“ДЕКРЕТТИК ӨРГҮҮДӨН КИЙИН ИШКЕ АЛБАЙ ЖАТЫШАТ”

Окурмандардан келген укуктук жааттагы суроолорго юрист Калыйнур Батыралиев жооп берет.

“ЭГЕР АЖЫРАШСАМ, КАЙНЕНЕМДИН АТЫНДАГЫ МҮЛКҮБҮЗ МАГА ДА БӨЛҮНӨБҮ?”

– Күйөөм экөөбүздүн баш кошконубузга 6 жыл болду, нике тууралуу күбөлүгүбүз жок, бир балабыз бар. Жашаганыбыздан бери үй салдык, машина алдык. Бирок үйдүн кызыл китеби жок, машинаны ишеним кат менен алганбыз, экөө тең кайненемдин атында. Эгер ажырашсам, үй, машина тең бөлүнөбү же кайненемдин атында деп эч мүлкү жок каламбы?

Айжан, Казарман

– Жубайлар нике тууралуу күбөлүгүн алган учурдан тартып гана мыйзамдуу түрдө аял жана күйөө болуп эсептелишет. Жубайлар мыйзамдуу түрдө аял жана күйөө болгондон кийинки мүлктөр алардын ортосунда тең бөлүнөт. Сиздер мыйзамдуу никеде турбагандан кийин ал үйдө жана машинада сиздин үлүшүңүз болбойт.

“ЖИГИТИМ 2 БАЛАМ МЕНЕН ТАШТАП КЕТТИ...”

– 7 жыл мурун жигитимден боюмда болуп калганда мени таштап кеткен, кыз төрөдүм, кызыбыз азыр 7 жашка чыкты. Жигитим башка кызга үйлөнгөн, бирок былтыр аны менен ажырашып кетип, кайра мени алган. Көпкө жашай албай экөөбүз дагы ажыраштык, азыр 7 айлык боюмда бар. Иштебейм, расмий баш кошуп нике тууралуу күбөлүк алган эмеспиз. Сотко берип балдарга алимент чектете аламбы? Улуу кызым да өзүмдүн атыма жазылган, кийнки балама да өзүмдүн фамилиямды берем.

Асема, Ош облусу

– Эгер жигитиңиз балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы катары көрсөтүлгөн болсо, сотко алиментти өндүрүү боюнча арыз менен кайрылууга укугуңуз бар. Эгер күбөлүктө атасы тууралуу эч нерсе көрсөтүлбөсө, анда биринчи кезекте сот аркылуу атасын аныктоо зарыл.

“БАЛДАРДЫ КЕЛИНЧЕГИМЕ БЕРБЕЙ КОЁ АЛАМБЫ?”

– Менин 2 балам бар, келинчегимдин учурда 4 айлык боюнда да бар. Ал ажырашам деп жатат, мен өзүм ичпейм, чекпейм, келинчегимди уруп-сабаган учур болгон эмес. Суроом: балдарды өзүмдө алып калууга укугум барбы? Жашоо шартым жол берет, өзүмдүн менчик үйүм, жумушум бар. Балдарымды кантип алып калсам болот?

Бакыт, Каракол шаары

– Балдарды бир эле атага же энеге берип салуу деген норма мыйзамда каралган эмес. Жубайлар балдардын ким менен жашай турганы тууралуу келишим түзүп алса болот. Үй-бүлө кодексинин 70-беренесине ылайык, балдардын жашай турган жери ата-энелердин макулдашуусу менен белгиленет. Макулдашуу жок болгон учурда, талаш-тартыш балдардын кызыкчылыгын көздөө жана балдардын ой-пикирин эсепке алып, сот аркылуу чечилет. Мында сот баланын ата-энесинин, эркек менен кыз бир туугандарынын ар бирине жакындыгы, баланын жашын, ата-энесинин ыймандуулук, дагы башка жекече сапаттары, ата-эненин ар бири менен баланын ортосундагы башынан келаткан мамилелерди, баланы тарбиялап-өстүрүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгү (иштин түрү, ата-эненин иш тартиби, ата-эненин материалдык жана үй-бүлөлүк ал-абалы жана башка) эске алынып, балдардын ким менен кала тургандыгын аныктайт.

“ДЕКРЕТТИК ӨРГҮҮДӨН КИЙИН ЖУМУШКА АЛБАЙ ЖАТЫШАТ”

– Мен 2012-2013-жылдары мектепте мугалим болуп иштедим жана 2013-жылдын 22-майында декреттик өргүүгө чыккам. Төрөгөндөн 4 айдан кийин директорго дагы декреттик арыз жазышым керек экен. Мен аны билген эмесмин. Арадан 4 жыл өттү, бул аралыкта мен иштеген жокмун. Жумушка чыгайын десем, 2 жылдан бери орун жок деп өзүмдүн мурунку ордума албай жатышат. Кайра кантип өз ордума жумушка чыгам? Менин ал жакта иштеген эмгек китепчем кандай болот?

Айсезим, Базар-Коргон району

– Декреттик өргүүнүн мөөнөтү 3 эле жыл. Сиз 1 жыл себепсиз жумушка чыкпаган болуп каласыз. Бул учурда жумуш берүүчүнүн иш-аракети мыйзамдуу деп эсептелинет.

“ЖОЛДОШУМ МЕНЕН КАНТИП МЫЙЗАМДУУ АЖЫРАША АЛАМ?”

– Жолдошум менен 6 айдан бери чогуу жашабайбыз, талак берген, бирок алимент төлөбөйм деп нике күбөлүгүбүздү алып Орусияга кетип калган. Анын макулдугусуз ЗАГСка барып мыйзамдуу түрдө ажыраша аламбы?

Бермет, Нарын облусу

– Үй-бүлө кодексинин 22-беренесине ылайык, жубайлардын ортосунда жашы жетпеген балдары болсо же никени бузууга жубайлардын бири макул болбосо, мүлк жагынан бири-бирине доосу болсо, никени бузуу сот тартибинде гана жүргүзүлөт.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан