатканын уккан.
– Жөн эле койсокчу?- апасы ишенимсиз сүйлөдү.
– Эмне, колубузда кармап, өлүшүн күтөлүбү? Тигил го, мейли, азабынан баласын жек көрүп жаткандыр. А сенчи? Бул неберең го сенин?! Ок, сени десе!- жиндеп кетти атасы.
«Эч ким эч кайда барбайт» Шайыр ичинен ошентип чечти.
ххх
Баланын ыңаалаганы кулагына угула берди. Бул үн күндөн-күнгө аны кемирип, ичин куйкалап бара жатты. Наристенин ыйлаганын уккан сайын ага болгон жек көрүүсү күчөп, анын атасынын элеси көз алдына тартылып туруп алчу болду.
– Аа-аа-аа...
Ызасына муунду. Үйдөгүлөрдү ойготуп албайын деп үнүн жай чыгарып кыйкырымыш болду. Муштумун катуу түйүп, тиштенип бир саамга отурду. Мындан ары чыдай алмак эмес. Муну токтотуш керек деп ойлоду. Уктоочу бөлмөдө жаткан 15 күндүк наристени жаздык менен бетин жаап үнүн баскысы келди. Ачууга алдырып жаздыкты улам катуу басты. Үн токтоду. Ымыркай ыйлабай да, кыймылдабай да калды. Жаздыкты ыргытып, жинди немедей көзүн тостойтуп ымыркайды карап калды. Эмне кылганын эми түшүндү. Дүйнөгө келгенден тарта апасынан мээрим ала албаган наристе анын колунан өлүп тынды. Көгөрүп, соолуп жатты. Дегеле аны жакшы көрүп карап эзилбептир Шайыр. Анан азыр гана чормойгон кичинекей оозу болор болбос ачылып, үлдүрөп ачылган көздөрүндөгү каректери аңтарылып калганын көрүп эмнегедир аяп кетти. «Балада эмне күнөө?» атасынын үнү кулагына жаңырды.
Атасы билсе эмне дейт? Ага айтпаш керек. Апасы гана аны түшүнө алса керек. Жансыз наристенин жанында кыйлага чейин отура берди, бир убакта эсине келе түшкөндөй коңшу бөлмөдөн апасын чакырды.
– Эмне?- түн бир оокумда көзүн ушалап чыккан апасынын алдында көздөрүндө боштук орногон Шайыр турган.
– Апа… Тигил бала чарчап калды.
– Ыя?- апасы чочуп оозун алакандары менен басты.
– Тынчып калганынан карасам…
– Жүрөгүбү?
– Билбейм… Бассаңыз…
Кызынын өз канынан жаралган баласынын өлүмү тууралуу таптакыр тиешеси жок кишидей мерездик менен айтып жатканын угуп эне жүрөгү сайгылаша түштү. Кирип эле түшүндү. Эриндери, мурдунун айланасы көгөрүп, жүзүнүн думукканда кыйшайган калыбында катып калган бөлүктөрүн көрүп эле наристени Шайыр думуктуруп өлтүргөнүн билди.
– Таш боор! Кантип ушуга колуң барды, акмак кыз?- апасы кемшеңдеп ыйлап жиберди. Эрдин тиштегилеп жер карады кыз. Туура эмес кылганын түшүнүп эле турат. Бирок бир жак четинен өзүн-өзү абийиринин алдында эбак актап алган сыяктуу бул кыз. Мындан башка эмне кылмак элем деген түр менен карайт.
– Атаңа эмне дейбиз эми?
– Мени өлтүрдү дебеңиз.
Апасы саамга ойлоно түштү да, «жүктү түшүр» деди. Шайыр аны суроолуу карады.
– Жүк басып калыптыр дейбиз…- тиреле жыйылган жер төшөктөрдү кулатты.
ххх
– Эй, абышка, тур! Ит эле болдук!
– Эмне?
– Баланы жүк басып калыптыр. Шайыр байкабай калган экен.
– Эмне-е?- атасы кыйкырып эле Шайыр бала менен жаткан бөлмөгө атырылып кирип токтоп калды. Шайыр бурчта башын кучактап бышактап ыйлап отуруптур. Аны карап аяп кетти. Атасы боор эти менен тең кызынын азабын жеңилдете албаганына арданып кетти. Көзүнөн салаа жаш кетирип туруп калды. Чыдабаска айла барбы?
ххх
– Кызды карап коюп тур! Баласына кайгырып жаткандай. Муунуп-суунуп албасын!- атасынын ушинтип шыбырап жатканын уккан. Угуп туруп уялып кеткен. Жо-ок, балага кайгырып өзүнө кол салчу адам эмес экен ал. Шайыр өзүндөгү кара өзгөй тарабын дааналап көрүп баштаган. Мына, анын ошол кара өзгөй, таш боор тарабы бир аз болсо да кайгырып койгон жок. Тек гана аз-маз өкүнүчү бар. А негизинен ал ичиндеги адамдыгындагы чекти ашып өтүп, эми эркин болуп калганын сезип баштаган эле. Ооба, эми баласы жок, жоопкерчилик жок, атасынын алдында арамзаланып кайгырган кишинин ролун аткарат да, анан “кой, шаарга барып иштеп алаксыйынчы” деп шылтоолоп бул тумчуктурган үйдөн жоголот.
Калипа эжесине, Света эжесине барат. Алар баягы жактан көчүп кетишпеди бекен?
ххх
Көчүп кетишпептир. Баласынын жерге берилгенине бир ай болгондон кийин Шайыр бир күнү келип баягы көп эркек байырлаган батирдин күрөң эшигин каккылаган. Калипа ачты да, нес болуп туруп калды.
– Эй, сен?..
– Ооба, мен!- баягы үңүрөйгөн Шайыр жок. Жайдарылана жылмайды.
– Апей, сени кайсы шамал айдап келди?
– Шамалы жок эле өзүм келдим.
– Эмнеге?
– Иштейм.
– А сен төрөдүңбү?
– Үйгө киргизесизби же ушул каалганы ачып алып сурак жүргүзөсүзбү?
– Чын эле десең, кир. Баланы айылга таштадыңбы?
– Жок! Чарчап калды бала… Жүрөк оорусу менен төрөлүптүр байкушум,-кайгырган кишидей улутунуп койду.
– И-ий, жаман болгон тура!- ушинтип аны аяп караган Калипаны алдыртадан сынай карады Шайыр. Баягы Калипа жок. Кыпкыска, денесине чапташкан көйнөктү кийген, бетин майда бырыш басып, жүзүнүн нуру кетиптир. Бетине боз ала болуп коюлган упа, эрининдеги эпсиз кызыл боёк уятсыздыктын белгисиндей көрүнүп турду.
– Сулуу болуп кетипсиз,- деди бирок Шайыр.
– Ха-ха… Жумуш ошентет экен. Жасанбасаң болбойт! Кардар үчүн да аракет кылыш керек экен.
Бул экөө Шайыр өлтүргөн наристеге секунд гана кайгырымыш болушту.
ххх
– Шакуня, идиш жууп, үй жыйнаган кыздын эми кереги жок. Ачыгын айтам, Калипа экөөбүз сен кеткен соң кадимкидей кезектешип жыйнап калдык баарын. Бул эми кет дегендик эмес сени. Каалашыңча жаша үйдө! Бирок акчасын бөлүп төлөйбүз. Кааласаң иште. Менде аябай жакшы жентльмен кардарлар бар. Ошолор менен иштеп адегенде көнүп ал,- Света бир башкача жагымдуулук менен кызга сүйлөп жатты.
– Анын үстүнө сен жашсың. Бааңды өйдөрөөк коёбуз! Мисалы, бир түн үчүн 10 миң алсак болот.
– 10 миң?
– Ооба. 2 миңин мага бересиң, 8ин өзүң ал. Кардарды өзүм таап берем.
ххх
Кыз калтырап кара терге түшүп чыкты. Азыр бул эшик ачылат да, анын үстүнө чоочун эркек кирет. Кыйч… Каалга козголгондо жүрөгү оозуна тыгыла түштү.
– Кирсем болобу, сулуу?- шаардык сымбаттуу жигит эшиктен башын салып жылмая сурады.
– Кир!
– Света эже сени “аябай коркок” деди го. Чочутуп албайын деп.
Эркектен акыркы көргөн кордугу көз алдына тартыла түштү. Кантип коркпосун?! Андай азаптан кийин кантип коркпосун? Бирок ошол коркунучту жеңиши керек. Коркунучту жеңип, азаптарды унутушу керек. Башка жол жок. Башка жолду көргөн жок.
– А сен коркутпа да,- кыз сыр алдырбай гана кылыктана жылмайды.
ххх
Калипа эмнегедир чочулап отурду. Баары бир психологиясы жайында эмес кыз деп билет Шайырды. Азыр да жаңжал салбаса экен деп тиледи.
– Бул коркунучтуу,- деди өзүнчө.
– Эч кандай коркунучтуу эмес. Жайында эле баары. Көрөсүң, бул алыска бара турган сойку болот. Мунун ичинде аялдык ишеним сынып калган турбайбы. Мындайлар, оо-о!- каш серпип койду Света.
(Уландысы кийинки санда)