2-июлда Американын Кентукки штатындагы Jim Beam спирт ичимдиктерин сактоочу кампадан өрт чыгып, 45 миң баррель (7 миллион литрден ашык) спирт ичимдигин жок кылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялашты.
Маалыматка таянсак, өрт кампага түшкөн чагылгандан улам чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруу бригадалары канчалык аракет кылбасын, төгүлгөн спирт ичимдиктери Кентукки дарыясына кошулуп кеткен. Жыйынтыгында дарыялардагы балыктар өлө баштаган. Жергиликтүү бийлик суудагы жандыктарды сактоо үчүн дарыяларга атайын аэраторлорду (сууну кычкылтек менен камсыздоочу аппарат) орнотууну буюрган.
Дамира Арстанова
koom@super.kg