Франциядагы имараттын дубалын кыргыз кызынын сүрөтү кооздоду. Сүрөт 20-24-июнь аралыгында Франциянын Сан-Бриё шаарында өткөн “Just do it” аталышындагы стрит-арт жана граффити фестивалынын алкагында кыргызстандык Basicolors арт-тобу тарабынан тартылган. Анда улуттук кийим кийген кыргыз кызынын сүрөтү жалпы аянты 100 чарчы метр жерди ээлеген.
Бул жаңылык менен Basicolors арт-тобу социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү. Белгилүү болгондой, фестивалга Франция, Италия, Германия, Түштүк Америка, Малайзиядан 30дан ашык сүрөтчүлөр катышышкан. Иш-чаранын алкагында сүрөтчүлөр бир жуманын ичинде көп кабаттуу имараттарга сүрөт тартышты. Мындан тышкары, шаардын борборуна бир канча арт-инсталляцияларды жасашты.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg