ҮЙ ШАРТЫНДА ТИШТИ АГАРТУУ

Ар кандай факторлорго байланыштуу тиш саргарып, адамдын көркүн бузат. Ал үчүн үй шартында тишти агартуунун оңой жана бюджеттик жолун сунуштайбыз.

Керектелүүчү заттар:

Тамак-аш содасы – жарым чай кашык

Суутектин перекиси – 10-20 тамчы

Лимондун ширеси – 10-15 тамчы

Аралашманы даярдоо жана колдонуу ыкмасы:

Содага суутектин перекиси менен лимондун ширесин аралаштырабыз. Паста даяр! Стерилденген кебезди даяр болгон пастага малып, тиштин ички жана сырткы беттерин сүртөбүз. Лимон ширеси соданын даамын билдирбей, ооздун ичин жагымдуу жыт менен камсыздап берет. Сода тишке туруп калган кебер, өңөр сыяктуу тактарды кетирүүгө жардам берсе, суутектин перекиси агартып, бактериялардан тазалайт. Ошондой эле бүйлөдөгү айрым оорулардын алдын алып, ооз көңдөйүндөгү жаракаттарды айыктырганга жардам берет.

Эскертүү!

Эгер тишиңиз жана бүйлөңүз сезгенчээк болсо, бул аралашма менен сүртүү сунушталбайт. Ошондой эле процедураны күнүгө кайталоого болбойт. Аралашманы колдонгондон кийин жууп салбаш керек, жарым саат тамак же суу ичпей туруңуз. Колдонууну 2 аптага узартуу керек. Бул учурда таттуу, ачуу, өтө ысык жана тиш какшаткан муздак, ошондой эле кычкыл азыктардан баш тартуу керек.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nadia
2019-07-08 11:42:02
Мен ушуну интернерттен окуп, жасай коюп, бир апта тишим ооруп жургон.
+2
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан