«РЕАЛДЫН» ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗЫ ЭДЕН АЗАР МЕССИГЕ АТААНДАШ БОЛО АЛАБЫ?

Мадрид шаары. “Сантьяго Бернабеу” стадиону. 50 000 күйөрман. Дал ушунча адам “Реал Мадриддин” жаңы жылдызы, жаңы үмүтү Эден Азар менен жолугушууга келди. Ийгиликсиз сезон өткөргөн падышалык клуб былтыр жайында командадан кеткен Криштиану Роналдунун ордун толукташ үчүн 100 миллион еврону Азарды сатып алуу үчүн сарптады. Азардын көчөдөгү футбол талаасынан "Сантьяго Бернабеуге" чейин басып өткөн жолу тууралуу алдыда сөз улайбыз.

ЭДЕН МИШЕЛЬ АЗАР

Туулган жылы – 1991-жыл, 7- январь

Туулган жери – Бельгия, Ла-Лувьер шаары

Бою – 173 сантиметр

Салмагы – 76 килограмм

Жетишкендиктери – "Лилль" клубу менен Франция чемпиондугун жана Франция кубогунун жеңүүчүсү, "Челси" командасы менен 2 жолку Англия чемпиону, Европа лигасынын 2 жолку жеңүүчүсү, Англия Кубогунун жана Англия Футбол лигасынын Кубогунун ээси. 2018-жылы Дүйнө чемпиондугунда  Бельгия курамасы менен коло байгени багындырган.

Учурда – “Реал Мадрид” командасынын оюнчусу. Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы.

БАЛА КЕЗДЕН ЖҮРӨГҮ «МАДРИДДЕ»

“Реал Мадрид” – дүйнөнүн эң мыкты клубу. Мен жалган айтпайм, “Реалда” ойноо – менин бала чактагы кыялым. Эгер мадриддик клуб өзүнүн курамынан мени көргүсү келсе, эмне кылышты жакшы билет”.

Эден Азар, 2018-жыл.

Азар “Реал Мадридге” күйөрмандык кыларын жана бул командада ойноо анын кыялы экенин бир нече жылдан бери ачык айтып келген. Анын кыялы 2019-жылдын 7-июнь күнү ишке ашты. Мадриддик клуб аны менен 5 жылдык келишим түздү. Эми Азардын жүрөгү жана ойлору гана эмес, өзү дагы Мадридде.

Футбол талаасында күйөрмандар Азарды 10-катар саны менен ойноорун көрүп-билип калган, эми ал башка номерди алууга мажбур. Себеби Азардын жактырган 10-катар саны учурдагы алтын топтун ээси Лука Модричке таандык. Модричтен бул катар санды сураганда, ал баш тартып койгону маалым болду. Жаңы клубда ал кайсы катар санда талаага чыгат азырынча сыр бойдон калууда.

ЗИДАН – АЗАР ТАНДЕМИ

“Мен Зиданды абдан сыйлайм. Кичинекей кезимде мен аны кумир тутуп, Бельгияда жашасам да, Зидан үчүн Францияга күйөрмандык кылчумун. Эми аны менен чогуу иштешүү алдында турам. Бул мен үчүн өзгөчө сезимдер”.

Бул Азардын “Реалга” өткөндөн кийинки алгачкы сөзү. 20 жыл мурунку кумири эми анын насаатчысына айланды. "Реалдын" башкы машыктыруучусу Зинедин Зидандын бельгиялык оюнчуга болгон сүйүүсү да күч. 2009-жылы Зидан 18 жаштагы Азардын талантына баа берип, “Азар – келечектеги футбол жылдызы. Ал мыкты жана мындан да мыкты боло алат” деп айткан. 2010-жылы оюнчуну “Реалга” сатып алгыла деп сунуш да кылган жайы бар. Бирок ал кезде бул сунуш жөн гана сөз бойдон калган. Зидан менен Азардын чогуу иштешүү ниети эми ишке ашып, алдыдагы сезондо падышалык клубдун арабасын бирге тартышат. Күйөрмандар бул тандем “Реалдын” жаңы ийгиликтеринин ачкычы болот деп үмүт артышууда.

ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫН БАГЫНДЫРУУ

Азардын профессионалдык футбол карьерасы Франциянын “Лилль” командасынан башталат. 17 жашында ал старттык курамга кирип, 19 жашында Франция чемпиондугунун эң мыкты жаш футболчусу наамын эки ирет катары менен жеңип алат. Ал эми 2011-жылы өз командасы менен Франциянын биринчилигин жеңип, өзү чемпиондуктун мыкты оюнчусу аталат. 2012-жылы Чемпиондор Лигасын багындырам деген максатта ошол жылы аталган мелдешти жеңген лондондук “Челси” командасынын курамасына кошулат. 7 жыл ичинде лондондук клуб үчүн расмий 245 беттеш өткөрүп, 75 гол киргизген. Анын бул аракети клуб үчүн 6 титул алып келди. Бирок, тилекке каршы, алардын катарында Чемпиондор Лигасынын кубогу жок. Мүмкүн, Чемпиондор Лигасын катары менен 3 жолу жеңген “Реал Мадрид” клубу Азардын дагы бир кыялын ишке ашырууга жол ачат...

ФУТБОЛ МЕНЕН ДЕМ АЛГАН ҮЙ-БҮЛӨ

Азардын ата-энесин футбол табыштырган. Алар стадиондо, футболдук оюнда таанышып, кийин бул жолугушуу сүйүүгө, андан соң үй-бүлөгө айланган. Атасы Тьери Бельгиянын экинчи дивизионунда топ тепсе, апасы Карин Жогорку Лигада ойночу. Апасы Карин Эден Азар үчүн футболдук карьерасын жыйынтыктаган десек болот. Тагыраагы, кош бойлуу кезинде футболдон баш тартып, ошол бойдон оюн талаасына кайткан эмес.

Азардын 3 иниси бар жана алардын баары профессионал футболчулар. 26 жаштагы Торган быйыл дортмунддук “Боррусиянын” катарына кошулса, 24 жаштагы Килиан Бельгиянын “Серкль Брюгге” командасынын оюнчусу. Эң кичүү иниси Итан 15 жашта. Ал жергиликтүү “Тюбиз” командасынын чабуулчусу. Өспүрүм 15 жашта болгонуна карабастан ага кызыгышкан клубдар арбын. Алардын сап башында “Челси” турат. Эң кызыгы, бул 4 футболчунун тең футболдук агенти алардын атасы Тьери.

Эден бир туугандарынын ортосунда атаандаштык жок экенин билдирет, бирок ар бир сезондо Эден Торганга караганда көбүрөөк гол киргизүүнү каалайт. Себеби бир туугандардын ортосунда чакан мелдеш бар. Чемпиондукта ким азыраак гол киргизсе, ошол чогуу тамактануунун эсебин төлөйт. Бул сезондо дагы Азардын улуусу 16:10 эсебинде жеңүүчү болду.

Футболчулардын трансфердик баасын эсептеген Transfermarkt порталына таянсак, Азарлар эң кымбат бир тууган футболчулар. Аталган портал Эден Азарды 150 миллион, иниси Торганды 38 миллион еврого баалады.

КОРГООЧУЛАРДЫН КОРКУНУЧУ

“Лилль” клубунда ойноп жүргөн кезде Азар “коргоочулардын коркунучу” деген лакап атка ээ болот. Себеби анын дриблинги жана ылдамдыгы коргоочулардын жүрөгүнүн үшүн алат. Франция биринчилигинде жылдызы жанган футболчуну келечектеги “Алтын топтун” ээси деп айткандар да бар. Азардын “Реалга” өтүшү аны “Алтын топко” жакындатары анык. Албетте, эгер ал мыкты оюн көргөзө алса...

28 жаштагы оюнчу креативдүүлүгү жана акылдуу чыгарып берүүлөрү менен башкалардан айырмаланып турат. Азар Роналду же Месси сымал көп голдорду киргизбейт. Ал гол киргизүүнүн ордуна пас чыгарып берүүнү эп көрөт. Дриблинг жагынан Мессиге атаандаш болсо, ылдамдык жагынан Роналдуга тең келе алган оюнчу.

Азар Роналдунун ордун басып, Испания чемпиондугунда Мессиге атаандаш боло алабы? Аны алдыдагы сезондо баамдап билебиз.

Оңдон солго: Торган, Эден, Килиан Азарлар.
Жубайы Наташа менен үч уулду тарбиялап келишет.


Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kanybek121195
2019-07-08 14:35:03
Давай Азар бир үмүтүбүз сенде. Бирок Мбаппе менен Эриксен да Реалга келгенде ой ой оой эч ким тең келе алмак эмес Реалга.
0
keba300989
2019-07-12 14:29:50
Азарды сыйлачумун Роналдого айткан сөздөрүнөн кийин саткын экен деп ойлоп калдым РЕАЛды мундан аары колдобойм.
-1
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан