Коңшу Өзбекстанда 72 жаштагы пенсионер ЖОЖго тапшырды. Мындай маалыматты Өзбекстандын мамлекеттик тестирлөө борборунун башчысы маалымат жыйында айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, пенсионер Фергана мамлекеттик университетине документтерин тапшырган. Жогорку окуу жайга тапшырган карыя 1973-жылы кооперативдик техникумду аяктаган. Арадан 46 жыл өткөндөн кийин ал билимин жогорулатуу алдында турат. 2019-жылы Өзбекстанда жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандардын жашына чектөө коюлбай турганы жарыяланган.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg