ХОЛЕЦИСТИТ- ӨТТҮН СЕЗГЕНҮҮДӨН КЕЛИП ЧЫККАН ООРУСУ

Көпчүлүк учурларда холециститти козгогучтар болуп ичегиден өт жолдору аркылуу өткө келип түшкөн микробдор эсептелет. Мындан тышкары, микробдор өткө кан жана лимфатикалык кан тамырлардан да өтөөрү белгилүү. Андай микробдорго ичеги таякчалары, стрептококктор, энтерококктор, стафилококктор кирет.

ӨТТҮН СЕЗГЕНҮҮСҮНӨ ЭМНЕЛЕР АЛЫП КЕЛЕТ?

Өттүн сезгенүүсүнө микробдордон тышкары:

  • ашказан, ичегинин оорулары;
  • ичте аскарида жана лямблия мите курттарынын болушу;
  • боордун жана өттүн урунуудан же башкадан жаракатка кабылышы;
  • иммунитеттин төмөндөшү;
  • дамамат ич катуу;
  • баш-аламан жана ашыкча тамактануу алып келет.

ХОЛЕЦИСТИТТИН ТҮРЛӨРҮ

Курч кармаган жана өнөкөткө айланган түрү болуп экиге бөлүнөт.

Холециститтин курч кармаган түрү
Оорутуу күтүлбөгөн жерден башталат. Оорулуунун дене табы көтө­рү­лөт, көңүлү айнып, кусат. Оң капталындагы кабырганын алды катуу оорутуп, жүрөк согуусу тездейт. Ооздун ичи ачуу чыла даамданат. Эгер өт жолу таш менен тосулуп калса, анда адам холециститтен тышкары сарыкка да кабылуусу мүм­күн.
Холецистит курч кармаганда түйүлүп оорутуу (приступ) келип чыгат. Бул бир нече күнгө чейин созулушу ыктымал. Ошондуктан, «качан басылат?» деп күтүп отурбай, дароо "тез жардамга" кайрылуу кажет. «Тез жардам» келгиче эч кандай дары ичпей, ооруган жерге ысык баспоо керек. Мисалы, кээ бир адамдар тузду, улпакты, ал тургай үтүктү ысытып басышат. Минтип ысык басуудан өт жарылып кетиши мүмкүн.
Курч кармаган холециститте өттүн катуу сезгенүүдөн ириңдеп же жарылып кетүү коркунучу күтүлөт.
Өнөкөткө айланган холецистит
Өнөкөткө айланган холециститте адам майлуу, ачуу тамактарды жегенде, ичимдиктерди ичкенде оң кабыргаларынын алды ноюп оорутуп турат. Күч келгендиктен, боор чоңоёт. Дене табы көтөрүлүшү мүмкүн. Ичтин өтүүсү же тескерисинче, ичтин катышы күтүлөт. Ич көөп чыгат.
Оору татаалдашканда өттүн өт каналдары боюнча жүрүшү бузулат. Өт сезгенүүдөн улам ириң­дөөгө өтүшү мүм­күн.
Өнөкөт холецистит :

  • калькулездүү (өттүн ичинде таштын болушу);
  • акалькулездүү (таштын жок түрү) болуп бө­лүнөт.
    Өттөгү таштын пайда болушуна сезгенүүдөн улам өт су­юк­тугунун физикалык жана химиялык тү­зү­лүшүнүн өзгө­рү­шү алып келет.

Диагнозду тактоо үчүн...

  • анализге кан тапшыруу;
  • УЗИге түшүү;
  • холецистография жана башкалар керектелет.

ДАРЫЛОО

Оорулуунун абалын жеңилдетүүчү каражаттар, антибиотиктер жана дары чөп чайлар колдонулат. Эгер дары-дармек менен дарылоо жардам бербесе же өттө таш бар экендиги аныкталса, анда операция сунушталат.
Өнөкөткө айланган түрүндө:
Диетаны сактоо (майлуу, ачуу тамактарды толугу менен четтетүү), минералдык сууларды пайдалануу, өттү кубалоочу каражаттарды кабыл алуу, витаминдердин комплекси жана башкалар сунушталат.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН

  • Ашкабакты эт тарткычтан же сүргүчтөн өткөзүп, ширесин куюп алуу керек. Анан күнүгө эки маал тамактан 30 мүнөт мурун жарым стакандан ичүү кажет.
  • Кара түрптөн даярдалып алынган ширеден күнүгө 1 аш кашыктан тамактан 30 мүнөт мурда 2-3 маал ичүү талапка ылайыктуу.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 231, 6-12-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан