9-июлда Таиланддын Чонбури провинциясында күрөш боюнча жаштар арасында Азия чемпиондугу башталды. Мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн атынан кыздар, балдар болуп, жалпысынан 16 спортчу грек-рим жана эркин күрөш боюнча күч сынашат. Мелдештин алгачкы күнүндө килем үстүнө 4 Кыргыз балбаны чыкты.
77 килограмм салмакка чейинки категорияда Акылбек Талантбеков өзбек жана кытайлык балбандарды жеңип, финалга чыкты. Финалда ирандык балбан менен кез келди. Беттеш ийгиликтүү башталып, алгачкы бөлүктү 3:0 эсебинде жеңип алган. Бирок экинчи бөлүктө иран спортчусу 6 упай алып, 6:3 эсебинде жеңишти илип кетти. Жыйынтыгында Акылбек Талантбеков күмүш медалга татыды. Бул күнү 63 килограмм салмактык ченде Нурсултан Махмудов жана 87 килограмм салмакта Азат Салидинов коло медаль үчүн беттеш өткөрүп, тилекке каршы утулуп, 5-орунду ээлешти. Ал эми 55 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Куттубек Абдыкерим уулу алгачкы беттешинде эле жеңилип мелдештен четтеп калды.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg