– Балам, Нурматтын кызы аябай жакшы кыз. Сүйлөшүп көрчү, ботом. Өзү да татынакай. Үй тиричилигине да тың. Келиниң тыпылдап үйдөгү да, эшиктеги да жумуштарды тызылдатып турса сонун да. Анан да жаркылдап чайын сунуп турса...
Апам болочок келини тууралуу кыялданып, бул сөздү миңинчи жолу кайталап маңдайымда отурат. Анысы ичимдеги сезимдерди буркан-шаркан түшүрүп жатканы менен иши жок. Нурмат байкенин кызы сулуу. Аны учурда айылдагы үйлөнөм деген балдардын баары аңдып турган чагы. Анткени ал апам айткандай, үй оокатына тың, үн-сөзү жок жумуш кылып жүрө берген жакшы келин болчу кыз. Анан да ал бул жылы мектепти аяктап жатат. Апамдын көңүлүн калтырбайын деп ал кыз менен сүйлөшүп жатам. Ал дагы менин билдирүүлөрүмө жакшы жооп берип жатат. А сүйүүчү? Мүрөк экөөбүздүн сүйүүбүзчү? Мен Мүрөктү муунуп дем ала албай калганча сүйөм. Сүйүү деген эмне экенин билесиңерби, билбейм. Бирок 2 айдан бери түндө уктай албай, уктап баратып ойгонуп кетип, көкүрөгүмдүн кысып ооруганынан буулугуп ыйлап, тамак жей албай өңдөн азып кеткенимди сүйүү дебей эмне дейм? Сени жолуктурбай калсам, Нурмат байкенин кызына үйлөнүп, балким, бактылуу жашамакпыз. Ал үчүн сени жолуктурган бүтүрүү кечеси болбошу керек эле. Дал ошол мен мектепти аяктап жаткандагы күн...
Балдар менен адатыбызча бири-бирибизди көтөрүп чаап ойноп жатып эле жанымдан өтүп бараткан сенин көздөрүңө көздөрүм чагылыша кеткен. Сенин жүзүң, уялыңкы жылмаюуң мени дендароо кылып салган эле. Өзүмдү жоготуп койдум. Оозум ачылып, сени караган бойдон катып калып балдарга шылдың болгом.
Сен бул күнү классташым Нуржанга жардам берип, кийинтип-жасандыруу үчүн келиптирсиң. Анын бөлөсү болот экенсиң.
Ошол секунддан баштап менин денемдеги ар бир клетканы ээлеп алган сен болдуң. Анда жаныңа даап бара албадым. Сенин карааның көрүнсө эле жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздагансыйт. Ошол күндөн тартып Нуржандын үйүнө кароолчу болдум. Күнү да, түнү да ошол үйдү кайтарам. Сен чыксаң эмне деп сөз баштарымды деле билбейм. Бирок ушул көк дарбаза менин түштөрүмдүн башкы каарманы болду. Бул кылыгымды өзүң да байкап жүрүптүрсүң, үчүнчү күн дегенде жаныма келдиң
– Кандайсың? Менин атым Мүрөк.
– М-ме-мен Айбек,- мен дагы деле сенин көздөрүңдө, сулуулугуңда чөмүлүп, эсимден танган абалда болчумун. Мектептин шок баласы сөз таба албай, кыздын жүзүн карагандан тартынып, денесинен кара тер кетип Мүрөктүн маңдайында турган. Сага жагыныш үчүн колумдан келгенин жасадым. Ал үчүн 3 жыл убактым кетти. Мына, жаңы гана сен мага көнүп келатканда апамдын Нурмат байкенин кызы тууралуу баянын бир күндө жүз ирет угуп коюп отурам. Мүрөк үчүн апам экөөбүз миң ирет кырылыштык.
– Апа, түшүнсөңүз, мен Мүрөксүз жашай албайм.
– Тигини кара, жашай албайм деп. Сопсонун эле жашайсың. Сураштырдым аныңды. Буга чейин турмушка чыккан турбайбы.
– Аны ала качып кетишкен. Аракеч экен. Эки ай эле жашаган аны менен.
– Жалгыз балама күйөөдөн чыккан немени алып беремби? Эл алдында жүзүбүз жарык болушу керек. Анан да сенден 3 жаш улуу болуп жатпайбы ал кыз.
– Ал сизге чайын куюп, тыпылдап жумушуңузду кылып берсе болду да.
– Нурматтын кызын аласың!
– Ээк, мага жок дегенде бир жолу өз жашоомду башкарганга мүмкүнчүлүк бересизби, апа?
Мына, бакытымды талкалаган стереотиптер. Алар мени кыйнашат. Кыйнап отуруп кайда жетелеп барышар экен? Апамдын көңүлүн ооруткум келбейт. Бирок анын мээсине сиңип калган түшүнүктү өзгөртүүгө чамам жеткен жок. Ошондуктан көкүрөгүмдүн жанчылып, жан дүйнөм караңгылап баратканына карабай, жакында Нурмат байкенин кызынын колун сураганга барам. Апама өзү тандаган келинин алып берем, өзү тандаган кудалары менен катташуусуна мүмкүнчүлүк түзөм. Мунун алсыздык же күчтүүлүк экенин билбейм. Бир гана апамдын көңүлүн оорутпашым керек экенин билем. Ошол эле убакта Мүрөк менен кошо максаттарым, жоголот. Мен, апам жана апамдын кыялындагы келин үчөөбүз калабыз. Балким, бактылуу болобуз. Ала качылып турмуш куруп, кийин ажырашканы, менден улуу болгону үчүн ташталганын билгенде эрдин тиштегилеп коңшу айылда Мүрөк отурган болот, мен берген белектерди бирден тытып... Бир гана нерсени тилейм, менин балдарым чоңойгончо коомчулук ушул сыяктуу жаңылыш жана маанисиз түшүнүктөрдөн арылып калса экен.
Айбек