Мадриддик "Атлетико" командасы 19 жаштагы португалиялык Жоау Феликсти "Бенфика" клубунан сатып алды. Испан клубу футболчу үчүн 126 миллион еврону сарптаганын клубдун расмий сайты жазды.
Феликс эми португалиялык футболчулардын арасынан эң кымбат оюнчу болуп калды. Буга чейин эң кымбат португалиялык оюнчу болуп Криштиану Роналду саналып келген. Ал 2018-жылы "Реалдан" "Ювентуска" 120 миллион еврого өткөн.
Ошондой эле Феликстин "Атлетикого" өтүшү футболдогу эң кымбат трансферлердин төртүнчү сабында болуп калды. Эң кымбат трансферлердин сап башында Неймар, Килиан Мбаппе жана Филиппе Коутиньо турат.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg