ТҮРМӨДӨ 14 АДАМ НАНГА УУЛАНЫП КАЗА БОЛДУ

Тажикстандын түштүгүндө жайгашкан абакта 14 кылмышкер нанга ууланып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, 7-июль күнү абак жайында жаза өтөөчүлөрдү Хужанд жана Истаравшандан Дүйшөмбүдөгү Нурек жана Яван колонияларына жеткирип бара жаткан кербен жолдон 6 ирет токтогон. Тамактануу учурунда кылмышкерлердин бири 16 адамга 3 бөлкө нан тараткан. Жарым саат өтпөй кылмышкерлер өзүн жаман сезип, кускулары келе баштаган. Абакка жеткенде баары эс-учун жоготушкан. Дарыгерлер ууланган 16 адамдын ичинен 2 гана адамды сактап калышкан. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, атайын тергөөчү топ түзүлгөн.

 

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
deva
2019-07-17 16:20:30
Атайын эле жасашкан го дейм
0
katerina.li
2019-07-19 15:02:17
Нанга эч ууланбацт. Бир нерсе кошуп койгон окшойт
0
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан