ФУТБОЛ БОРБОРУН КУРУУГА ЖЕР КЕРЕК

Өлкөдө футбол жанданып, деңгээли улам жогорулап, калың элдин арасында күйөрмандары көбөйгөн сайын бул тармакта жаңы суроо-талаптар, муктаждыктар жаралып жатат. Алардын бири – заманбап футбол борборлорун куруу. Эми ушул боюнча сөз улайлы.

«ФИФА МЕНЕН АФК БЕРҮҮЧҮ ГРАНТТАР ЖӨН ЭЛЕ КҮЙҮП КЕТЕТ»

Кыргыз өлкөсүнүн Футбол федерациясы бир канча жылдан бери стадионду мындай кой, футбол борборлорун курууга ылайыктуу жер бөлдүрө албай убара тартып келет. Футбол борбору балдардын машыгуулары үчүн өз ичине бир нече табигый жана жасалма, ири жана кичинекей футбол талааларын, бассейн, медициналык пункт, машыгуу залдарын камтыйт. Футбол федерациясынын президенти Канат Маматовдун бул маселени көтөрүп келе жатканына бир топ болду. "Эгер мындай футбол борборунун курулушу ушул жылдын күзүндө башталбаса, анда ФИФА менен АФК берүүчү гранттар жөн эле күйүп кетет. Башка өлкөлөрдө мындай борборлорду мамлекет өзү курат, бизде болсо жадакалса жер бөлүп бербей жатат",- дейт ал. Анын айтымында, федерациянын жер тилкесине муктаждыгы президент, өкмөткө чейин айтылган, бирок маселе азыркыга чейин чечилбей келүүдө.

Азия Кубогунан кийин өлкөдө футболго болгон кызыгуу күч. Бирок өлкө ичинде 2 гана футбол борбору иштеп келет. Бул албетте, аздык кылат. Таланттуу балдарды өстүрүү үчүн биринчи кезекте бир канча талаалары бар футбол борборлорун куруу керек.

Футболдун келечеги жаш балдарды тарбиялоо, аймактагы таланттуу, футболго кызыккан балдарды спортко тартууда. Салыштырсак, Тажикстандын ар бир футболдук клубуна футбол академиясы түзүлсүн деген талап коюлган. Жыйынтыгында Тажик чемпиондугундагы ар бир командада өздөрүнүн футбол академиялары бар. Анын жыйынтыгы өткөн жылы эле байкалды. Тажикстандын өспүрүмдөр курама командасы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышты.

Ал эми бизде эки-үч клубдун гана ылайыктуу академиясы бар.

ФУТБОЛ БОРБОРУН КУРУУ ОЙЛОРУБУЗ БАР

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов да футбол борборлору үчүн жер бөлдүрүү маселесин чечүү кечиктирилип жатканын баса белгилейт:

– Билим берүү министрлигине караштуу бир эле "Эмгек Резерви" стадиону калды. Калган спорттук мекемелер биздин агенттикке өткөрүлгөн. Бул объектти да спорт агенттигине өткөрүү маселеси каралып келет, анткени ал стадиондун абалы кандай экенин баарыбыз билебиз. Спорттук агенттикке өткөрүлсө Футбол федерациясы менен иштешип, ФИФА менен кызматташып, ал жерге футбол борборун курсак деген ойлор бар. Өкмөткө деле бул маселе менен кайрылганбыз. Бирок иш жылган жок. Бул боюнча өкмөткө дагы бир жолу кайрылабыз.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
tynar92kg
2019-07-08 12:03:34
Окмот оз чонтогунун камын ойлоп журотта. Жаштардын келечегин ойлогонго убактысы жок.
0
Kuba-savai87
2019-07-09 04:15:29
Тикен баскан бош стадиондор турат го ошолорду эле сурабайсынарбы? Жаны жер эмес
0
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан